Айбат » Умбеталиевдин кезектеги популизми

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Умбеталиевдин кезектеги популизми

Расул УмбеталиевБүгүн АКИ-пресс маалымат борборунда Расул Умбеталиев кезектеги маалымат жыйынын өткөрдү. Ал “Электрстанция” ААКсы ТЭЦке келерки кышкы сезонго көмүр алып келүү үчүн жашыруун тендер өткөрүүнү пландап жатат деп доомат коюп, жыйындын жүрүшүндө ири башка станциялардын кызыкчылыгын көздөп маалымат бергени байкалгандай болуп калды. Анын сөзүндө Казакстандан көмүр ташып келген компаниялар мамлекеттик чиновниктер менен коррупциялашып биздин бюжетке бир топ зыян алып келип жаткандыгы жөнүндө сөз кылды. Бирок конкреттүү кандай коррупциялык аракеттер болуп атканы тууралуу берилген суроолорго өз кезегинде жооп берүүгө келгенде көп нерселерди айтуудан буйдалып калды. Анан дагы кызыгы Расул мырза негедир өз колтугунда (же өзү анын колтугунда) корголоп турган партиялашы Аида Салянованын күйөөсүнүн көмүр боюнча коррупциялык иштерге аралашканы тууралуу ооз ачкысы келген жок. Бирок жыйынга катышкна журналисттер тарабынан мындай суроо узатылды. Суроого түз жооп берүүдөн бир аз баш тарткандай болгону менен, акыры ал буга жооп кылып “Аида Салянованын күйөөсүнүн эч кандай күнөөсү жок” деп балп эттирди. Тезинен мындай чечим чыгарып жибергендей Умбеталиев сот болуп кеткенби деген ойдо калдык. Эгерде өзүн чындап эле Кыргызстандын патриоту катары көрсөткүсү келсе, анда адегенде мына ушул Салянованын күйөөсү тууралуу айтылып келаткан маалыматтардын чын-бышыгына чыгып көрбөйбү? Расул Умбеталиевдин АКИ-пресс маалымат жыйынындагы берген маалыматтары тууралуу, ОАО “Электр станциясынын” пресс кызматы тезинен жооп берүүгө үлгүрдү. Алар ушул жылдын июнь айында эч кандай жашыруун тендер жарыялабаганын айтышты. Бул тууралуу баардык маалыматтар “Слово Кыргызстан” гезитине ушул жылы 17-апрелде жарыялангандыгын тастыкташты. ОАО “Электр станция” эч кандай жашыруун тендер өткөрбөй турганын жана казакстандан импорт болуп келген Д, ДГ маркасындагы 900, 0 миң тонна көмүр 2016-жылы жайга чейин ташылып келүү чечими бекитилгенин айткан.

Айбат гезити №127



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru