Айбат » Жаштар курултайы Ысык-Көлдө болуп өттү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жаштар курултайы Ысык-Көлдө болуп өттү

Мирлан Шеримкулов25-апрель күнү Ысык-Көл облусундагы Бактуу-Долоноту айылында жаштар курултайга чогулушту. Көчмөндөр оюнуна реконструкцияланган ат майданда өткөн курултайга Ысык-Көл облусунун булуң-бурчунан мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган жаштардын өкүлдөрү чогулушкан. Жаштар курултайына облус боюнча 3500 делегат чакырылган. Анда активисттер парламенттик шайлоо алдында өлкөбүздө туруктуулук сакталып, өкмөт экология боюнча, Кумтөр кени боюнча көлдүктөрдүн кызыкчылыгына төп келген чечим кабыл алышы керек деген талаптарын коюшту.

Курултайга жаштар жана миграция министринин орун басары Марат Нуралиев, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, экс-министр Алмамбет Шыкмамтов, коомдук ишмер Өкмөтбек Алмакүчүков, Баткен окуясынын катышуучулары чакырылып, катышышты.

Курултайдын уюштуруучусу Мирлан Шеримкулов  курултайдын негизги максаты – жаштарды ынтымака чакыруу – экендигин билдирди:

- Президентибиз тарабынан 2015-жыл мамлекеттүүлүктү бекемдөө, эгемендүүлүктү жана көз карандысыздыкты сактоо, экономиканы өнүктүрүү жылы деп жарыялангандыктан жаштар дагы мамлекеттин өнүгүшү үчүн өз салымдарын кошууга абдан кызыкдар. Туризмдин убактысы жакындап келе жатат, ошол эле малда жергиликтүү жашоочулардын укуктары тебеленген учур көп кездешет. Ошондуктан жергиликтүү жашоочулардын укуктары сакталышын жаштар бийлик өкүлдөрүнөн талап кылышат.

Курултайда жаштардын саясаттагы жана коомдогу орду, өлкөдөгү экономикалык кырдаал, Кумтөр маселелери туурасында кызуу талкуу жүрүп, суроо-талаптар, сунуштар айтылды.

Алмакүчүков, Турсунбеков, Текебаев“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, жаштар тарабынан көтөрүлгөн демилгени колдойт:

- Ысык-Көл жаштары акылмандар, ак сакалдар көтөрө турган идеяны айтып, бүтүндөй өлкөнүн жаштарын мамлекеттин бүтүндүгү, өлкөнүн келечеги, бакубат экономика үчүн биригип, жаштардын кыймылын түптөйлү деген демилгеси абдан маанилүү – деп белгилеген Ө.Текебаев, – Биз силердин демилгеңерди колдойбуз жана силер менен сыймыктанабыз. Кыргызстандын азыркы мамлекеттүүлүгүн түзүүнүн башаты дал ушул Ысык-Көлдөн 1843-жылы башталган. Силерге окшогон жаштар жана аксакалдар чогулуп Кокон хандыгынан бөлүнүп чыгабыз деп бүткүл Кыргыз элине жар салып, хан көтөрүшкөн.

Ошондуктан мындай иш-чаралар – мамлекеттин бүтүндүгүн, саясий экономикалык туруктуулугун камсыз кылат», – деп кошумчалады.

Иш-чарада КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков да көтөрүлгөн демилгени кубаттаарын айтты. Келерки жылы 400 чакырымды түзгөн Ысык-Көл облусунун айланма жолунун курулушу башталарын жарыя кылды. Ал жогорку категориядагы жол болоруна ишендирди. Маселе азыр өкмөттө каралып жатыптыр.

Курултай

Жыйында көтөрүлгөн үч маселе боюнча резолюция кабыл алынып, анын негизинде президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдонду. Эми мындай курултайлар Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлмөкчү. 31-августта жаштардын жалпы республикалык курултайы болот.

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №126



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru