Айбат » Башкы прокуратура билдирет: “Вечерний Бишкек” басылмасынын И.Илмиянов, Ф.Ниязов жана Э.Мамбеталиевге койгон дооматтары тастыкталган жок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Башкы прокуратура билдирет: “Вечерний Бишкек” басылмасынын И.Илмиянов, Ф.Ниязов жана Э.Мамбеталиевге койгон дооматтары тастыкталган жок

Башкы прокуратура“Вечерний Бишкек” басма үйүнүн жетекчилиги өлкө жетекчилигине кайрылуу жасап, президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов, өлкө башчысынын кеңешчиси Фарид Ниязов жана Эркин Мамбеталиевге доомат койгон эле. Мындан улам, президент А.Атамбаев кайрылууда келтирилген айыптоолорду тыкыр иликтөө тапшырмасын УКМК төрагасы менен Башкы прокурорго жүктөгөн. Ошондой эле ысымы аталгандарды кызмат абалына карабастан жазага тартуу тапшырмасын койгон болчу.

29-апрелде Башкы прокуратура бул окуяга байланыштуу билдирүү таратты. Анда айтылгандай буга чейин  “Вечерний Бишкек” басылма үйү И.Илмиянов менен Ф.Ниязовду кызмат абалынын ашыкча пайдаланып сотторго басым жасаган, ал эми Э.Мамбеталиевди опузалап тартып алуу, мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү жана арам акчаларды адалдаштыруу боюнча айыптаган.

 

Анын натыйжасында Башкы прокуратура менен УКМК кайрылуудагы айтылган айыптарды кылдаттык менен иликтеп чыгып төмөндөгүдөй чечимге келген:

 

1.“Вечерний Бишкектин” Э.Мамбеталиевге койгон айыптары жана күнөөлөрү тастыкталган жок.  

Кайрылууда Э.Мамбеталиев Кыргызстандагы эт бизнесин калкалайт деген айып боюнча Башкы прокуратура Ички иштер министрлиги (ИИМ), Экономика министрлиги, Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл жана ветеринардык коопсуздук инспекциясына караштуу “Кыргыз Эт” ассоциациясына кайрылган. Аталган мекемелер буга чейин Э.Мамбеталиев бир да жолу аларга кайрылбаганын тастыктаган.

Э.Мамбеталиев болсо учурда эч кандай мамлекеттик кызматта иштебей турганын айтып, ишкердик жана коомдук иштер менен алектенип жүргөнүн айткан. Ошондой эле ал А.Ким менен А.Рябушкинди тааныбай тургандыгын айтып, эт бизнесине тиешеси жок экенин белгилеген.

Мунун натыйжасында Э.Мамбеталиевге “Вечерний Бишкектин” койгон дооматтары далилденген эмес.

 

2. Ал эми И.Илмиянов, Ф.Ниязов жана Э.Мамбеталиевдин сотторго басым жасап жатканы тууралуу кайрылуу да дыкат иликтенип чыккан. Бул факты боюнча “Рубикон” ЖЧКсынын башкы директору А.Ким жана “Вечерний Бишкек” гезитинин башкы редактору Г.Кузьмин сурак учурунда колунда И.Илмиянов жана Ф.Ниязовдун сотторго басым жасаганы тууралуу далили жок болуп чыккан.

Басылмада иштеген «Vb.kg», интернет сайты, «Жаны Агым» гезити, “МСН” гезити, “Рубикон” ЖЧКсы жана типография (Н.Пихота, С.Швец, В.Куренева, А.Карелина, А.Касыбеков, Д.Маслова, Э.Темир, Т.Шабырова, А.Ходыкина, А.Тузов, С.Лаптева, А.Добровольский жана башкалар) кайрылууда көрсөтүлгөн Ф. Ниязовго, И. Илмияновго жана Э. Мамбеталиевге коюлган дооматтарга карата аныктоочу документтерге ээ эмес экендиктерин билдиришкен.

Мындан сырткары Башкы прокуратура тарабынан А. Рябушкиндин доосу боюнча ишти кароодо кимдир-бирөө тарабынан басым жасалганы тууралуу соттордон билдирүү келип түшпөгөнү аныкталды.

Мындан тышкары Ф. Ниязов, И. Илмиянов жана Э. Мамбеталиев Рябушкиндин доосу боюнча сот процессине кийлигишкени  боюнча коюлган айыпты Башкы прокуратура аныктай алган эмес.

А. Ким жана А. Рябушкиндин түшүндүрмөлөрү боюнча, өздөрүнүн далилдерин алар Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту жана Бишкек шаардык соту мындай чечимди өйдөдөн басым болбосо чыгара алмак эмес, анткени 2005-жылы бул маселе соттук талаштын предмети болгон, ал боюнча акыркы чечим бар деп түшүндүрөт. Мындан улам кайрылуунун авторлору болгону өздөрүнүн божомолдоруна таянып атат. Ал божомолдорун «депутаттар, өкмөттүн жана президенттин аппараттарынын кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, бизнесмендер» айтып жатат негизге таянышкан. Бирок ушундай маалыматты беришкен кызматтагы адамдардын аты-жөнүн айтуудан баш тартышкан.

 

3.Жогоруда айтылган кайрыуудагы акча каражаттарын чыгарып кетип аткандыгы тууралуу маалымат дагы такталган жок.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Ф. Ниязов, И. Илмиянов жана Э. Мамбеталиев тарабынан кандайдыр бир шектүү транзакция фактылары катталган жок.

Мындан улам, жолдонгон кайрылуудагы айыптоолор (сот адилеттигине жолтоо болуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, опузалап талап кылуу, мыйзамсыз баюу, мыйзамсыз ишкерлик, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, контрабанда) боюнча кандайдыр бир аныктоочу фактылар Ф. Ниязов, И. Илмиянов жана Э. Мамбеталиев тарабынан кылмыш жасагандыгы тууралуу аныктоочу фактылар табылган жок.

Айбат гезити №126




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru