Айбат » Мар Байжиев, коомдук ишмер: “Улуу Жеңиштен ынтымактын, биримдиктин күчү кандай экенин биле алабыз”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Мар Байжиев, коомдук ишмер: “Улуу Жеңиштен ынтымактын, биримдиктин күчү кандай экенин биле алабыз”

Мар Байжиев-Улуу Жеңиштин 9-май майрамы, жыл сайын маанисин жоготуп бара жаткандай таасир берип келген эле. Анын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

-Тилекке каршы жыл сайын майрам мурдакыга салыштырмалуу маанисин жотуп келе жаткан. Согушту көрбөгөн мына биз дагы сексенге чыгып калдык. Майрамдын маанисин жоготуп жаткандай таасир берип жаткандыгынын себеби, согуштун ардагерлеринин жыл сайын азайып бараткандыгы менен байланыштуу деп айтсак болот. Ардагерлердин өзүнүн катышуусунда кан майданда болгон окуяларды жанынан угуп майрамдоо биз үчүн чоң сыймык эле да илгери. Азыр болсо, алардын баары карып-арып калышты.

-Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине жасалган сый урмат сизди канааттандырып жатабы?

-Ал байкуштар азыр бир кесим нан менен чайга курсагы тоёт. Мамлекеттен жасала турган сый-урматты алар көрүштү. Жакшы эле мамлекеттен сый көрдү алар. Жашоо мыйзамы ушундай экен да алар карып, эми биздин тарых болуп айтылып калат. Биз бала кезде алар менен баарлашып өздөрүнүн кызыктуу айтып берүүлөрүн көп угуп алардан сабак алып жашадык. Анда кызык эле, азыр минтип алардын саны азайып бараткандыгы мыйзам ченемдүү көрүнүш экен да, эмне дейбиз. Азыр украиналыктардын “согушта андай болгон эмес” деп туура маалыматтарды бурмалаган учурлары кездешип жатат. Бул албетте батыштын саясаты деп түшүнүшүбүз керек.  Кыргыз элинин беш Эл акыны ошол Украинадан жарадар болуп келгенин билебиз, ал гана эмес менин атам да Украинаны коргоодо жарадар болуп келген эле. Биз Украиналыктардын согуш учурундагы окуяларды бурмалоого жол бербешибиз керек.

- Бул Жеңиштен биз кандай сабак алышыбыз керек?

– Жеңиш бизге оңой келген эмес. Андыктан аны жоготуп албоо кажет. Улуу Жеңишти биздин аталар кандай ынтымак, биримдик менен алып келишкен болсо, биз да, жаш муундар да ошол ынтымакты бекем сактап, биримдик менен өлкөбүздө ар дайым тынчтык болушун камсыз кылышыбз керек. Ошондо гана өнүгө алабыз.

Айбат гезити №127



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru