Айбат » Калк таразасы баарынан бийик турат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Калк таразасы баарынан бийик турат

Тотонов НурбекНегизи касиеттүү Кетмен-Төбө жергесинен көптөгөн кеменгер инсандар чыкканын тарых тастыктап турат. Албетте өнөр адамдарынан сырткары коомдук, мамлекеттик ишмерлер кыргыз өлкөсүнүн экономикасын түптөөгө, элдин жашоо-шартын дурустоого, көкүрөгүн көтөрүүгө өрнөктүү үлүштөрүн кошушкан. Алардын эң башында кезинде бийликтеги экинчи адам катары эсептелген Абды Сүйөркуловду айтсак жөндүү болот. Мындан сырткары ар кайсы райондорду катаал мезгилде башкарган раматылык Ибраим Умаровду, токсон эки жаштын ширин мөмөсүн татып жаткан Мухтар Нургазиевди кошууга болот. Аты аталган коомдук ишмерлер оболу калктын кызыкчылыгын биринчи орунга коюшуп, бел чечпей эмгектенишкен. Ошол опол тоодой салымы үчүн булар эстен чыкпайт. Кезинде алар байлыкка, бийликке жутунган эмес. Арийне, илимий чөйрөдө жүргөн окумуштуулар ондоп саналат. Мындан сырткары ар кайсы тармакта терин төгүп кадырга татыктуу болгондор да жок эмес.

Бүгүнкү күндө бийик бийлик бутактарында отургандар деле бар. Билимдүү, эртеңкисинен үмүт эттирген жигиттерибиз өлкөнүн пайдасына иштөөгө демдүү турушат. А бирок мамлекетте туруктуу өкмөттүн жоктугунан доомат көп айтылууда. Ошентсе да такшалуунун жолундагы мырзалардан үмүтүбүз чоң десек болот. Анча-мынча тийишкендер болсо эле биротоло алардын кадыры төмөн түшүп калды дегенден алыспыз.

Эми сөздү көп чаргытпай ток этер жерине өтөлү. Дегинкисинде көчтү акырындык менен түзөөгө болорун сезип турабыз. Кеп кылчу каарманыбыз болгону 37 жашка келип, адал менен арамды, ачуу менен таттууну ылгаганга көзү жетип калды. Нурбек Тотонов өз турмуштук жолунда туш келген белестерди ашып, чыйырын салды. Чү дегенде билим алууга көңүлүн бурду. Илимдин кудугун казуу оңой эместигин окуп жүргөндө түшүндү. Билимсиз жашоо караңгы экенин туйган жигит акыры жүрүп отуруп эңсөөсүн кандырды. Ал Бишкек гуманитардык университетинин экономика, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденциясы адистиктерин, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин магистратура бөлүмүн (теология багытын) ийгиликтүү аяктады. Өмүрүнүн кырчындай мезгили майнаптуу багытка чегерилди. Мындай батыл аракетинин мөмөсү азыр төгүлүп турган кези.

Кыргызстандын, анда жашаган элинин тагдырына ал кайдыгер карай албайт. 2010-жылдагы бийлик алмашууга активдүү катышып мекенчил жаштардын катарында жүрдү. Апрель баатырларынын арасында болгонуна ал каниет кылат. Чынында эле эркиндикти, боштондукту сүйгөн элдин каалоосун эч кандай күч токтото албасына толук көзү жетти. Ошол жооптуу убакта санаалаштары менен чогуу жүргөнү үчүн сыйлыктарга арзыды. Кылычтай курч жигиттердин көрсө эмгеги бааланбай койбойт экен. Кырдаал өзү мыктыларды иргейт турбайбы?

Ал дайыма коомдук иштердин чок ортосунда жүргөнүн көзүбүз чалганы бар.2012-жылы калк тарабынан көтөрүлүп, өкмөт колдогон коомдук ишмер Абды Сүйөркуловдун жүз жылдык мааракесинде да колуна “демилге” кармап алдыда болду. Айрыкча жаштарды активдүү болууга үндөдү. Андан бир жыл өткөндөн кийин сатирик акын Коргоол Досуевдин 130 жылдык торколуу тоюн белгилөөгө негизги уюштуруучулардан болгонуна күбө болдук. Ушул акын менен курбалдаш Калык Акиевдин да мааракесин өткөрүүгө салымын кошту. Баса, Коргоолдун музейин оңдоп-түзөөгө, айлана-тегерегин тосууга көмөктөштү. Ошондо көзү өтүп кеткен акындын небере-чөбөрөлөрү ыракматын катуу айтышкан. Көпчүлүк алдында мактоого алынуунун баасы канчалык экенин окурман чечмелеп алсын.

Кыргыз элине тилектештигин билдирип түрк тилдүү мамлекеттер да улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150–жылдык мааракесин татыктуу өткөрүүгө демилге кошкону өтө таасирдүү болду. Айрыкча акындын туулуп өскөн жеринде өткөн оюн-зооктор, ат мелдештери өзгөчө орунга татыды. Ошондогу көк бөрүнүн өз деңгээлинде өтүшүнө Нурбек мырзанын тийгизген көмөгүн адилеттик иретинде айтып кетпесек болбостур? Чынында көптөн бери бул жигит ат оюндарынын ичинен көк бөрүгө башкача карайт. Ошондуктан аны райондук көк бөрүчүлөрдүн президенти деп шайлап алышкан. Кийинки убакта спортчулар дурус ийгиликтерге жетишти. Алардын шыгына шык кошуп, колдоп турбаса жакшы көрсөткүч эч убакта жаралбайт. Буга кошумча “Бишкек шаарындагы оор атлетика федерациясынын” президенти болуп шайланып, спортчуларга көмөгүн көрсөтүүдө. Спорт өлкөнү дүйнөгө таанытууда зор ролду ойнойт.

Ал өзүн жетекчиликтен сынап көрдү. Ошондуктан “Токтогул районунун жана Жазы-Кечүү айылынын атайын фонд мамлекеттик ишканасынын” директору кызматын аркалады. Ал жерде болгону бир жыл төрт ай иштеди. Бирок бир топ маселелерди чечүүгө жетишти. Маселен Чолпон-Ата аймагына караган Көпүрө-Башы башталгыч мектеби бүткөрүлүп, окуучулардын алыска убара болуп барбоосуна шарт түзүлдү. Токтогул шаарынын борборундагы “Күн-Нуру” балдар бакчасы пайдаланууга берилип, ата-энелер алкышын жаадырды. 170 метр тереңдиктен суу чыгарылып, Көтөрмө айылынын тургундары таза суу ичип калышты. Торкент айылына караган Кичи Суусамыр жолу кайрадан оңдолуп берилди. Эми малчылар мурдагыдай кыйналышпайт. Кара-Жыгач айылындагылар 800 гектар жерди пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анткени какыраган талаага сугат суусу жеткирилди. Өзгөрүш айылынын жолдоруна шагыл төгүлүп, суу түтүктөрү алмаштырылды. Алыскы Толук айылына алып барчу жолго да шагыл төшөлдү. Жаңы-Жол жана Жазы-Кечүү айылдарындагы спорт зал комплекстерин куруу иштерине да кол-кабыш жасалган. Торкент айылындагы Т.Ашыралиев атындагы орто мектептин чатыры толук алмаштырылып, эми тамчы акпай калды.

Кыска мөөнөттө ушунчалык иштерди аткаруу оңойго турбайт. Кээ бир көралбастар гана тескериленбесе, көпчүлүк Нурбектин жасаган иштерине ынанып турат. Баарына жагыш өтө кыйын, айрыкча бүгүнкү күндө. Ошентсе да элдин таразасына түшүүгө баары эле макул эмес. Жүрөктүүлөр, кайраттуулар, намысы бар жигиттер гана жооптуу милдетти мойнуна алууга даяр. Ошолордун бири катары Нурбек Тотоновду бүшүркөбөй эсептөөгө болот. Кийинки кездерде ал илимий иштерге кошулуп, кээде демөөрчүлүк кылат. Айрыкча ак таңдай акындардын өмүрүнө, чыгармачылыгына кызыгат. Көп кырдуу мырзанын келечек иштери али алдыда.

Ж.Сулайманов

Айбат гезити №126



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru