Айбат » Бишкектеги Тынчтык проспектисине Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкектеги Тынчтык проспектисине Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилет

Чыңгыз АйтматовЖогорку Кеңештин жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, бир топ коомдук ишмерлер улуу жазуучунун атын Тынчтык проспектисине берүү демилгесин көтөрүп келе жатышат.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезектеги жыйынында Тынчтык проспектисине Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү демилгесин көтөрүп чыгышты.

Буга чейин да аталган демилге шаардык кеңештин, ЖКнын депутаттары жана бир катар коомдук ишмерлер тарабынан көтөрүлгөн.

КСДП фракциясынын депутаты Валентина Лисниченко 2013-жылы Бишкек шаардык кеңеши көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө беш жылга мараторий коюу боюнча токтом чыгаргандыгын эске салды.

“Бирок, атын өзгөртүү боюнча абдан көп кайрылуулар келип түшкөндүктөн, биз токтомго өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатабыз”, — деп айтты депутат.

Жыйынтыгында, депутаттар көчөгө улуу жазуучунун атын ыйгаруу боюнча демилгени бир добуштан колдошту.

Булак: Sputnik

Айбат гезити №126



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru