Айбат » Асель Рахатбекова, ырчы: “Назик балдар кыжырымды келтирет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Асель Рахатбекова, ырчы: “Назик балдар кыжырымды келтирет”

Асель РахатбековаКубулжуган үнү менен өз күйөрманын тапкан, ажарлуу айым, көптөгөн жигиттердин түн уйкусун бөлүп, жүрөктөрүнүн тынчын кетирген  Асель Рахатбекова ырчы айым бизде конокто.

- Асель, алгач өзүң тууралуу маалымат бере кетсең?

– Азыркы учурда  мен жаңыдан сахна дегеле ыр чөйрөсүнө жаңыдан кадам таштап, көптөгөн  ийгиликтерди багынтам деп кыялданып жана максат коюп аракет кылуудамын десем жаңылышпайм. Музыка бул менин жашоомо дайыма шаң жана көрк берип турган бийик сере.

- Жаз келип жаратылышта жан дүйнөдө жаңылануулар болуп жатпайбы а сизде да жаңылануулар болуп жатабы?

– Көчөдө да жан дүйнөдө да биз көптөн күткөн жаз мезгили баардыгыбызга эле жаңылануу же эргүүлөрдү  берип жатса керек. Айым катары гардеробдогу кийимдерге бир аз жаңылык киргиздим десем болот. Жаздын деми чыгармачылыкка да дем берүүдө. Сахнага да  жаңыдан кадам таштап аябай жаңыланууларды издеп дегендей, анан да жаңы ырдын үстүндө иштеп жатабыз. Жакында күбө болосуздар десем жаңылышпайм.

- “Жашоодо кокустук такыр болушу мүмкүн эмес”, – деп бир даанышман ойчул айтыптыр. Ыр  жаатына аралашып калганың да кокустук эместир…

– Туура айтасыз, адам бир нерсеге дилгирленип умтулбаса, анын максатынын ишке ашышы күмөн. Мен бала чагыман ырчы болууну самачумун. Кыргыз элине белгилүү Роза Аманова, Динара Акуловалардын концерттерин калтырбай көрчүмүн. Ойлоп көрсөм, ушул улуу таланттардан  таасир алыпмын. Келечекте мен да мына ушул эжелердей элиме эмгек кылгым келет.

- Назик жигиттер күч алууда. Сенин баамыңда, чыныгы мырза кандай болушу шарт?

– Туура, бул жагдай мени да ойлондурбай койбойт. Азыркы өсүп келе жаткан муун келечек коркунучунда. Себеби, кыргыздын Гу Чун Пёлору көбөйүүдө. Кыздан беш бетер колдору назик, чачтарын гелдеп алган жигиттерден аллергиям бар. Эркек мүнөз, намыскөй, кең далылуу жигиттер, менин оюмча, чыныгы мырза. Эң оболу дегенде мен жактырган жигит досторунун арасында кадыр-баркка ээ болушу абзел. Тааныш кыздар жигиттерди башкарганды жактырышат. Болочок жолдошумдун сөзүн угуп, анын жанында алсыз болууну каалайм. Назик жигиттер менин жанымда “дос  кызымдай  эле ” сыяктанат. Андайлардан алыс эле болгонум жакшы.

- Сенин аткарууңдагы «Аярым » деген ырыңды радиолордон угуп жатабыз. Бул чыгарма көпчүлүктүн назарында экенинен да кабарыбыз бар. Кийинки ырларың качан чыкчудай?

– Жогорду айтылгандай жаңы ыр ушул апрель аягы менен угармандарыма тартуулайм. Аярым ырым жай ыргакта жазылса кийинкиси шаңдуу болуп жатат десем болот. Сөзү талантуу мырзалардын бири Кудурет Тайчабаровго, ал эми обону жаш ырчы мыкты аранжировкачы  Өктөм Сапар уулуна таандык. Мен кайсы ырды аткарбайын алгач анын маанисине жараша образга кирип жандүйнөм менен берилип алып чыкканды жактырам. Жандүйнөнүн түпкүрүнөн чыккан музыка элдин калын катмарына жетет деп ойлойм.

Самара Саламатова

Айбат гезити №126




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru