Айбат » Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер: “Быйыл 9-май улуу Жеңиш күнүнө эң жакшы даярдыктар болууда”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер: “Быйыл 9-май улуу Жеңиш күнүнө эң жакшы даярдыктар болууда”

Жыпар Жекшеев-Улуу Жеңиштин 9-май майрамы, жыл сайын маанисин жоготуп бара жаткандай таасир берүүдө, анын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

-Кыргызстанда Улуу Жеңиш майрамы маанисин жоготкондой деле болгон жок. Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдык майрамын белгилөө биздин өлкөдө гана эмес, ошол учурдагы СССРдин курамына кирген баардык өлкөлөрдө даңктуу майрам болуп турат. Бул майрам катардагы майрамдай эмес, бул майрамдын тарыхы даңкы да биз үчүн улуу болуп кала берет. Улуу жеңиш күнүнө карата согуш учурундагы сүрөттөр сүрөт музейине илинип жатат. Мен учурда уюштуруу иштерине катышып жатам. Буйруса майрамга карата эртең ачылат. Ала Тоо аянты да майрамга карата бир топ жасалгаланды. Негизи эле ушул жылы уюштурулуп аткан 9-май салтанаттуу майрамындай майрам мурда эч кандай белгиленбептир. Айрым бир жарандарыбыз акылдуусунуп айтып чыгышты. “Биздин ардагерлер Кыргызстанды эмес, орустар менен Украиндердин, Белорустардын жерлерин коргошкон” деп. Бул ойду айтып жаткандарга айтат элем, алар тарыхын сыйлабаган, аталарыбызды урматтабаган, ыйык мекен сезимдерин жээрип айтып жатат. Бул албетте туура эмес маалымат жеткирүү, чыккынчылык болуп эсептелет. Биз чыныгы тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Келечекке туура багыт берип тарбияласак туура багыт алабыз.

-Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине жасалган сый урмат сизди канааттандырып жатабы? Деги эле бул улуу Жеңиштен биз кандай тарбия алсак болот?

-Биз бул майрамдын урматы менен жаштарыбызга да бийик мекенчилдик духту берип тарбия бере алабыз. Биз союздун курамында 75 жыл чогуу болдук, мындан биз эч кандай жаман жыйынтык чыгарбашыбыз керек. Ошонун баарын келечекке туура жеткирип, алардын мекенчилдик сезимдерин күчөтүп, мекенин, элин сүйүүгө үйрөтсөк алар Кыргызстандын келечек күзгүсү болуп, кийинки муундарга жеткирип берет.

Айбат гезити №127



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru