Айбат » Кыргыз мадинияты Түркияда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргыз мадинияты Түркияда

Жаш таланттарТүркияда өткөн жаш таланттардын фестивалынан Кыргызстандыктар ийгиликтүү кайтышты. 23-25 – апрелге чейин түрк жергесинде өткөн эларалык “Назилли” фестивалына Жумгал районунан чыккан “Кызарт” бийчилер тобу катышып келди. Алар учурда популярдуу болуп жаткан “Жалын бийи” жана “Кыргыз бийи” аталышындагы чыгармаларга бий кыймылдары менен жан киргизди. Фестивалга Кыргызстандан тышкары Грузия, Абхазия, Азербайжан сыяктуу тогуз өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар бийлеп гана тим болбостон, ар кимиси өз маданиятын, каада-салт, тарыхын тааныштырганга үлгүрдү. Белгилей кетсек, “Кызарт” тобунун уюшулганына 6 жылдын жүзү болду. Топ – кичүү, орто жана улуу муундагылар болуп 3 тайпага бөлүнөт. Алардын ар бири 12 бийчиден куралган. Топтун көркөм жетекчиси Айгүл Абдылдаева – фестивалдын эң сыйлуу коногу Кыргызстан болгонун айтат. Мындан улам, кийинки иш-чараларга да чакыруулар түшкөн.

“Декабрда Жумгал районунда кыргыз бийи боюнча кароо сынак өткөн. Ошондо биздин мектептин бий тобу жеңип алган. “Түрксой” өкүлү катышкан жыйында алар тараптан Түркиядагы фестивалга чакырык алганбыз”,- деди “Кызарт” бий тобунун көркөм жетекчиси  Айгүл Абдылдаева.

“Мен Кыргыз бий кружогуна активдүү катышууга Атам Нургазиев Шамшыбектин убагында бий менен алектенгени дагы чоң жардам болду. Ата-Энемдин колдоосу менен Турцияга барууга абдан даярдандым, акча каражатын толугу менен Ата-Энем бир туугандарым көтөрүп беришти. Бул саамалыкка катышуубуз биздин айылда абдан жакшы жышаан болуп, колунан келгени бардыгы туш тараптан колдоо көрсөтүп жатышты. Бий тобунун көркөм жетекчиси Айгүл Абдылдаева эжебизге дагы ыраазычылык билдирип кетким келет, Себеби эжебиздин аркасында жер көрүп, ийгиликке жетишип келдик. Мындан ары дагы кыргыз бийин өнүктүрүүгө салымыбызды кошуп келебиз деген ойдомун.- дейт “Кызарт” бий тобунун мүчөсү, фестивалдын активдүү катышуучусу Шамшыбеков Аскат.

Айбат гезити №126



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru