Айбат » Күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичейин дегенде…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичейин дегенде…

МырзакматовОш шаарында өзүн хан сезип алган мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун кыңыр иштери четинен чубалып чыгып атканда, артынан эле анын бир тууганы Кеңеш Мырзакматовдун да былыктары ачыкка чыга баштады. Көрсө, бул эрен бир тууганынын мэрлик кызматта турганынан пайдаланып, карапайым адамдарды алдап, «Жаңы батирлерден алып берем» деген убаданы катыра берип, ар бир жарандан 5-6 миң доллар өлчөмүндө акча алып жүргөн экен. ИИМдин берген маалыматы боюнча түшкөн «хандын» бир тууганынын көз боемочулугуна кабылгандардын саны бүгүнкү күндө 19га жетти. Кеңеш мырза башында турган алдамчылар тобу (төрт адамдан турган) жалпысынан 1 миллион 652 миң сом жана 132 миң АКШ долларын алдоо жолу менен алышкандыгы аныкталды. 19 адамдын акчасын алышканы менен бирөөсүнө да берген убадаларын аткарышкан эмес. Албетте, буга биринчи себеп Кеңеш мырзанын бир тууганы Мелис мырзанын мэрлик кызматтан ыргып кетиши себеп болгонун айтпаса деле түшүнүп турубуз. Балким бир тууганы кызматта түшпөс «хан» боюнча турганда алган акчаларын актап коюшат беле? Бирок, анда мамлекетке зыян келтирген болушмак. Айтор, ар жагынан караганда деле, бери жагынан караганда деле алдамчылык болуп атпайбы?

 

Мырзакматовдун агасы да итчилик кылыптыр

Ошко бөлүнгөн акчаларга эстелик куруп, андан миллиондорду кымтый коюп издөөдө жүргөн Мелис Мырзакматовдун агасы Кеңеш Мырзакматов да жөн жүргөн эмес экен. Ал инисинин бийлигине таянганбы, июнь окуясында жабыркагандар үчүн салынган үйлөрдөн батир алып берүү үчүн бир канча адамдарды алдап кетиптир. Бул кургур ондогон жарандарды 140 миң долларга “сындырган” экен. Каражатынан кол жууган адамдар учурда Кеңеш Мырзакматов акча алганын тастыктап, милицияга көрсөтмө берип жатыптыр. Ал эми Мелистин арам акчасына маачыркангандар бул окуяны саясатташтырып чыгышы күтүлгөн эле көрүнүш. Бирок, мындай шылуундукка укук коргоо органдары тиешелүү баа бериши керек. Мырзакматовдордун кичүүсү мамлекеттин бюджетин тоносо, улуу элди алдаса боло береби? Ким болбосун күнөөсү болсо жоопко тартылышы абзел.

Айбат гезити №127




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru