Айбат » Хирург Айдар Шералиев менен Калдарбек  Абрымановдун кайым-айтышы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Хирург Айдар Шералиев менен Калдарбек  Абрымановдун кайым-айтышы

Калдарбек  АбрымановАКИ пресс агенттигине 29 апрелде берилген ЖХЖООИИИнин мүдүрү, коллегам А. Шералиевдин каяшасына жооп.

Айдар, сенин бетиң, бет эмес эле менин батинкемдин таманы эле болуп калган окшойт! Кантип ушундай сөздөр оозуңан чыкты досум?

Жооп жазганга деле татыбаган окуя, бирок чындык үчүн убакыт болуп кайрылып жатам! Тааныштар, коллегалар, медиктер айтор, баш акылы ордунда адамдар суранышты жооп бериңиз деп!

Уялсаң боло! Батыралиев курсташың министр болуп келип, мага, эми НИИХСТОГО кайра директор болуп иштеп кардиохирургияны оңдоп бериңиз дегенде, мен сенин кандидатураңды көрсөтүп, сага ишеним менен, ушул оңдойт деп сени дайындады эле го, унуттуңбу?

30 жыл чогуу иштеп, сен айткандай кардиохирургияны көтөрүп, “великий” иштерди жасайлы деп эле өмүрүбүз өтүп жатканы жалганбы? Кайдан, кайсыл жерден мен кардиохирургияга, өкмөткө, министрликке карасанайлык кылдым? Өзүң айтып жазып жүрөсүң 2005-жылдан 2011-жылга чейин кандай сонун иштерди жасап НИИХСТОну түптөп “Абдраманов илимий мекемеге жеткирди”-деп, кана ошолор эми, каяка жоготтуңар мен кеткенден кийин? Ал аз келгенсип түштүккө филиал ачып 2 жылда НИИХСТОго тең тайлашчу мекемени тургуздум го. Же аны мен жеке өзүм үчүн жасадымбы? Ушул иштерди кимиңер жасай алат элеңер? Директор кылып шайлатып койсом деле менден кийин үчөөңөр (Осмонов, Бебезов, Шералиев) келдиңер, үч жылда эмне иш жасадыңар? Чатактан башыңар арылбады го? Же ага да мен күнөөлүмүнбү? Силер эмне, акылы токтой элек  жаш баласыңарбы? Алгылыктуу эмне жасадыңар тармак үчүн? Мен жасап топтоп койгон баалуулуктардын быт-чытын чыгарып, таланттуу мугалимдерди, дарыгерлерди, жаштарды күчкө салып таркатып, мекеменин кебетесин келиштирип койдуңар го!? Көрүнгөн шектүү фонддордун кол баласы болуп ооруларды өлүмүн космоско учурганыңар жалганбы? Анан силерди стенкага койбой кимди коюш керек? “Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман” дегендей, унчукпай суу жутуп алып отура бергиңер келеби? Анте албайсыңар, мен турганда, мен ага жол бербейм өкүрсөңөр да, ошону өзүмдүн ыйык милдетим деп эсептейм. Иса агабыздын арбагына сыйынып мүрзөдө отуруп сөз бербедик беле, кардиохирургиянын байрагын жогору кармайбыз деп!? Эми эмне болдук? Силер эмне жасадыңар? Мен эмне жасадым? Курсактын, үй турмуштун, жеке көңүлдүн проблемасынан башка эмне жөнүндө ойлоносуңар?

Анда ким НИИХСТОНУН душманы, ким өкмөткө каршы, ким министрликтин жолун тозууда? Анан кантип мен НИИИХСТОнун душманы болуп калам. Өзүң билесиң мен кардиохирургия тармагына, же НИИХСТОГО каршы эмесмин. А мен ошол жерде иштеген кээ бир шумпайлардын, алдым-жуттумдардын жосунсуз жоруктарына каршы экенимди сен жакшы билет элең го? Кардиохирургияны көтөрөйүн деп ичкен ашың, үй-бүлө, балдарын, неберелерин таштап элге кызмат кылып коелу деп, тармакты көтөрчүлөр ким экенин, тескерисинче тармакты артка тартып азыркы ушул акыбалга алып келген адамдар ким экенин да сен эң жакшы билет элең го?

Эми мен кардиохирургиядагы акыбал жөнүндө, башкы кардиохирург катары өз оюмду айтканыма ичиң тырышып, уктай албай кан басымыңды көтөрүп не азап сага? Сенин оюң боюнча мен эми кардиохирургдардын, министрликтин, өкмөттүн душманы болуп калыптырмын да!?

Vb.kg маалымат агенттигине берген интервьюңда айттың, 13 баладан 8и  каза болду деп, бул сенин жетекчинин сөзү, менин эмес! Мейли 70 эмес экен, а 61 экен, айрымасы канча!? Ансыз деле комиссия жыйынтыгы бар да – жалпысынан өлүм көрсөткүчү НИИХСТОдо өтө жогору экени, а кээ бир бөлүмдөрдө 20 пайыздан ашаары жашыруун эмес да, сен кандай цифраны көз боёмоочулукка салып айтсаң да, менден жашырууга болбойт!

Өлүмдүн көбөйүшү канча адамдардын көз жашы, трагедия, аны ойлойсуңбу? Ооба, 13 баладан 8 бала өлдү ошондой боло берет, бул көнүмүш оокат деп мерездик кылганың кандай дос?! Ачык айтып ошо өлүмдү азайтуу ордуна менден душман издегениңе жол болсун! Унуттуңбу, дүнүйөлүк статистиканы, эң татаал “поисковый” операциялардан кийин да өлүм пайызы 25 -30 дан ашпайт. Андан ашса хирург лицензиясынан айрылат! Байкуш хирург Новактын бизге келип жардам бергени үчүн лицензиясын чакырткыңар келип жатабы?

Эмнеге чычаладыңар? Ачык жана ачуу сөздү угуп көргөн жок белеңер? Чындык ачуу болоорун билбейт белеңер?

Көп жылдар жанында эмгектенип жүрүп сени түшүнө албаганыма мен өзүм уялып калдым досум! Өз абийириң өзүңдө досум, ийгилик каалайм сага. Ден соолугуңду коротуп майда барат нерсеге кан басымың көтөрүүнүн кажети жок, сага ал болбойт. Сен ооруган кезде жанымды коёрго жер таппай жубайың Алмаш экөөбүз жаныңан чыкпай жер тырмаганыбызды унуттуңбу? Же мен чындап эле кардиохирургияга кыянаттык кылып жатамбы?

Коллегаларымдын көпчүлүгү окуяга туура маани берип, туура түшүнүүңөргө ишенем!

Сезимтал сөздөрүм үчүн кечирим сурайм! Башка адам болсо сөз башка болмок, бирок эң жакын сыйлап жүргөн коллегам адашып жатканын түшүнүп ага түшүндүргөнгө аракет кылдым!

Баарыңарга урмат сый менен – профессор Калдарбек Абдраманов

 P.S. Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча улуттук борборунун мурдагы директору,  азыркы жүрөк-кан тамыр хирургиясынын Түштүк борборунун  директору Калдарбек Абдыраманов интернеттеги өз баракчасына  жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча улуттук борборунун азыркы директору Айдар Шералиевдин ЖМКларга карата каралоолоруна карата жооп катары жазганы эч өзгөртүүсүз берилди.

Айбат гезити №126




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru