Айбат » Ак үйдүн ичи күпө-күп, чака-чук

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ак үйдүн ичи күпө-күп, чака-чук

Ак үйУчурда ак үйдүн ичинде жүргөндөр деле эртең менен босого аттап киргенден заарканып турушканы сокурга деле көрүнүп турат. Чо-оң саясий өнөктүк өтөөр алдында дайыма эле бул “касиеттүү” жердин кан басымы көтөрүлүп тураарын бешиктеги бала деле билип калды. Анткени момпосуй соргонго жарабай калган чал-кемпирлер деле түн бир оокумга созулган теле көрсөтүүдөн бүйүрү кызып кетээри калп эмес. Кыргызча сай-сөөктү чага албаган өкмөт башчыны ортого алып демитип жатышса кантип каны мээге теппесин? Маңызын эзген депутат сөрөйлөр бир суроонун эле тегерегинде жүрүшөт шилекейин агызып. Мыктыбек гана мээсине мык какканда Оторбаевдин “чмосу” чыгып кечирим сурап жиберди. Калган суроолордун мазелүү экенин сезген жокпуз.

Жыйырма жылдан ашуун сүйрөлүп келаткан “Кумтөр” маселесин ошончо өкмөт башчы оң жагына чече алган эмес. Эми азыркы Жоомарт мырза эрдик кылып чечип берсе кана деген үмүттөн да айрылдык. Анткени алы жетпеген ишке киришпей эле коёюн деген төбөл арызын жолдоп акыры кетти. Тилекке каршы бүгүн бирди эртең башканы сүйлөгөн фракция башчылары кийинкиде деле эч нерсени кыйрата албайт. Бул жөн гана имитация. Минтип отурушса майда деле, октябрда деле “Кумтөр” илгерки калыбынан козголбойт. Болгону бир ууч жатып ичерлердин ашказанын гана майлай бермекчи. Мындан өлкөнүн капчыгы кампайып кетпейт. Дагы эле эски чапанын жамынганы жамынган.

Ал ортодо акылдуусунган алыстагы Садыр Жапаров өзүнө жан тарткан маалымат каражаттары аркылуу соккусун күчөтөт. Аны өтө сейрек инсан катары төбөсүнө көтөргөн депутаттар парламентте аброюн арттырууга ашыгат. “Айтпадык беле, бир гана Садыр паша жарайт ишке”, – деп опурулуп чыгышат. Капталдан Равшан Жээнбеков найзасын сунат баш бакан болмокчумун деп. “Менин долбоорум даяр, өлкөнү бейишке мен чыгарам”, – дегенден Ракең  бийликке көз кызартуудан кайра тартпайт. Араң турган Максат Сабиров “Бириңер калбай кеткиле, ордуңарга келчү киши даяр”,- деп оозундагы “огун” жаадырат. Ансыз да шайы ооп турган өкмөттү жакалоодон уялбагандар парламентте жок эмес, бар.

Башкаруучу деген коалициянын деле пикири бир орунда эмес экенин коомчулук көрдү. Бири-бирине кырын салгандыктан ортодон аркырап муздак шамал өтүп турат. Ар кимиси майлуу жерди өзүнө ыйгаргысы келет. Ушунун баары жакындап келаткан шайлоого байланыштуу. Булардын тилегени аман-эсен күздө кайра отурган орундарына жылуу-жумшак конуп алуу экени айдан ачык. Айтор ак үйдүн ичи күпө-күп, чака-чук. Көрөсүңөр “Кумтөр” эч качан элдин пайдасына иштебейт. Ашып кетсе бирин-экин атка минер кызматтан кол жууйт. Ал эми убактылуу ишин аткарып турган өкмөт мүчөлөрүнөн кимиси ордунда калаарын болжоо кыйын. Сөзсүз түрдө орун алмашуулар болбой койбойт. Ошентсе да башкаруучу коалициянын басымдуу депутаттары Өкмөт башчылыкка Темир Сариевди дайындоого макулдугун беришти. Бул тилектери толук ишке ашса “Ак-Шумкар” партиясы депутаттык мандаттан куру жалак калат. Беш жылдан бери апрель соту деле созулуп келатпайбы.  Далайдын канын дүргүткөн “Кумтөр” маселеси кантип аягына чыксын? Детективдер али алдыда, аман болсок чогуу көрөбүз тамашанын баарын.

Ж. Каарманбеков.

Айбат гезити №126



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru