Айбат » “Альянстын” алгачкы жүрүшү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Альянстын” алгачкы жүрүшү

Мисир Аширкулов, Үсөн СыдыковЖеңиштин 70 жылдыгын шылтоолоп чай берип коюу жөрөлгөсүн биринчилерден болуп Мыктыбек Абдылдаев лидерлик кылган “Кыргызстан саясый күчтөрүнүн альянсы” партиясы баштап берди. Мунун эч кандай тескери таасири болбойт. Эски саясатчы бекер жерден аттуу, баштуу коомдук ишмерлерди чакырган эместир да? Бир сөз менен айтканда бул жүрүш кырдаалга бап келди.

“Ак-Өргөгө” чогулгандардын ичинен көптөн бери коомчулукка көрүнбөй калган илгерки мыкчыгерлерди да көрүүгө туура келгенин айта кетели. Акаевдин, Бакиевдин мезгилинде бийлик бутагында чарк айланган Мисир Ашыркуловду, Үсөн Сыдыковду, Таштемир Айтбаевди жана башкалардын кебин угууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мурда, кийин чоң кызматта жүргөн генералдар да ичте чогулган буктарын сыртка төгүп алышты. Айтор илгерки партиялык, советтик кызматты чеңгелдегендер бир ирет ачылып алышкандай болду.

Учурда партия лидерлери катары таанылгандардан Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев, Исхак Масалиевдер сый конок болуп отурушту. Саресеп салып конокто болуу менен бирге алар тажрыйба топтоп алууга үлгүрдү. Жакшы жактарын ким да болсо үйрөнүп албай жаны жокпу? Негизи бул жолку отуруш көңүлдүү өттү. Эң башкысы – согуштун ансыз да азайып бараткан ардагерлерине урмат-сый тартууланды. Ошондой эле бул партиянын өзөгүн кимдер түзөөрүн баргандар билип алды. Партиянын башында турган Мыктыбек Абдылдаевдин кандай саясатчы экендигине комментарийдин кереги жок.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru