Айбат » Эргежээл партиялар тепсендиде калат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эргежээл партиялар тепсендиде калат

ШайлооПартиялар мындан кийин айдаган эчкисинин көлөмүнө жараша ышкыра турган абалга кептелди. Анткени шайлоого коюлучу күрөөнүн деңгээли 5 миллион сомго көтөрүлдү. Коомчулукта муну колдобогондорго караганда колдогондор арбын. Анткени мындан ары үч кишини ээрчитип алып партиям бар дегендердин буту кыскарат. Ал үчөөнүн балээни 5 миллионго алы жетмек беле? Жеткен күндө да ошончо акчаны шамалга чачып жибергидей алар жинди болуптурбу? Тыйын санаганды булар абдан жакшы үйрөнүшкөн. Негизи күрөөнү көбөйтүп абдан жакшы кылышты, анда талаш жок.

Азырынча “Республика” менен “Ата-Журт” бириккенин билебиз. Кээ бирлери чала-була жупташа калып кайра ажырашты. Бул эми партиянын табиятынан. Башында жактырышкандар, кайра эле бет карашпай калгандары эч кимди деле таң калтырбайт. Маселен “Эмгек” менен “Өнүгүү” партияларын деле жогору жактан колдобой коюшуп баштары кошулбай калды го. “Бир болдун” талаптарынан заарканган “Бүтүн Кыргызстан” өз алдынча кетүүнү тандады. Бирок өлкөнүн бүтүндүгүн каалаган айрым майда партиялар буларга кошулуп жатат. Канткен күндө да бешинчи чакырылышта “Бүтүнчүлөр” аз жерден парламентке илинбей калышкан. Негизи ошондо адилетсиздик чечим кабыл алынып калганын коомчулук билди.

Учурда “КСДП” менен “Ата-Мекен” партияларынын тизмесине кирүү үчүн болгон далалат катуу. Ким болсо деле миллиондогон каражатын самандай сапыргысы келбейт. Ошондуктан таасирдүү ортомчуларды ортого салып, алдыртан аркардай көзүн жоодуратып карап турушат. Бирден жыйырмага чейинки орундар реалдуу болгондуктан ага төлөнүүчү каражаттын баасы дагы асмандайт. Бул – кызылдай чындык. Болгону гендердик саясаттын айынан айымдарга жеңилдиктер берилээри анык. Себеби, акыл-эстүү, билимдүү, кадырлуу айымдарды күндүзү шам жагып табуу кыйын. Баары эле Динара Исаевадай чириген бай эмес да. Чамасы ага эмес анын акчасына бөк түшкөн эргежээл партиялар кызыкпай койбойт. Бирок тиш кагып калган Динара айым күчтүү делген партиянын курамына кирүүгө куштар. Себеби мандатсыз калууну ал каалабайт. “Кайсыл көпөс бий тандаса ал сөзсүз аткарылат” деген сөздүн кымындай калпы жок.

Арийне, кыл чайнап болсо дагы парламенттен мандат алууга аттанчу партиялардан деле уучубуз куру эмес. “Замандаш”, “Эмгек”, “Биримдик”, “Бир-Бол” сыяктуу партиялардын лөктөрү чүкөлөрүн өкчөп турган кези. Башында тургандардын байлыгы опол тоодой. Ошентсе да кооптонуу бар. Кандай болгон күндө да этияттап иш кылбаса кырдан кулап кетиши ыктымал. Ошондо же саан уйдан жок, же байлаган аркандан жок калышы өкүнүч туудурат. Саясат деген сайдан терип келген топ ташка түк окшобойт. Кыраатына келтирип комузду күүлөбөсө андан жагымдуу обон чыкпай тургандай эле кеп. Бүгүнкү саясаттын мүнүшкөрү болуу ар кимдин эле колунан келе бербейт.

Эмнеси болсо да партияларга жан кирип, бийик дөңсөөдөн турнабай салгандар көбөйдү. Баарынын эле бийик тоого чыксам дегенде эки көзү төрт. Эңсегенине колу жетпесе дагы беш жыл күткөнгө мажбур болот. Оппозициячыл партиялар деле күзгү шайлоонун камын көрүп жатат. Айрыкча жең ичинен келчү каражаттын эсебин табууга жанталашып турган кези. Мунун деле жөнү бар. Алар көбүнчө акчанын күчүнө ишенишет. Ким билет, өткөн бешинчи чакырылыштагыдай болуп марага кирип келүүгө камданып жаткандары бекеринен эместир. Эми бактысынан көрөт да. “Кеп чынынан бузулбайт”- дегендей бул жолу аты-жыты жок эргежээл партиялар тепсендиде калаары бышык. Эбин тапкандар гана эптеп бир партиянын этегине эрмешпесе көбүнүн тагдыры туңгуюкта. Калган сөздү убагы келгенде улантаарбыз.

Ж. Табылганов.

Айбат гезити №126



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru