Айбат » Ансыз да тоодой күнөөсү бар Максим Бакиевге өз айыбын чаптагысы келген Бактыбек Аманбаев

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ансыз да тоодой күнөөсү бар Максим Бакиевге өз айыбын чаптагысы келген Бактыбек Аманбаев

Аманбаев Бакытбек«Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр» деген кеп бар эмеспи? Анын сыңары акыйкатыкты издеп аткандай түр көрсөткөн башкы Акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин бул кызматка келгенге чейинки ишмердүүлүгүнөн толтура мыйзам бузуулар былгып чыга баштады. Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматы коомдук биринчи каналда табылган коррупциялык схема тууралуу өздөрүнүн комментарийлерин беришти. Тактап айтканда канкор Бакиевдин тушунда КТРКнын Реклама-коммерциялык агенттигин учурдагы Омбудсмен Бактыбек Аманбаев жетектеп келген эле. Коррупциялык схема дал ушул убакка туш келип отуру. Анда аларды бир четинен санап көрбөйлүбү? Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча2007-жылга карата Эсептөө палатасынын аудитине ылайык телевидение жана радиодон берилүүчү рекламалык продукциялардын баалары жана тарифтери келишим түзүүдө төмөндөтүлгөн фактысы катталган. Анын жыйынтыгында Агенттиктин кассасына жалпы суммасы 49 миллион 259 миң 9 сом акча каражаты түшпөй калган экен.

Мындан тышкары 2007-жылы агенттик сыйлык катары 4 миллион 741 миң 3 сом акча дагы кимдир-үбирөөгө төлөнгөн. Бирок, бухгалтердик документтерге ылайык, агенттер менен эч кандай медиапландар түзүлгөн эмес. Эч кандай агенттердин жасаган иши тууралуу жана буйрутма берүүчүлөр тууралуу актылар жок. Демек, Бактыбек мырза кызматтык абалынан пайдаланып беш миллионго чукул акча каражатын өзүнүн чөнтөгүнө солоп койгон болуп калабы? Мындан тышкары теле-радио берүүнүн Агенттиги тарабынан алынган жалпы суммасы 11 миллион 939 миң 7 сом киреше дагы КТРКнын атайын счетуна которулушу керек болгон. Бул да жасалган эмес. Мындан сырткары дагы ошол эле жылы КТРКга 10 миллион сомдук техникалык жабдууларды сатып алуу болгон. Мында дагы мыйзам бузулар катталгандыктан ошол эле убакта кылмыш иши ачылган. Бирок, 2008-жылдын 25-августунда «бул кылмышты кылган адам табылбаганына байланыштуу» деген шылтоо менен кылмыш иши токтотулган. Кызык эле… Анткени ошол эле жылы аудит аркылуу бул жабдууларды сатып алууда кимдердин мыйзам бузгандыгы тууралуу, тактап айтканда ошол учурдагы КТРКнын Рекламалык-коммерциялык агенттигинин директору Бактыбек Аманбаев тарабынан бузулгандыгы аныкталган. Бирок, кыңыр ишти канчалык каткан менен ал баары бир бир жагынан чыга берет эмеспи? Анын сыңары Бактыбек мырзанын бул кыңыр иши боюнча үстүбүздөгү жылы кайрадан кылмыш иши жанданган. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө. Мына ушундай миллиондорго байланган калбырлары ачыкка чыга баштаганда Акыйкатчы Аманбаев бардык күнөөнү канкор Бакиевдин эрке-талтаң уулу Максимге шылтап отурат. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн, анын актанганынан үзүндү келтирели: «Мен КТРКнын рекламалык-коммерциялык агенттигине жетекчи болуп келгенде телеканалдын репутациясын жакшы нукка бурууга, телеканал чындыгында коомдук болушу үчүн жана мамлекетибиздин маалымат рыногунда атаандаштыкка туруштук бере ала тургандай кылууну көздөдүм. Бул максатта биз бир катар структуралык жана системалык өзгөртүүлөрдү жасадык. Уюшмду, кызматкерлердин шарттарын жана КТРКнын техникалык жарыктандырууларын жакшырттык.

Биздин мындай аракеттер ошол учурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге жакпай калган. Ал бизди реформаны токтот деп коркуткан. Анан ал мени келип, мыйзамсыз түрдө жумуштан бошоткон» дейт. Андан кийин ал бир нече сот инстанцияларына кайрылганын, бирок акыйкаттык болбой, тескерисинче анын артынан түшүп алышканын айтып актанат. Эгерде ушунун баары чындык болсо, неге мурда айткан эмес. Качан гана өзүнүн былыгы чыга баштаганда Максим Бакиевди эстеп калдыбы? Мурда неге ал тууралуу такыр ооз ачкан жок? Минтип актангандын ордуна жогоруда белгиленген мыйзам бузууларга конкреттүү жооп бербейби? Бээ десе, төө деп жооп берүү менен сот жоопкерчилигинен кутулуп кетем деп ойлойбу? Бул бир жагы. Экинчи жагынан албетте Максимчиктин да кыргыз элинин алдында күнөөсү тоодой. Атасынын бийлигинин эки тизгин, бир чылбырын колуна кармап алып, өлкөбүздө көзгө көрүнгөн, идиректүү ири бизнес, банктардын бардыгына рейдерлик баскынчылыгын жасаганы маалым. Ошолордун үстүнө эми Бактыбек мырза өзүнүн күнөөсүн дагы кошкусу келип атканы кызык.

Эгерде жогоруда айтылган мамлекеттин казынасына келтирилген 50 миллион сомдук чыгым, андан башка 5 миллионго жакын чыгымды Максимчик менен бөлүшкөн элем дегендей кылып айтса дагы бир жөн эле. Бактыбек мырзанын мына ушундай актануусуна Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин профессору Кайрат Осмоналиев эң сонун комментарий билдирген экен. Мына ошону мисалга тартып оюбузду жыйынтыктайлы: «Демек, Омбудсмендин сөзү боюнча Максим реформаны токтотууну талап кылган экен… Анан 50 миллионду жегенге туура келген. Боор ооруганымдан аз жерден ыйлап жибере жаздадым… Эми аны эжесинин артынан отургузушат. Коңшулардын алдында ушундайлар үчүн уят…»

Айбат гезити №127



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru