Айбат » Казакстандык белгилүү ырчы Батырхан Шукенов Москва шаарында жүрөгү кармап каза болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Казакстандык белгилүү ырчы Батырхан Шукенов Москва шаарында жүрөгү кармап каза болду

Батырхан ШукеновОрусиядагы белгилүү “А’Студио” тобунун мурдагы фронтмен-солисти Батырхан Шукенов алдын ала маалыматтарга караганда Москвадагы өз батиринде 29-апрелге караган түнү инфарктка кабылган. Любовь Успенскаянын айтуусу боюнча тез жардамга келген медициналык унаада тийиштүү шаймандар болгон эмес, ал эми тийиштүү шаймандары бар экинчи унаа ырчыны сактап калганга келип жетишпей калган.

Батырхан ШукеновРоссиянын шоу жылдыздары Алексей Чумаков, Александр Маршал, Аркадий Укупник, продюсерлер Максим Фадеев жана Игорь Крутой, актриса Ольга Кабо, “А’Студио” тобу, ырчы Любовь Успенская жана башкалары 29-апрель күнү Боткин бейтапканысы алдында ырчынын денесин алып кеткен унаа бейтапканадан узагычакты Батырхан Шукеновго аплодисмент менен кол чаап узатышты.

Анын үй-бүлөөсү АКШда болгондуктан Москвага эмес, түз Алматыга учуп барышарын билдиришкен. Батырхандын агасы Бауржан Шукенов билдиргендей ырчыны акыркы сапарга узатуу 1-май күнү Алматыда, Жамбыл атындагы Улуттук филармонияда болот.

Батырхан Шукенов 1962-жылы Казакстандын Кызыл-Орда шаарында төрөлгөн. Казакстандын эл артисти Роза Рымбаеванын тобуна саксофончу болуудан музыкалык карьерасын баштаган. 1988-жылы достору менен “А’Студио” тобун түзүп, анын фронтмени болгон. Ал аталган топтон 2000-жылы чыгып кетип, жеке ырчылыкты баштаган. Шукеновдун “Белая река”, “Стоп, ночь”, “Солдат любви”, “Эти тёплые летние дни”, “Нелюбимая”, “Джулия” жана эң популярдуу “Твои шаги” ыры коомчулуктун сүймөнчүктүү ырларына айланган. Акыркы альбому 2013-жылы чыккан.

2007-жылы казак президенти Нурсултан Назарбаевдин маданият тармагындагы кеңешчиси да болгон.

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы билдиргендей Батырхан Шукеновдун жаркын элесине арналган концерттер Казакстандын бардык аймактарында өтөт.

Ал эми активисттер Батырхан Шукеновго айкел орнотууну сунуштап, шаардык акиматка кайрылуу үчүн кол топтоп башташты. Айкелге орунду The Beatles тобуна орноттулган айкелдин жанына, Коктобе тоосун тандап жатышат.

Шукенов ушул жылдын 18-майында 53 жашка чыкмак.

Баймоңолов Бектур

Айбат гезити №126




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru