Айбат » Нарын университетинин жамааты окуу жайдын макамын калтырууну суранышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Нарын университетинин жамааты окуу жайдын макамын калтырууну суранышты

нарын

Бүгүн,14-июнда КСДП фракциясынын депутаттары алардын шаардык кеңештеги партиялаштары менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга келген шаардык кеңештин мүчөсү Назгүл Нуралиева Нарын элинин жана Нарын мамлекеттик университетинин эмгек жамаанынын атынан окуу жайдын макамын өзгөртүүсүз калтырууну сураныштады.

Эскерте кетсек, өкмөт “Жогорку окуу жайларынын түйүндөрүн оптималдаштыруу жөнүндө” токтомдун долбоорун иштеп чыккан. Ал жакта Нарын мамлекеттик университетинин макамын, мамлекеттик институтка алмаштыруу каралган.

“1990-жылдары Нарында миграция маселеси абдан күч алган, шаар ээнсирей түшкөн. Университет пайда болгондон баштап Нарын өнүгө баштады. Ошондой эле көп жаштарыбыздын борбордон окуганга шарты жок”, – деди Нуралиева.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/225750




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru