Айбат » Темирболот Абыкеев, Кара-Күнгөй айыл аймак башчысы: “Элибизде ынтымак болсун”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Темирболот Абыкеев, Кара-Күнгөй айыл аймак башчысы: “Элибизде ынтымак болсун”

Темирболот Абыкеев- Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жетишкендиктери жана кемчиликтери жөнүндө айта кетсеңиз?

– Биринчи жетишкендиктер жөнүндө айта кетсем,  Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө жол картасы боюнча 23 долбоордун бир долбоору аткарылбай калды. Жалпысынан болуп биздин Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө 34 миллион 500 миң сомдун тегеринде гранд тартылды. Эң алгылыктуу, мактана ала турганыбыз Кош-Дөбө айылына караштуу Кара-Күнгөй айылы  жетишкендиктен район боюнча биринчи орунду алды  бизди абдан кубандырат.  Бул боюнча кошмо жыйындын төрагасы  Курткаев  Таалай мырза  бир трансформатор коюп жеңип алдык. Экинчи жетишкен ишибиз  айылдар арасында облус  боюнча экинчи орунду жеңип алдык. Айыл ичинде  алгылыктуу иштерди комиссия көрүп ошонун жыйынтыгында бизге экинчи орунду ыйгарышты.  Дагы мактанычка татыктуу биздин айылыбыздын ичи толугу менен асфальтталып  бүттү. Эки айыл ортосундагы 12 миллион 600 миң сомдук заманбап  көпүрө салынды. 2014-жылдын аткарылбай калган 1 долбоор калды деп жатпайбызбы, “билайн “компаниясынын уюлдук станциясын курдуруш керек эле, аныбыз 2015, 2016-жылга калып калды. Калган жол картасын толугу менен аткарып бүттүк. Ичибиздеги  жазала турган иштерди айтсак, Кара-Күнгөй айылынын  БСРди (суу сактагыч)  10 миллион  300 миң  сомго оңдоп, кайра калыбына келтирдик. Мындан тышкары элдин жардамы менен айылды көрктөндүрүү жана  жашылдандыруу иштери  катуу кызуу өттү.

- Сиздердин айылда гана улуу инсандардын сүрөттөрү илинип турганы жөнүндө айтып берсеңиз?

– Биздин бизнесмен  байкелерибиздин жардамы менен Кара-Күнгөй айылына  50 зым карагайыбызга  түнкү чырактарды койдук, ал жарыктарды орнотуп тим болбостон   биздин айылдын атактуу адамдардын баннерлерин  илдик. Ал баннерлердин үстүндө сүрөттү турса ал эми астына  ал кишинин  кандай жумуштарда иштегендиги, эмгектери, алган сыйлыктары жөнүндө аныктама берилген. Ал эми кемчилигибиз былтыркы жылдын суунун тартыштыгынан  көп жерлерибиз  мурдагы жылкыдан түшүмүбүз азайды. Кээ бир жерлерден 40 центнерден, кээ бир жерлерден 80 центнерден  орто эсеп менен биздин айылга 20 центнерден айланып калды. 2013-жылы 24 центнерден 26 центнерге чейин айланган. Суунун тартыштыгынан чөптүн 3 чабыктарын ала албай калдык.

-  Элге каалоо тилегиңиз кандай?

– Кыргыз Республикабыздын президентти Алмазбек Шаршенович 2015-жыл экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялады. Экономиканы чыңдоо боюнча биздин айыл өкмөтүндө алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Ошол кыргыз жеримдин экономикасы өсүп, өнүгүү жолуна түшөлү. Элибизде ынтымак болсун, биримдик болуп аманчылыкта жүрөлү.

Айбат гезити №126



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru