Айбат » Улут аралык жаңжал салууну көздөгөндөрдөн сак бололу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Улут аралык жаңжал салууну көздөгөндөрдөн сак бололу

МассондорОш шаардык ички иштер башкармалыгынын билдирген расмий маалыматы боюнча Ош шаарында улуттар аралык жаңжалды баштоону көздөгөн аракеттер байкалууда. Тактап айтканда Ош милициясына акыркы бир аптадан бери карай белгисиз адамдар тарабынан телефондук чалуулар болуп, кайсы бир жерде жарылуу болгонун, кайсы бир жерде курал-жарактарды таратуу болуп атканын, же болбосо кыргыз менен өзбек мушташып атканы тууралуу маалыматтарды айтышууда. Албетте, милиция кызматкерлери мындай телефондук чалуулардан улам айтылган жерлерге барып көзөмөл жүргүзүшкөн. Бирок эч кандай телефондо айтылган маалыматтар такталган эмес. Мындан тышкары кече жакында чет элдик 13 жаран баштарына ак калпактарды кийип алышып, өзбек улутундагы мекендештерибиз жашаган маалага түн ката барышып, ар бир үйдүн эшигин каккылашкан. Мындай көрүнүштөн албетте ар бир үйдүн жашоочулары чоочулашып, милицияга телефон кагышкан. Жыйынтыгында 5 америкалык,2 украиндик, 1 бразилиялык, 3 канадалык, 1 кореялык жана 1 швециялык жарандар кармалышкан. Алар кармалгандан кийин өздөрүн баптист, же протестант катары тааныштырышып, өзбек мааласынан кимдир-бирөөнүн издегенбиз дегендей шылтоо табышкан. Эгерде алар баптист болушса, анан дагы жөн эле бирөөлөрдү издеп жүрүшсө, анда неге баштарына ак калпак кийип алышкан деген суроо туулат. Албетте, алардын аракетинде эки улуттун ортосуна от жагуу максаттары болгону ачык эле көрүнүп турат. 2010-жылдагы каргалашуу коогалаңдын дарты жаңыдан гана айыгып келе жатканда мындай эл бузарлардын аракетинен сак бололу. Мына ошондой чет элдик сырткы күчтөрдүн ар кандай аракетине өздөрүнүн салымын кошуп аткан ички күчтөр да бар сыяктуу. Алар элибиздин бүтүндүгүн ойлошпойт. Мамлекетибиз таланып-тонолуп, ар дайым уруш-талаш, башаламандык болуп турушун гана каалашат. Мына ошолордон сак бололу.

Айбат гезити №127




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru