Айбат » Дагы бир жолу патриоттуулук жөнүндө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Дагы бир жолу патриоттуулук жөнүндө

Алиясбек Алымкуловдун “Айбат” гезитине (24-апрель, 2015-ж., №125) жарыяланган “Непадам туубуз өрттөнүп кетсе не болмок” деген макаласын окуп, авторго рахмат айтуу менен бирге,  өз оюмду билдирүүнү туура көрдүм.

Кыргызстан туусу

Академик Абдылдажан Акматалиевдин илим, билим тармагындагы мыкты ишмердүүлүгүнөн мурдатан эле кабардармын. Жогорку макаладан кийин А.Акматалиев мага жаңы жагынан ачылды. Дагы бир мыкты жагынан дегим келет. Анын патриоттуулугуна чоң баа бердим. Азыркы кайдыгерлик деген илдет биздин коомубузда күчөп турган мезгилде, “Туунун”  ыйыктыгын ойлоонун өзү эле ар кимдин оюна келе бербеши – турган иш. Ошондуктан  өлкөбүздүн эң ыйык нерселеринин (“атрибуттарынын”) бири болгон “Тууну”, болгондо да Борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы “Тууну” сактап калууга жасаган аракети – эрдик эмес эмне?!

Улуу Ата Мекендик  согуш учурунда “Тууну” сактап калган аскерлерге “Советтер Союзунун  баатыры” – СССРдин эң жогорку наамын  берчү эмес беле. Аны биз унутсак  да, тарых эч качан унутпайт.

Андыктан 2010-жылдагы Апрель Революциясы учурундагы А.Акматалиевдин  эрдиги  КРнын Президенти тарабынан жогорку бааланууга татыктуу  десем  жаңылышпайм деп ойлойм.

“Туу” – бул жөн эле кооз материал эмес да. Кытайдын жалтыраган материалдарынан баштап дүйнө жүзүндөгү эч бир  материал “Тууга” түк арзыбастыгын биз билип да, жан дүйнөбүз менен сезе да, эч качан унутпай да жүрүшүбүз керек дээр элем.

Мен 1973-1975-жылдары Советтик Армиянын катарында, СССРдин Ыраакы Чыгышындагы Приморский крайында, Кытай  Эл Республикасы-нын (КЭР-на) жакын жерде танкалык полкто, офицердик кызматта (өзүм лейтенант наамында элем) – танкалык батальондун байланыш бөлүмүнүн начальниги болуп, кызмат өтөгөнмүн.

Биз кезектешип полкту түнү менен кайтарчубуз. Ошондо эң негизги маселе, №1 – постубуз – бул полктун “Туусун” сактоо эле. Бул постко аябай текшерилген, мыкты кызмат өтөп жүрүшкөн гана солдат, сержанттарды койчубуз да “көзүңдүн карегиндей сакта”, – дечүбүз. Анткени, “Тууну” алдырсак, анда полк жок болмок, абийрибиз кетмек. Патриоттук эмне экенин ошондо мен жон терим менен сезгенмин.

“Айбаттагы” А.Алымкуловдун макаласын окуп, ушулар эсиме түшүп жатпайбы. Биз бир секунд   да чырм этпей, “Тууну” кайтарчуубуз, №1 –постту тез-тез текшерип турар элек. Ал учурда эл аралык мамиле бир аз опурталдуу болчу. Айрыкча  КЭР менен. А менин полкум КЭР-дин чек арасына өтө  жакын жайланышкандыктан, ар кандай  диверсия болушу мүмкүн эле. Кудай жалгап, аскердик кызматымды абийирдүүлүк менен аткарып, 1975-жылдын 1-октябрынан бери үзгүлтүксүз, КР УИАда, математика Институтунда эмгектенип келатам.

Бизге азыркы учурда патриоттуулук деген ыйык нерсе жетишпей  (начар болуп) турат. Төмөнкү суроолор  өз жоопторун табат деп ойлогум келет.

– Эмне үчүн Манас бабабыз баштаган ата-бабаларыбыз ыйык сактап келген жерибиз четинен “кетилип” сатылып баратат? Анткени, патриоттулук жетишпейт. Өткөн тарыхыбызды унуттук.

– Эмне үчүн коңшуларыбыз (өзбек, тажик, казак) биздин жерибизди акырындап алып жатышат? Өздөрү бир  да квадрат милиметр аянттагы жерин бизге берген жок да. Айрыкча, өзбек менен тажиктер, биздин чек аранын жоктугунан пайдаланып, акырындап биздин жерди жөн да, сатып да алып жатышат.

Жер эмне товар бекен, сатыла берчү?!

А.Акматалиевдин  патриоттуулугу ушул ойлорго түрттү мени. Сөзүмдүн аягында анын эрдиги Президент тарабынан жогорку бааланарына ишенеримди билдирем жана анын эрдик мисалы окуу китептерге, патриоттуулуктун мисалы катары жазылса жакшы болоор эле дегим келет.

Искандаров  Самандар – физика-математика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

4-май, 2015-жыл.

Айбат гезити №127




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru