Айбат » Ак булуттун өзөгү кайда?!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ак булуттун өзөгү кайда?!

Абдылдажан Акматалиев“365 күн сүйүктүү пайгамбарым менен”  (Avrasia Press, 2013) деген китепти окуп адабиятчылык кесибиме байланыштуу көркөм чыгармаларга салыштырып да жибердим. Алыс барбай эле Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту” повестине кайрылсак, жазуучунун көркөм ойлоосунун бир өзөгү Пайгамбарыбыз Мухаммеддин жашоо-тиричилигине байланыштуу маселелерине такалат окшойт. Бул кокустукпу же жөн эле дал келүүбү?!. Чыңгыз Айтматов Пайгамбар Мухаммед жөнүндөгү маалыматтарды билгенби, кызыкканбы же жокпу?! Жазуучу “Кылым карытаар бир күн” романын жазып жатканда, өзгөчө Казангаптын керээзине, анын Эдигей баштаган каармандар аткарууга аракет кылып жаткандагы көрүнүштөрдө логикалык жактан алганда Чыңгыз Айтматов куранга кызыгып, анын жалпы мазмунуна кайрылбай коё албайт болчу. Балким, ошондо “Кылым карытар бир күн” романынын  бир бөлүгү чыкпай калган, кийин “Чыңгызхандын ак булуту” деп жарык көргөн  повестинин негизги себеби да Пайгамбар Мухаммедге байланыштуу болуп жүрбөсүн?!. Балким ал мезгилде совет идеологиясы күчөп турганда  төрт көздүү цензура Айтматовдун повести менен идея Пайгамбар Мухаммеддин ортосундагы кандайдыр бир жалпылыктарды  баамдап көрүшпөсүн?!..

 

Ушундай ойлордон кийин “365 күн сүйүктүү пайгамбар менен” деген китептеги ак булут менен Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту” повестиндеги ак булутту салыштырып көрдүм.

“365 күн сүйүктүү пайгамбар менен”:

“…Күндүн ысык аптабы Мухмамеддин (САВ) төбөсүнө тийип жатканда аппак булут пайда болду. Ал акырын ылдыйлап, Мухаммеддин (САВ) үстүнө келип көлөкө кылды. Ал кайда басса, булут аркасынан ээрчип жүрдү. Ак булут кол чатыр сыяктуу эле. Үйгө кайтып келгенге чейин Мухаммеддин (САВ) аркасынан келди.”

“…Мухаммед (САВ) агасы минген төөгө учкашып алды. Күндүн ысык аптабы ар тараптын ачуу тийип жаткан эле. Кербен алтындай сары кумга бирде батып, бирде чыгып, кыйынчылык менен илгерилеп баратканда, үлбүрөгөн ичке булуттар учуп бир жерге топтолушуп, кербенди көлөкөлөй баштады. бир ак булут Мухаммед (САВ) минген төөнүн үстүнө келди. Жолоочулар ысыктан кыйналбай, бейкапар жол жүрүштү. Мухаммеддин (САВ) урматы үчүн булуттардын көлөкөсүндө жайма-жай сапар алышты.”

“…Алыстан  жолоочулар келе жаткан. Алардын үстүндө ак булут бар болчу. Кечир Бакира көздөрүн көпкө булуттан албады. Булут кербен менен кошо жылып келе жатты. Алардын арасынан бирөөнү күндүн ысык аптабынан коргогондой көрүндү.”

“…Ак булут дале ошол жерде турган. Ал бирөөнү калкалап жаткан эле.”

“Биринин аркасынан бири чубалып кетип бараткан кербен кызык окуяга туш болду. Асманда булуттар пайда болуп, Мухаммедди (САВ) көлөкөлөштү. Көздөрү жайнап, кубанычы койнуна батпаган Майсары баарын байкап келатты. Кээде Мухаммедге (САВ), кээде асмандагы булуттарга тигилип жатты. Бул булуттар акылдуудай эле. Бардык булуттар бир жерден буйрук алгандай Мухаммеддин (САВ) аркасынан жүрүштү.”

“…Укмуш! Майсары көргөн булутту ал да байкады. Кербендин үстүндө алар менен бирге илгерилеген булут Мухаммедди (САВ) күндө калкалап келатты. Бул кандай гана таңкалааларлык! Хадича толкунданып, чыдай албай көргөн нерсесин достору менен бөлүштү:

- Карагыла! Мухаммедди бир булут көлөкөлөп келатат – деди.

Хадича көрсөткөн булутту жанындагылар да көрүшүп, баары аябай таң калышты.”

“Чыңгызхандын ак булуту”:

“…Бирок эң кереметтүү нерсе Чыңгызхандын тегерегиндеги кароол, жасоол, кесегулдар эмес. Булар жүздүн ичинен, миңдин ичинен тандалган шамшардай өткүр эрлер дечи, жок, булар эмес. Булардын илбирстей шамдагай аттары да эмес. Жок, эң кереметтүү нерсе жерде эмес, көктө эле. Чыңгызхандын дал төбөсүндө, тээ ободо чоң ак боз үйдөй болгон булут каганды күндөн калкалап, көлөкө түшүрүп, кайда барса кошо ээрчип келатты. Жаны бар, көзү бар, акылы бар немедей кагандан калбай, өйдө да кетип калбай, ылдый да түшүп кетпей, кагандын үстү жагында бир калыпта калкып жүргөнүнөн жазбады. Бул Көкө-Теңирдин өзүнүн жааңгер Уулуна дамамат түшүрүп турган ыклас белгиси экенин эч ким билген жок, — асманда калкып көп эле булут жүрбөйбү. Бирок Чыңгызхан алдыртан обого көз жиберип, өзүнөн калбай ээрчип жүргөн булутту көргөн сайын бул чын эле Көкө-Теңирдин өзүнө түшкөн ыкласы экенине бекем ишенип жүрүп олтурду.

Чыңгыз Айтматов, Абдылдажан АкматалиевУшундай бир булут пайда болору жөнүндө алгач ага жер кезген бир дербиш-төлгөчү айткан эле. Каганга айтар сөзүм бар деп атайын келген экен, кирсин деген. Эшик-төрүнө алтын-күмүш чөгөрүлгөн ак боз үйдө, өз тактысында олтурган эле. Дербиш алыскы бир өлкөдөн келаткан неме окшойт кирди, өңгөлөрдөй кагандын алдында чекесин жерге тийгизгенче ийилбеди, кошомат айтып көшөкөрлөнбөдү, бак-таалайың дагы артат экен деп, олуялык кылып, жагынбады. Өзү арык, тарамыштуу, быжыгыр кара сакал, чап жаак, каратору иреңи олуттуу, кийиминин бүтүн жери жок жыртылган, тармал чачы өсө берип, кудум аялдыкындай ийинине төгүлүп турат.— көрүнүшү бир өзгөчө бул адам башын өйдө көтөргөн боюнча бүркүттөй өткүр тиктеди каганды.

— Каган, — деди ал. Андан ары өз тилинде сүйлөдү. Уйгур-тилмеч которуп турду. — Көкө-Теңирдин эркине ылайык сага асмандан өзгөчө бир белги пайда болот, мен ошону сага айтайын деп келдим.

Чыңгызхан мындай үч уктаса түшкө кирбеген сөздү укканда эмне дээрин билбей бир саамга мелтейе түштү. Бу жат жерлик неменин же акылы ордунда эмес, же ойлонбой айткан сөзү үчүн башы кетерин билбей жатат.

Кагандын каары келип, көзүнөн от жанып:

- Эмне белги?! Муну сен эмнеден улам айтып атасың? — деди.

- Эмнеден улам айтып жатканымды жарыя кылууга болбойт. Бул жашыруун сыр. Анын шарты ошондой. Эмне белги экенин айтам — сенин төбөңдө бир ак булут пайда болот, сени дайыма коштоп жүрөт.

- Булут?! — деп, чочугандай айтты Чыңгызхан, каштары серпиле түштү. Үйдүн ичиндегилер кагандын жаалы келгенин көрүп, дендери өлүп, дым дебөй олтуруп калышты. Коркконунан тилмечтин иреңи купкуу болуп, эриндери титиреп кетти. Дербиштин кесепети ага да тийип кетиши мүмкүн.

- Ооба, булут, — деди олуя. — Ал Көкө-Теңирдин сени колдогон, сенин бу дүйнөдөгү бийик даражаңа ыкласын берген белгиси. Бирок, сен ал булутту сакташың, жоготуп албооң лаазым, аны жоготконуң — колуңдагы зор күч-кубатыңан айрылганың…”

“…Анын маанайын өзгөчө көтөрүп, атүгүл ырдагысын келтирген нерсе жерде эмес, көктө турду. Мына бүгүн он жети күн болот. Чыңгызхандын үстү жагында, тээ ободо, ак булут калкып келатат. Кагандын дал төбөсү тушта, калып да калбайт, өтүп да кетпейт. Баягы жер кезген пайгамбардын айтканы чын эле келди.”

“…Күн батышты беттеп, түмөндөр кылкылдап, толгон араба, көлүк, жер жайнаган субай мал улам алды жакты селдей каптап жүрүшкө чыккан биринчи эле күнү, Чыңгызхан чаалыккан атын алмаштырып, бөлөгүн мингени жатып, эчтеме оюнда жок, көктү бир тиктеди. Жай жылып бараткан, жок, жылып эмес, так өзүнүн төбөсү тушка токтоп тургансыган ак булутка көзү урунду, бирок элес алганы жок: асманда калкып жүргөн булут азбы.”

“…Аңгыча асманды бир ирет карап алды эле ак булут дагы көзгө чалынды, бирок бул жолу да Чыңгызхан ага анчейин көңүл бурбады. Дүңгүрөгөн колду баштап, күн батыш тарапта жаткан бай өлкөлөрдү басып алмак ою менен кызуу бараткан каган эмне үчүн төбөсүндө бир ак булут аны ээрчип, кошо келатканын ойлогон жок. Көктөгү булут менен жердеги жааңгердин ортосунда не байланыш болмок эле. Жүрүштө бараткандардын да эч кимиси булутту байкаган жок, булуттун бар жогу менен эч кимисинин иши да болбоду.”

“…Ушинтип улуу каган жер дүңгүрөткөн улуу жүрүштө келатты. Ак булут ободо. Чыңгызхандын көз кырында, акырын жылып, ээрчип келатат.”

“…Өйдө карасаң Көкө-Теңирдин сырдуу белгиси – ак булут, калкылдап жылып, ал келатат.”

“…Дөң үстүндө, алды жагы ачык чатырдын ичинде олтурган Чыңгызханга учөкыйырсыз кең талаа, көзгө тааныш кошуун, жүктүү арабалар, мал – баары даана көрүнүп турду, кагандын дал төбөсү тушта ак булут кылкылдап ободо илинип ал турду.”

“…Мындай болот деген кимдин оюна келген, Алтундун денеси ысуулап, чекеси тердеп чыкты. Кубанганынан айланасын карады, эч ким жок, жандуудан эчтеме жок, көктү карады – көпкөк асманда аппак булут турат, бир гана аппак булут булардын төбөсүндө калкып турат.”

“…Бирок кагандын бүгүн иреңи өзгөчө сүрдүү, маанайы пас, мисирейгенден мисирейип, сүйлөбөйт. Ичинен катуу дүрбөлөңгө түшкөнүн эч ким байкаган жок. Атүгүл түптүз кетип баратып эле капыстан атты шарт токтотуп, артына чукул бурулганда соңунан катуу келаткандар аз жерден каган менен кагылышып кала жаздап, четке жалт берип чыга качышты – мына ушунда да эч ким эч нерсени түшүнгөн жок. Көңүлү удургуп, жүрөгү бир нерсени сезген каган асманды айланта бир карап, туруп калды. Жок, ак булут көрүнбөйт, артта калдыбы деп үмүтү күйө түшүп, шарт бурулганы ушундан болчу. Жок, артта да, алды жакта да ак булут жок…

Ар дайым төбөсүндө каалгып ээрчип, кошо жүргөн үзүктөй ак булут ушинтип капыстан жоголду да кетти. А күнү да, эртесинде да, андан кийин да кайтып келбеди. Ак булут кагандан жүз буруп кетти.

Эдил дайрага жеткен кезде Чыңгызхан Теңирдин ага өзүнө жиберген ыйык белгисинен айрылганын, эми Теңир ага мурдагыдай ыклас көргөзбөсүн түшүндү. Дагы арылап кете берүүнү каалабады, ат башын буруп, артка тартты.”

Мындай көрүнүштү параллелдүү салыштыруудан кийин кандай бүтүм чыгарса болот?! Эки чыгарманын ортосунда бирдей жалпылыктар да, таптакыр өзгөчөлүктөр да бар экени ачык-айкын, даана көрүнүп турат. Албетте, Пайгамбар менен Чыңгызханды бир катарга койгонго таптакыр  болбойт, аларды  салыштыруу да мүмкүн эмес, Чыңгыз Айтматовдо да, макаланын авторунда да андай ой   жок. Жазуучунун максаты көктөгү өзүн коргоп, колдоп келген ак булутту Чыңгызхан кандай мамиле кылат,  кеп ушунда?! Бирок Кудайдын алдында аларга бирдей эле мүмкүнчүлүк берилет,   экөөнө тең Кудай ак булутту жиберип, адамдык касиеттерин таразалап отурат. Куран боюнча Пайгамбар Мухаммед адамдарга жасаган адилеттүү, калыс, сабырдуу, кеңпейил, айкөл, кечиримдүү жакшылык касиеттерин улам-улам өркүндөтүп, Алла-Тааланын ыраазычылыгына түбөлүк жеткен. Ал эми Чыңгызхандын зордук-зомбулукка, адилетсиздикке каршы күрөшүн Көкө-Теңир да алгачкы кадамдарын колдосо, кийинки – каардулугуна, баскынчылыгына, өзүмчүлдүгүнө нааразы болуп, терс бурулуп кеткен. Бул биринчиден. Экинчиден, Чыңгызхан өзүн Жердин Пайгамбары  катары сезген. Бирок, ал өзүнүн жердеги укугунан да ашкан кыянаттыкты пайдаланып, бул жашоодо ким жашаш керек, ким жашабаш керек деп   чечим чыгарып, Кудайдын ишине кийлишип кеткени – Кудайды да тааныбастыкты билдирет эмеспи! Бул, албетте, Кудайга жакпайт болчу.

Үчүнчүдөн, Чыңгызхандын бул жоругу ал гана эмес   энеси Оэлунга да жакпайт эле.  Ак булуттун экинчи өзөгү Оэлундун образынан да келип чыгышы мүмкүн, анткени “Оэлун” деген антропоним “булут” деген маанини да түшүндүрөт. Эне баарынан улук. Эне бала үчүн өзүнүн өмүрүн да кыйууга барат. Эне жүрөгү барын сезет, эне баласын жамандыктан сактайт, калкалайт, эч бир эне баласына  жамандык каалабайт. Эне тууралуу узун сөз кыла берсек болот, бирок темага кайрылып келсек, чыгармадагы ак   булуттун келип чыгышы да аппак чачтуу Оэлун эненин элеси менен байланыштуудай сезилет. Төртүнчүдөн, Чыңгыз Айтматовдун энеси Нагийма апа башка энелердей эле уулун өмүр бою толук колдоп, чыгармачылык жеңишине сүйүнүп келген. Уулу Чыңгыз да энесин  өтө урматтап, сыйлап, кадырлап келген эле. Замандаштарынын эскерүүсүндө Чыңгыз Айтматов энесинин сөзүн эки кылчу эмес экен. Ак булуттун дагы  бир идея-өзөгү жазуучунун өз энесинде жатышы да  мүмкүн.

Мына ушул ойлорду Чыңгыз Айтматов башкы каарманынын жан дүйнөсүн, психологиясын тереңдетип чечүүдө ак булут көркөм символ-деталды колдонгон. Жазуучунун чеберчилиги – ак булуттун көркөм функциясынын ар тараптуулугун, подтексттүүлүгүн бир эле каарманга эле байлай бербестен, кеңири пайдаланганда. Ак булут чыгарманын финалында каардуу Чыңгызханды биротоло таштап кетип, жаңы эле жарык дүйнөгө келген наристеге ооп, колдоп, келечектин, адамзаттын, муундун, абийирдүүлүктүн, тазалыктын, жакшылыктын жышаанын даңазалайт.

Демек, Чыңгыз Айтматов актыкты чагылдырууну максат кылып койгон. Ак түс көп элдердин диний түшүнүктөрүндө тазалыкты   билдирет эмеспи! Жазуучунун аң-сезиминде кандайдыр бир деңгээлде баары бир диний түшүнүк менен байланышкан “ак булут” сөзү турганын жокко чыгарууга болбойт, кайдан-жайдан дербиштин келип, Чыңгызханга ак булут жөнүндө айтышынын өзү да жер менен асмандын байланышын синтездеп турат. Ошону менен бирге Ч.Айтматов диний түшүнүккө   ак булуттун башка да  символдук маанисин   чиркештиргенин, тереңдеткенин, катмарлаштырганын көрөбүз. Айтматов диний түшүнүктү абстрактуу эмес, тарыхый инсан, болгондо да Чыңгызхан, анын ички дүйнөсү аркылуу чечип отурат. Окуялар жөн эле сырткы жагынан окшош болгону менен, ички маани-маңызы менен түп-тамырынан айырмаланат, жазуучу ак булутту башкача өңүттөн пайдаланат. Чыңгызхандын тарыхта аты калды, бирок ал өзүнө Кудай тарабынан берилген ак булутту сактап, адамзаттын алдында жоопкерчилик милдетин аткара алган жок. Чыңгыз Айтматовдун катмарланган ак булутунун  символикалык жана подтексттик мааниси, көркөм чыгармачылык бүтүмү ушундай.

 Абдылдажан Акматалиев, 1-март, 2015-ж.

Айбат гезити №126




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru