Айбат » Йога

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Йога

ЙогаЙоганын тарых таржымалы Индиядан башталат, биздин заманга чейин 1700-3300 жылдарына таандык. Йоганын тарыхы 5 миң жылдан ашат, аны менен машыгуу адамга физикалык жактан гана жардам бербестен, адамдагы көптөгөн башка сапаттарды ачууга да мүмкүндүк берет. Европада алгачкылардан болуп йоганынын философиясын Шопенгауэр изилдей баштагнан. Ал эми коншу келген мамлекетибиз Россия 1917-жылдагы революцияга чейин кызыга башташкан. Бирок  Совет убагында Йога менен алектенүүгө тыю салынган..

Йоганын негизги багыттары

Раджа-йога (классикалык йога) – медитация аркылуу акыл-эсти башкаруу, чыныгы жашоо менен кыялдын айырмасын түшүнүүгө үйрөтөт.

Хатха-йога – раджа-йогадагы оор медитацияларды жасоо үчүн денени даярдоо системи.

Айенгара йога – хатха-йоганын түрү. Ар кандай асандарды (көнүгүүлөрдү) жасоодо отургуч, жаздык сыяктуу буюмдар колдонулат жана бардык курактагыларга ылайыкталган.

Кундалини йога – бул багытта уруш ыкмалары да аралашкан. Көнүгүү музыканын коштоосунда жасалат.

 

Ислам дининде

Ислам дининде йога менен ден соолукту чыңдоо максатында машыкканга уруксат берилет. Бирок йоганын спорттук көнүгүүлөрүнөн башка ар кандай сөздөрдү кайталоого тыюу салынат.

 

Йога биздин мекенде

Кыргызстанда Йога федерациясы 2009-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө федерация көптөгөн багыттарды жана стилдерди бириктирип турат. Алар: хатха йога, кундалини йога, аштанга йога, балдар йогасы, жуп менен машыгуу, кош бойлуулар үчүн йога.

Кыргызстанда йоганын негиздөөчүсү деп эч ким саналбайт. Анткени мурдатан эле кызыккандар көп болгон, кийин клубдар ачылып, федерация негизделген. Азыр өлкөдө болжол менен 5тен ашык йога клубу жана 200дөй өз алдынча иштеген инструкторлор бар. Инструкторлордун көбү билими жок, дисктен же башка жерден көргөндөрүн үйрөтүп жүрүшөт. Ошондуктан машыгуу убагында жаракат алган учурлар болуп, машыгууну каалагандарда«йогада деле жаракат алат турбайбы» деген терс ой-пикир жаралууда. Машыккандардын жашы 5 жаштан 80 жашка чейин. Келгендердин болжол менен 98 пайызы ден соолукту чыңдоону каалагандар, калгандары йоганын философиясына кызыккандар.

 

ЙогаЙога дене көнүгүүсүбү же мээни тарбиялообу?

Йога адамды бардык оорулардан айыктырчу касиети

Йоганын техникасы организмдин өзүн-өзү дарылоосуна же сакайтышына толук мүмкүндүк берет. Йоганын дене көнүгүүлөрү жана медитация же сүкүт салуу аркылуу денебиздин энергетикалык кубаты өнүгүп, күчтүү болот. Көнүгүүлөрдүн жардамы менен кандын басымы төмөндөйт.

Көпчүлүк ооруулар руханий кыйналуудан же ой басып, кыжаалат болуудан жаралат. Оору сени кыйнаган түйшүктүн көкүрөктө топтолуусунан, өзүңдү жаман сезгенден же туура маалымат албай, сенин тынчыңды кетирген маселе мээңде коргошундай уюп, сыртка чыкпагандан же айтылбагандан улам пайда болот. Анын баары жанга ашыкча жүк жана ал илдет бир жериңди сыздатып оорутуп, тулку боюңдун кайсы бир жеринде физикалык формада пайда болот.

Йога – бул туура ойлонуу аркылуу организмди өзүнүн мурдагы калыбына келтирип, куландай соо болгонго жардамдаша алат.

 

Йога физикалык эле эмес, психологиялык, руханий көнүгүү

Йоганын физикалык аспектинин түпкү максаты узак жашоого, чын ден соолукта өмүр сүрүүгө жардамдашуу. Биз руханий гармонияда жашай алсак жана өз организмибизди башкара билсек узак өмүр сүрөбүз.

Медитация, сүкүт биздин жашыбызга карабастан мээнин ойлонуу же интеллектуалдык жөндөмүн жогорулатууга, стрессти азайтууга багытталган. Йога жөнөкөй физикалык көнүгүүдөн тартып, сүкүт тартуунун техникасын мыктылап үйрөнүүгө чейин камтыйт. Бул адамдын чын ден соолукта жашоосуна мүмкүнчүлүк берет. Биздин мээбиз үчүн физикалык көнүгүүлөргө караганда руханий көнүгүүлөр маанилүү.

ЙогаКээ бирөөлөр ооруп калып, классикалык доктурлардан шыпаа таппаганда йогага барышат. Кээ бир адамдар йога менен дарыгерлердин кеңеши боюнча машыга баштайт.

Бир чекитти жылбай карап (бир ойду бекем кармап) сүкүт салып, туура дем алыш керек. Анын натыйжасында организмге кычкылтек көп келет. Кычкылтек өзү жаналгыч. Адам туура дем албаса, стресс учурундагы тез-тез дем алуу организмди жабыркатат. Өпкө менен узак дем алуу стрессти жок кылат. Ошон үчүн организмди туура дем алдырсаң, денең мемиреп эс алат, дене өзүн дарылайт. Бул эки нерсенин комбинациясы. Йога менен көнүгүп жүрүп, мантра ырдаганды да үйрөнөт. Ырдоо – бул медитациянын бир бөлүгү. Эгер үнсүз сүкүт тартуу туура дем алганга көңүл бурса, ырдап медитация кылуу – мээни түркүн ойлордон тазалоого жана бир чекитке ойду топтоого үйрөтөт. Бийик үндү же вибрацияны денебизде сактай алсак, ден соолугубуз чың болот. Үндүн ыргактары ден соолугубуздун оңолушуна жардамдашат.

- Йога  саламаттыгыңды жана менталдык абалыңды жакшыртуунун бир формасы

Йога оорудан тез айыктырат деп ойлоо чоң жаңылыштык. Бир түндө баары өзгөрүлөт деп ойлосо, ал закымга алданат. Куру кыялга азгырылат. Ооруга карай жол кандай кыска болсо, ден соолукка карай жол андан алда канча узун. Биз жасаган бардык көнүгүүлөр туура дем алууну жана дем чыгарууну жакшыртууну көздөйт.

Туура дем алганды үйрөнүү ички дүйнөңүздөн чоң чымырканууну талап кылган руханий саякат. Анткени сен абаны ичиңе өзүң күчтөп киргизесиң. Доктурлар дарыны берип жатып, кеселдин жашоосун узартабыз, ооруну токтотобуз деп ойлошот. Дары адамды оорукчан кылат. Йога жана медитация дарылоонун формасы катары туура эмес ойлонууңду аңдатып түшүндүрөт. Биз өзүбүзгө күч-кубат беребиз. Медитация аркылуу өз жашообузду жакшыртканга, бактылуу болууга мүмкүндүк түзөбүз.

 

Йога менен машыгуунун натыйжасы

Натыйжаны күтүү ийгиликке жетүүнү автоматтык түрдө кечеңдетет. Ийгилик биз эмнени каалаганыбызга жана аны чындап каалаганыбызга багыныңкы нерсе. Ошон үчүн биз өзүбүзгө эмне керек экенин жана эмне каалаганыбызды билген абдан маанилүү. Ал үчүн денени, организмди түшүнүүбүз абзел. Ар күнү тынбай эмгек кылуу гана бизди ойлогон оюбузга жакындатат. Йога адамды денеси менен иштөөдө сабырдуулукка, чыдамкайлыкка үйрөтөт. Сиз йога класска такай барып жүрсөңүз адамдар кандай прогресс жасаганын, организмиңиз кандай өзгөргөнүн байкайсыз. Миңдеген жылдар бою өнүккөн йога дарылануунун маанилүү бир формасы.

Айбат гезити №126



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru