Айбат » Ким кимди чакырышты билбейби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ким кимди чакырышты билбейби?

Александр Ким«Вечерний Бишкек» басылмасы жана анын кожоюну Александр Ким кыйын абалга кептелди окшойт. Гезиттин айланасындагы чуусун президенттин тегерегиндеги адамдарга шылтап, андан оңой кутулуп кетем деди эле, анысынан да майнап чыкпады. Башкы прокуратура алар айыптап жаткан адамдарды текшерип эч бир кынтык тапкан жок.

Эми болсо Ким мырза көчөдө жүргөн эргулдарга күнү түшкөн окшойт. Анткени, буга чейин Жаштар өкмөтү деп уюм түзүп колдоо таппаган Максат Кунакунов менен Садыр Жапаровдун эрке баласы Мелис Аспековду чакырып армандарын уккан экен. Алар ооздоруна келгенди оттоптур. Мисалы, М.Кунакунов Кыргызстанда тоталитардык система өкүм сүрүп жатканын айтып, эч бир маалымат каражаттары чыгарбай жатканын билдирген. ММК деле көчөдө эле жүргөндөрдү кантип чыгара берсин? Алгач ушул жагын бир аз ойлонуп маалымат каражаттарына эмне үчүн чыгым деп өзүнө суроо берсе болмок.

Ал эми анын айтканындай учурда бийликти жактаган гезит-сайттарга караганда боктогондору ашып жатат.

Ал эми Аспеков болсо «Вечерний Бишкектин» сөзүн сүйлөп, баягы эле гезитти бийлик басып алганы жатат деген эски обонду созгон экен. Эринбеген Ким мырза ушул балдар менен коомдук пикир жаратам деген го. Бирок, жогорудагы жигиттерди эл эмес Бектур Асанов айткандай, катыны да укпашын Ким билер бекен? Билгенде аларды чакырбайт эле го?

Айбат гезити №127




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru