Айбат » «Замандаш» – мекенчил күчтөрдүн ордосу болдубу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Замандаш» – мекенчил күчтөрдүн ордосу болдубу?

Кыргызстандын мекенчил күчтөрү ынтымакка келип, биригүү аракетин көрүшүүдө.  Улутман уюмдарды “Бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгаралы деп “Замандаш” партиясы демилге көтөрдү.  Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген жүздөн ашык мекенчил уюмдар, 16 саясый партия, коомдук, саясый ишмерлер катышып, алар улутман күчтөрдүн Улуттук Конгрессин түптөштү. Конгресстин туруктуу иш алып баруучу аткаруу органы катары – Ордо кеңеш түзүлдү. Ага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер киришти.

Замандаш, конгресс

“Замандаш” партиясынын тең төрагасы Сапарбек Асанов мамлекетибизди жакшыртуу боюнча жаңы көз караштар менен идеяларды иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеп, бизге мамлекеттин кыргыз мүнөзү менен болгон өлкө керек экендигин айтты.

“Бүгүнкү күнү мамлекеттүүлүктү чыңдоо, эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү бекемдөө биз үчүн өтө олуттуу маселе болуп турат. Бул – мамлекеттин жашап турушунун негизи болуп саналат. Бул негиздер өлкөнүн бардык мекенчил күчтөрүнүн тынчын алып, өлкөбүздүн Мен мекенчил деген атуулдарынын бардыгынын башын бириктирип турушу керек деп эсептейбиз.

Конгресс мамлекеттин чыңалышына мүмкүндүк берип, пайда болгон көйгөйлөрдөн чыгып кетүүгө жол таап берерин күтөбүз.

Кыргызстан элдеринин руханий баалуулуктары биз үчүн  баалуу мурас болуп саналат. Этностук диаспоралардын бардык өкүлдөрүн биз бул маселе боюнча сүйлөшүүгө чакырабыз. Руханий баалуулуктарыбыз өлкөбүздүн түркүгү болуп, рухий баюуга жол берип, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө шарт түзүп бериши керек”, – деп билдирди тең төрага Сапарбек мырза.

Иш-чара соңунда Кыргызстандын улутман күчтөрүнүн  иш-аракеттерин координациялоо үчүн Улуттук Конгресс туруктуу иштеп туруучу аянтча болмой болду.  Ага бир катар партия лидерлери кирди.

Ордо Кеңештин алгачкы жыйынын да “Замандаш”  партиясы өткөрмөй болду.

Айбат гезити №126




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru