Айбат » Расул Умбеталиев, “Кыргыз Көмүр” ишканасынын мурдагы жетекчиси: “Мен кайдан акча таап жатканымды айтпайм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Расул Умбеталиев, “Кыргыз Көмүр” ишканасынын мурдагы жетекчиси: “Мен кайдан акча таап жатканымды айтпайм”

Расул Умбеталиев“Кыргызкөмүр” ишканасынын мурдагы жетекчиси Расул Умбеталиев маалымат жыйындарын уюштурууга шыктуу саясатчы десек болот. Коомдо жалпы саясатчылар эки түрдө кызмат аткарат экен. Биринчиси буйрукчул саясатчылар. Алар чечим чыгарат. Калган саясатчылар анын сценарийин ишке ашырат. Коомчулукта Расул Умбеталиевди аткарууга аябай шыктуу саясатчы деп айтып калышат. Расул мырзанын АКИпрессте берген маалымат жыйынында энергетика тармагы тууралуу айтып жатып, “бир топ чиновниктер коррупциялык иштери үчүн суракка алынышы керек, күнөөсү далилденсе камалышы кажет” деп билдирди. Ырасын айтканда ансыз деле азыркы тапта коррупцияга каршы күрөш жүрүп келет. Анын башкы демилгечиси мамлекет башчысы болгондугун да тана албайбыз. Расул мырза, коррупция тууралуу оозанып калганынан улам, маалымат жыйынынан соъ ал тууралуу буга чейин маалымат каражаттарында жазылып, айтылып келген коррупциялык иштерге тиешеси бар деген маалыматтар боюнча суроо узаттык.

- Расул мырза, партиялашыңыз Аида Салянованын күйөөсү Бишкек жылуулук борборуна көмүр жеткирүүдө коррупциялык иштерге аралашканы боюнча кылмыш иши козголду. Эмне үчүн муну убагында айтып чыкпадыңыз?

– Бул боюнча мен эч нерсе айта албайм. Анткени ал убакта бул тууралуу жетиштүү далилдер болгон эмес. Бул боюнча прокуратура карап жатат.

- Сиз убагында ири көмүр кендерин жетектедиңиз эле. Ошол мезгилде сизге карата кылмыш иши козголгонун айрым гезиттер жазышты. Буга кандай комментарий берет элеңиз?

– Мен болгонун болгондой эле айтам, эч кимден коркпойм. Мен баарын ачык эле айтканым менен мени атайын жамандап каралаганга аракет жасап жатышпайбы.Таш-Көмүрдөгү, Көк-Жаңгактагы көмүр боюнча мени жамандашып жатат. Ал жерде эч кандай уурдоо-тоноо болгон эмес. Иш козголуп, анын баары текшерилип, күнөөлүү эмес экендигим далилденип, иш кайра жабылган. “Кыргызкөмүрдө” да иштедим. Ал жерде да иш козголгон. Бул боюнча Биринчи май райондук соту карап чыгып, эч кандай күнөөлүү экендигиме далил тапкан эмес. Бул 2002-жылы болду. Мен кайда иштесем да эч кандай зыян келтирген эмесмин. Урдаган да, тоногон да эмесмин. Прокуратура органдары болсо, сот болуп жаткан жерде менин күнөөмдү далилдей алышпады. Өздөрү сот залында арызынан баш тарткан. Прокуратура мени күнөөлүү деп таба албагандан кийин мени ким күнөөлүү деп айтмак эле.   Мен тазамын мени ким каралаганга аракет жасап жатат билбей жатам.

- Сиз байма-бай маалымат жыйынын өткөрүп турасыз. Ошондон бир майнап чыгып атабы?

– Бул менин атуулдук парзым, мамлекет экономикалык кризисте турганда баарыбыз четте карап турбай күрөшүшүбүз керек. Ошондуктан мен жалпы кыргызстандыктарга негизги көйгөйлөрдү айтып чыгып жатам. Бул жерде майнап чыгып жатабы деген суроого, албетте майнап чыкса, чыкпаса да биз жарандык, атуулдук үнүбуздү билдирип турушубуз керек.

- Сиз эч жерде иштебейсиз. Сыр болбосо, маалымат жыйынын өткөрүүгө каражатты кайдан аласыз? Кимдир бирөөнүн заказын аткарып аткан жоксузбу?

– Мен убактылуу бошмун. Мамлекеттик жумушта эмесмин, бул чындык. Мен кайдан, кандай акча таап жатам, бул боюнча силерге айтпайм.  Мени менен саясатта көз карашышыбыз бир, тарапташ саясатчылар бар. Алар менен мамилем жакшы. Бирок, мен алардын көз карашын билдирүү үчүн эмес, жеке көз карашымды билдирүү үчүн көйгөйлөрдү айтып чыгам. Тилекке каршы муну айрымдар башкача түшүнүшөт.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №126




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru