Айбат » АКШ авиакаттамдары iPad’дын айынан үзгүлтүккө учурады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » АКШ авиакаттамдары iPad’дын айынан үзгүлтүккө учурады

Пилот, iPodАКШнын American Airlines авиакомпаниясы Apple компаниясынын Айпаддар үчүн чыгарган тиркемесиндеги кемчиликтен улам көптөгөн каттамдары токтотулганын айтып чыкты.

Айпаддагы тиркемени аталган компаниянын учкучтары учуу пландарын алуу жана окуу максатында колдонушчу.

2013-жылы American Airlines авиакомпаниясынын пилоттору ары-бери жүргөндө оор кагаздарды көтөрүп жүрбөстөн, мына ушундай Айпаддарды колдонуп башташкан эле.

Эми тиркемелер эмне үчүн иштен чыкканын, анын канча зыян алып келгенин компания териштирип баштады.

Тиркеме иштеп чыгарган Curbstand компаниясынын башчысы Серж Гойкович да учактагы жүргүнчүлөрдүн арасында болгонун, анын колундагы iPad тиркемеси да иштебей калганын айтып чыкты.

Ал өзүнүн блогуна Сан-Францискодон Лос-Анжелеске бараткан учактын пилоттору качан гана маалыматтарды кагазга басып келгенден кийин гана учак асманга көтөрүлгөнүн жазды.

Айбат гезити №126




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru