Айбат » Аскар Салымбеков, коомдук ишмер: “Улуу жеңишти эч качан унутпашыбыз керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Аскар Салымбеков, коомдук ишмер: “Улуу жеңишти эч качан унутпашыбыз керек”

Аскар Салымбеков- Аскарбек Мааткабылович мына Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы кирип келди 9-май майрамыңыз менен. Бул күндүн кыргызстандыктар үчүн мааниси канчалык деп эсептейсиз?

– Биз 17-жылдан кийинки тарыхты алып көрө турган болсок Советтер Союзу менен чогуу улуу державада жашадык. 1941-жылкы согушта совет эли жапырт фашисттик Германияга каршы турду. Согуш майданына Кыргызстандан 365 миң киши кетип анын теңи келбей калган экен. Ошонун баары канын жанын берип биздин ата-бабалар мекенди коргоду. Бул жеңишти биз эч качан унутпашыбыз керек. Анткени, анын келишине канчалаган аталарыбыз канан-жанын берген. Жоокерлерди, аскерлерди элди коргогон адамдарды эсибизден чыгарбашыбыз абзел. Жоокер деген жоо бетинде дегендей эле кеп да. Мындай окуялар, согуштар тилекке каршы боло берет экен. Ага жоокерлер керек дегендей.

- Кудайга шүгүр азыр биздин заманда тынчтык өкүм сүрүп жатат. Сиз тынчтык, стабилдүүлүктүн маанисин кандай баалайсыз?

– Тарыхты окудук жана согуштун кандай кесепти бар экенин билебиз. Тарых эле эмес азыр Жакынкы Чыгыштагы, Украиндагы окуяларды алып көрөлү. Анда канчалаган адамдардын каны төгүлүп энелердиндин көз жашы агып жатат. Канча адамдар жетим калып жатат. Согуштан эч ким утпайт. Саясатчылар чоң-чоң маселелерди согушка жеткирбесе. Согуш болду деген жерде ырыскы качып өнүгүү болбойт.

Айбат гезити №127




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru