Айбат » Гүлжигит Калыков, ырчы: “Чет жактан сунуштар түштү…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Гүлжигит Калыков, ырчы: “Чет жактан сунуштар түштү…”

Гүлжигит Калыков“Жамгыр төктү” деп обон созуп кыргыз желегин түрк тилдүү өлкөлөргө желбиретип, биринчи орунду камсыз кылып келген ырчы мырзабызды жаштардын кимиси гана билбейт. Өзүнүн мукам үнү менен жаштардын жүрөгүнөн орун албай улуу муундардын да кызыгуусун арттырып, алардын да жүрөгүнөн орун табалаган.  Кыргыз эли сыймыктана алган ырчы мырзабыз Гүлжигит Калыков бизде конокто

- Концертке даярдыктарыңыз кандай?

– Концерт 10-майда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Ушул эле концерт 12-13-майда Ош шаарында, 14-майда Жалал-Абадда, 15-майда Баткенде өтмөкчү. Бишкектеги концертимде жеке өзүмдүн талантымды тартуулап, жаңы альбомумдун бет ачары болот. Буюрса, ырларымдын үстүнөн жана бийчилер менен иштешип, катуу даярданып жаткан учурум.

- Ар бир ырчы кандайдыр бир максат менен концерт коет эмеспи, сиз кандай максатта концерт бергени жатасыз?

– Менин максатым – эч кандай акча топтоо үчүн же башка бир максат үчүн эмес, кудай берген талантымды элге тартуулагым келет. Концерттен пайда көрө албайсың. Себеби, филармониянын залы толуп турса дагы түшкөн каражатка караганда концертке чейинки кеткен чыгымдар эки эсе көп болот.

- Чыгым демекчи, акча каражаты жагынан колдоо көрсөткөн инсандар жокпу?

– Концертке кеткен чыгымдардын баарын өзүм көтөрүп жатам. Акча каражаты жагынан колдоо көрсөтө турган демөөрчүлөрүм деле жок.

- Кыргыз элинин ырга болгон табити кандай деп ойлойсуз?

– Учурда коомчулук шайыр мүнөздөгү жеңил ырларга басым жасоодо. Бирок,  жеңил-желпи ырлардын көбөйүшү бул бир гана коомчулуктун талабы деп айтуудан алысмын. Себеби, кээ бир ырды улуу муундан тартып жаш балага чейин жактырып ырдаса, кээ бир учурда маанисине түшүнбөгөндөр да болушу мүмкүн. Ошондуктан, бир гана стилде ырдабастан баардык стилде ырдап, ар бир күйөрмандын көңүлүнөн орун алуу ырчынын милдети. Мисалы, мен классика, фольклор, эстрада жана башка стилде ырдаганга аракет кылам.

Гүлжигит Калыков- Байкашыбызга караганда сиз өзүңүздү ар тараптан сынап жүрөсүз. Актерлук, алып баруучулук жана спорт жагынан да жакшы талантыңыз бар. Бул кесиптин баарын бирге алып жүрүү сиз үчүн кыйынчылык жараткан жокпу?

– Чындыгында баарын бирге алып кетүү өтө кыйын. Балким менин жандүйнөм ошол нерсени каалап тургандыктанбы, айтор баардыгына жетишүүгө аракет кылып жатам. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей, өзүмдү ар тараптан сынап, көп өнөрдүн ээси болгум келет.

- Алып баруучулук талантыңыз өзүңүзгө жарашат экен. Алып баруучулукка сунуш киргизсе макул болосузбу?

– “Замана” студиясынын эмгек  жамаатынын сунушу менен эки жолу күйөрмандарым менен көрүшүп, алып баруучулук милдетимди аткардым. Бул аталган студиянын жылдыздар менен бирге таңды тосуу долбоору. Бирок,  ал жактан эч кандай сунуш түшө элек. Эгер, бизге келип иштеп бер десе, албетте убакыт таап иштемекмин.

- Сарамжалдуулардын катарына киресизби?

– Сарамжалдуулардын катарына кирсем керек, себеби акчамды ар нерсеге корото бербейм. Тапкан акчамдын баардыгын ата-энеме берем. Жакындарым жардамга муктаж болсо жардамымды аябайм.

- Чет жактан иштешүүгө сунуш түшсө эмне кылат элеңиз?

– Кыргыздын желегин желбиретип дүйнө жүзүнө тааныта алган жаш таланттууларыбыз абдан көп. Арасында акча каражатынын, демөөрчүүлөрдүн, колдоочулардын жетишсиздигинен чыга албай башка чет өлкөлөрдүн атынан иштеп жаткандар жок эмес. Мага деле буга чейин чет жактан сунуштар түшкөн, бирок өз элимди, жеримди таштап кете алган жокмун. “Бөтөн элде султан болгончо, өз элиңде ултан бол” дегендей, өз элим үчүн гана кызмат кыла бермекчимин.

Жазгүл Жолдошбекова

Айбат гезити №127



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru