Айбат » Мирбек Абдыраев: “Жаш болсок да маңыздуу жумуштарды кыла алдык”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Мирбек Абдыраев: “Жаш болсок да маңыздуу жумуштарды кыла алдык”

Мирбек АбдыраевАт-башы районунун камчыга сап уулдарын бир демократ, коомдук иштерге активдүү катышуу менен  мекенчил кыргыз деп күйгөн жигиттерди бир Мирбек мырза бизде аймактагы көйгөйлөрүн ортого салды.

- Ат-Башы районунда жер айдоо кандай болуп жатат?

– Биздин райондо жаздык үрөн айдалат. Бизде азыркы тапта район боюнча 35 тонна будай керектелет, мындан тышкары 627 тонна арпа керек. Бүгүнкү күндө район боюнча  627 тонна арпанын  200 тоннасы жетпей жатат. Мунун себеби, барыңарга белгилүү,  кыш катаал болду, биздин райондо да катаал болуп  болгон тоюттун барын, үрөндүк арпаларды  малга берип таштаганбыз. Ошого байланыштуу  ар кандай жактарга  билдирме жазганбыз, жогорку жактан үрөн суралды. Бирок бизге болгону 27 тонналык үрөндүк арпалар келди, калгандарын  товардык түрдө базардан сатып алып себүүдөбүз. Бизде мындан тышкары биздин район мал жандуу келгенге байланыштуу вакциналар өз убагында келбей жатканыда бизди кыйноого салууда. Ошол вакциналар өз убагында келип турса бизге да жеңилдик болот эле. Дагы кошумчалай кетсем  техникалардын эскилиги жетти, эгин айдоодо, чабууда комбайн техникалары да бир топ кыйынчылыкты жаратууда.

Элдер жердин курамын мыкты деңгээлде кармаганга аракет кылып жатат, бирок ошентсе да жерге көңүл буруп туруш керек мисалы калций, азот ж.б ушундайлар керектелип турат. Булардын кайсыны керек экендигин жерди текшериш керек, аны текшертели десек бизде лаборатория жок болуп жатат. Бишкекке алып барып текшерткенге жолубуз  450 км  болуп алыс болуп жаткандыгына ал жака барыш кыйынга туруп калат. Өкмөтүбүз ушул Нарынга бир лаборатория салып берсе жакшы болот эле.

- Райондо кандай көйгөйлүү маселелер болуп жатат?

– Бизде Кызыл-Туу деген  чоң айылыбыз  бар, ал жердин сугатка керектелүүчү суу маселеси бар эле, азыр ал жерлерге каналдар курулуп кичинеден чечилип келе жатат. Бирок бул маселе чечилип келе жатканы менен  биздин районубуздун элдерине  таза суу керектелип жатат, бизде союз убагынан калган калонкалар бар эле аларда жарактан чыгып, элдер жерден сордуруп ичип жатышат. Даратканасы  турса анын жанынан жерди касып суу сордуруп аны колодонуп жатат. Бул биздин элдердин ден-соолугуна зыян болуп жатат, жаш балдарыбыз  сарык оруусуна  чалдыгышы мүмкүн. Бизде борбордук конализатция жоктугуна байланыштуу таз суу  районубуздун көйгөйлөрдүн бири болуп жатат.

- Райондогу уюмдарды жетектеп жаткан  жаштар менен кандай иштерди алып барып жатасыңар?

– Бизде 19 айыл бар анын ичинен 11 айыл өкмөт бар. Ошол 19 айылдын жаштардын жетекчилери менен, мындайча айтканда лидерлерин райондук деңгээлде бир калпак, бир желектин , бир түндүктүн астында иш алып баралы деп жаңы Ат-башы жаштары деген уюм түздүк. Биз буга чейин Ат-Башы жаштары  көптөгөн иштерди кылып келдик, эми кийинки жаштарга өткөзүп берип жаңы курам түзүп чыкканбыз. Биз Ат-Башы жаштары жаш болсо да маңыздуу жумуштарды кыла алдык. Алардын ичинен  кытайлардын “Чайнар от” компаниясы менен 6 км, 300 метр жолго асфальт төшөөдө  көмөктөшүп 2 жыл бекер жардамдаштык, мындан тышкары былтыр Апрель айларында  ошол эле “Чайнар от” компаниясы менен келишим менен  Ат-Башы жаштары уюму менен иштешип, бүгүнкү күнгө чейин алар менен иш алып барып жатабыз. Алар бизге 33 миң долларлык футболдук кичи аянтча салып берди. Дагы башка жумуштарды биргеликте кылдык.

Бизде райондук спорт комитетибиз бар эле, ал комитетибизди жаап салышты. Райондук комитетти жаап салып, облустук кылып салышты. Бул жакта алардын бир өкүлү болуп жатат. Эң өкүндүргөнү ал өкүл деген статус  алып  жатат, мындайча атканда координатор болуп калды, мамлекеттик кызмат эмес . Ал областтан келип райондун кызыкчылыгын  коргоп бербейт деген маселе болуп жатат.  Ал акча маселесин чече албайт экен, ал бюджет маселесин чече албайт, баардыгы облус  чечип берет. Спорт комитети маданиятта, спорттук жаатта жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатты эле да, эми кайра артка кеткени жатат.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №126




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru