Айбат » Бекболсун Бөрүбашев, коомдук ишмер: “Улуу Жеңиш жөнөкөй эле жеңиш эмес, идеологиялык чоң жеңиш болгон”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бекболсун Бөрүбашев, коомдук ишмер: “Улуу Жеңиш жөнөкөй эле жеңиш эмес, идеологиялык чоң жеңиш болгон”

Бекболсун Бөрүбашев-Улуу Жеңиштин 9-май майрамы, жыл сайын маанисин жоготуп бара жаткандай таасир берүүдө, анын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

-Улуу Жеңиш майрамынын биздин өлкөдө мааниси аябай чоң. 70 жыл мурда биздин аталарыбыз жеңишти алып келбесе азыр биздин мамлекетибиз кандай абалда болот эле. Фашисттик Германиянын өзүнүн планы бар болчу. Алар өздөрүн дүйнөдөгү таза кандуу аруу элбиз деген идеологияны баштап, башка мамлекеттерди басып алуу саясатын уюштурган. Кыргызстандан СССРдин аймагын коргоо үчүн 365миң киши барып, алардын жарымынан көбү согуш талаасынан кайтпады. Ошондуктан бул согуштун бизге, биздин урпактарга өтө чоң мааниси бар. Азыркы муун барда Улуу Жеңиш майрамын унутуп калуу мүмкүн эмес, айрым батыш саясатын колдогон мамлекеттер мисалы, Украина Европанын айрым мамлекеттеринде ушундай саясат жүрүп жатат. Жеңиштин жетишкен жагын тетири кабыл алып бурмалап, “бандеросчуларды” улуттук баатыр деп айтып жатышат. Ал учурдагы Улуу Жеңиш жөнөкөй эле жеңиш эмес, идеологиялык чоң жеңиш болгон. Ошондуктан батыш мамлекеттери бул майрамдын маанисин жоготууга аракет кылып келишкен. Биз ага эч кандай жол бербешибиз керек.

-Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине жасалган сый урмат сизди канаатандырып жатабы?

-Мамлекет колунан келген жардамды берип жатат. Бул жылы ар бир ардагерге 15 миң сомдон акча берди. Андан сырткары пенсия дагы башка социалдык жардамдардын баары көрүлүп эле келе жатат. Ардагерлерге го жакшы көңүл бурулуп келе жатат. Айтайын дегеним, согушта эмес. Тылда эмгек кылган апаларыбыз, эжелерибизге да жакшы көнүл бурулса жакшы болот эле. Анткени алар да согуш мезгилинде тылда болушуп ачка, ток жүрүшүп эмне деген эмгекти жасашты. Ошол учурда Кыргызстанга 150 миң киши көчүп келиптир. Ошонун баары менен тамагын бөлүшүп, согушка да жөнөтүп турушкан. Ошол учурда кандай гана ынтымактуу, биримдиктүү идеология болгонун азыр биз  ошол учурдагы тылда кызмат кылгандардан угабыз. Тылдагы эмгек кылгандардын да саны аз эле калды, ошондуктан мамлекет аларга да жакшы көңул бурса жакшы болот эле.

Айбат гезити №127




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru