Айбат » Кыргыз ССРинин туңгуч тышкы иштер министри

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Кыргыз ССРинин туңгуч тышкы иштер министри

Күлүйпа Кондучаловна КондучаловаК. Кондучалова деген ысым Кыргызстандын, анын ичинен маданиятыбыздын казынасында алтын тамгалар менен жазылып,     бийиктиги көккө жеткен тирөөчкө байланган байрак сымал абада желбиреп, тынчтыктын, ынтымактын, биримдиктин жышаанынан кабар берип тургандай сезилет. 

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Күлүйпа Кондучаловна Кондучалова  1920-жылы жайдын июнь айынын он бешинде, азыркы Чүй областынын, Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында карапайым дыйканчылардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Кондучал, апасы Токсумактын тогуз баласы болуп, тилекке каршы агасы Искендер жана сиңдиси Сагыйпа үчөө гана бой жеткен.  Искендер Улуу Ата Мекендик согушта душман менен «Ата Журт үчүн, элинин бейпил турмушу үчүн» кармашып, баатырларча каза болгон. Ал эми сиңдиси Сагыйпа – тилчи, филология илимдеринин кандидаты, профессор. Фрунзе педагогикалык институтунун тил жана адабият факультетин аяктаган. Көп жылдар бою жогорку окуу жайларда үлгүлүү окутуучу болуп иштеген.

1928-жылы мектеп босогосун аттап, толук эмес орто билимге ээ болгон соң, атасынын сунушу менен мугалимдик кесипти аркалоо максатында Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумуна тапшырат. 1938-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктап, Нарын областынын Нарын районунан орун алган Куланак толук эмес орто мектебинде мугалим болуп эмгек жолунун кызыл лентасын кескен. Мектептеги мугалимдер арасында өзүнүн ишмердүүлүгү, жоопкерчилиги, билими, тажрыйбалуулугу менен айырмаланып, көп өтпөй мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, андан соң директору кызматына чейин көтөрүлөт.

Күлүйпа Кондучаловна Кондучалова1943-жылы, ошол кездеги өтө күчтүү, ар тараптуу жетишкен деп саналган, билим десе билимди, тарбия десе тарбияны катыра берген Москва шаарындагы Жогорку Партиялык мектепке (Высшая партийная школа) окууга жиберилет. Чындыгында бул мектептен билим алуу өтө чектелүү болуп, ар кандай союздук өлкөлөрдөн, айрым гана адамдарды чогултуп алышып, окутушкан. Мына ушундай баа жеткис ырыскы К. Кондучаловага да насип эткен экен. Өзүнүн Партиялык мектепте билим алып жүргөн кездерин, эмгектеринин биринде төмөнкүчө эскерет: «… Согуштун кандуу жылдарына карабастан мамлекет, партия, өкмөт кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурган… Техникумдук билим жыл өткөн сайын аздык кылып бара жатканын түшүнүп-туйганымдан тарта, бир нече жолу жетекчиликке окуумду улантуу боюнча өтүнүчтөрүмдү билдирип, кайрылып жүрдүм. Анан бир күнү, Кудай жалгап, көкүрөктөгү көксөгөн тилегим орундалып, Кыргызстан КП БКнын мени Москвага – Жогорку Партиялык мектепке жиберүү боюнча чечими чыгып калды. Биздин республикага берилген төрт орунга Т. Усубалиев, А. Алтымышбаев, К. Салиев жана мен илинипмин… Партиялык мектепте Эл аралык мамилелер, экономика, социология жана башка предметтер боюнча чыгаан адистер, тагыраак айтканда академиктер, борбордук аппараттын жооптуу кызматкерлери, белгилүү саясатчылар, министрлер сабак беришчү. Ысымын кулагыбыз менен гана угуп жүргөн айтылуу окумуштуу, жогорку даражадагы адамдарды мына ушул жерден көрүп, алардын таалим-тарбиясын алдым… Жогорку Партиялык мектеп – бекем контролдоо, дисциплина, ошол эле учурда биздин мыкты инсан болуп калыптанышыбызга, өнүгүшүбүзгө кам көрүүчү өзгөчө окуу жай эле. Мындан билим алгандардын көпчүлүгү, кийин жогорку партиялык же советтик кызматтарды ээлешкен…». Арадан эки жарым жыл өткөндөн  кийин К. Кондучалова Партиялык мектепти бүтүрүп, мекенине кайтып келген.

Москвадан такшалып келген айым 1945-жылдан тарта Кыргызстан коммунисттер партиясынын Фрунзе обкомунда үгүт жана саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматын чоң     жоопкерчилик менен аркалай баштайт. Буга удаалаш «Коммунист» журналынын редакторлук, Кыргызстан КП БКда аялдар бөлүмүнүн башчысы кызмат орундарын бирдей алып кетет.

Күлүйпа Кондучаловна Кондучалова1953-жылы «Тянь-Шандын темир айымы» аталган К. Кондучалова Кыргызстандын тарыхында эң биринчи болуп Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри кызматына дайындалат. Министр аты эле болбосо, эмгек күнү өтө кичинекей, кол менен от жагылган бөлмөдө гана,  англис, француз тилдерин, Эл аралык укуктарды үйрөнүү,  ТААСтын берген маалыматтарын анализдөө менен өтө турган. К. Кондучалова министр болуп турган алты жылга жакын мезгил ичинде республикабыздын башка мамлекеттер менен дипломатиялык байланыштары түзүлүп, өлкөлөр аралык ымаланын алгачкы фундаменти курула баштаган.

1958-жылдан тарта тышкы иштер министрлигине кошумча, жаңы кызмат орду – маданият министрлигин башкаруу дагы К. Кондучалованын жоопкерчилигине жүктөлөт. Биринчи катчы И. Раззаков Күлүйпа эжейди атайын өзү кабыл алып, өтө чоң өтүнүчтөр, ишеничтер менен аны маданият министри кылып   дайындаган. Ал кезде министрликтин карамагына искусство, басма, кинематография боюнча маданий-агартуу уюмдары жана комитеттер кирген. К. Кондучалова өзүнүн эмгекчилдиги, адамгерчилиги, ишти майын чыгара аткара билгичтиги жана талапты катуу коюп, анын аткарылышын көздүн карегиндей көзөмөлдөө сапаттары, жогорку интеллекти менен бул кызматты «эки тизгин, бир чылбырды» бир алгандай эле өздөштүрүп кетет. Алгачкы ишин Москва шаарында болгон Кыргыз искусствосу жана адабиятынын 2-декадасын өткөрүү менен баштаган. Элибиздин көптөгөн мен- менсиген маданият кызматкерлери катышып, мыкты делген опералар («Токтогул», «Опричник»), балеттер («Чолпон», «Анар») жана спектаклдер («Курманбек», «Добул», «Кремлдин куранттары», «Тар капчыгай», «Саринжи») коюлган. Декада ийгиликтүү өтүп, кыргыз элинин руханий дүйнөсүнүн өнүгүшүнө, дагы бир баскычка жогору көтөрүлүшүнө чоң таасирин тийгизген. Декаданын жыйынтыкталышы да жемиштүү болуп, өлкөбүздүн чыгармачыл элиталары С. Кийизбаева, Б. Бейшеналиева, М. Рыскуловдор  «СССРдин эл артисти» эң жогорку наамын, катышуучулардын 300дөн ашууну ордендер жана медалдар менен сыйланышкан.

К. Кондучалованын жетекчилиги алдында «Ала-Тоо жазы» конкурсу уюштурулуп, мамлекеттер аралык деңгээлге чейин көтөрүлүп, ар тараптан түрдүү таланттар келип катышып турушкан. Бул конкурс көп улуттун башын бириктирип, алардын ортосундагы чыгармачылык, достук, туугандык сезимдердин ойгонушуна, ынтымактын жалындай жанышына себепкер болгон.

К. Кондучалова 22 жыл маданият министри болуп туруп көп иштерди жасады. Калп айткан менен болобу, аны эл көрүп, эл  баалап олтурат. Борборубуздун жүзү ачылып, бир катар маданий-архитектуралык комплекстер курулуп, М. В. Фрунзенин үй-музейи, Бишкек, Ош, Нарын, Караколдогу драма театрлар, Көркөм сүрөт искусство музейи, Н. Г. Чернышевский (азыркы К. Баялинов) атындагы мамлекеттик китепкана, областтарда, райондордо кинотеатрлар, музейлер жана көптөгөн музыкалык мектептер, окуу жайлар, китепканалар ачылган.

Кондучалова Күлүйпа Кондучаловна, Роза ОтунбаеваАлтымыштан ашуун жылдык эмгек жолунда К. Кондучалова Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, Ардак Белгиси, I жана III даражадагы «Манас» ордендери, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы, эл аралык Курманжан датка сыйлыгы менен сыйланган.

Эмилбек уулу Айбек, УКГнын ИИ боюнча директорунун орун басары

Айбат гезити №127




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru