Айбат » Ширин Айтматова үч жаштагы кыздын зордукталганын айтты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ширин Айтматова үч жаштагы кыздын зордукталганын айтты

детсвое насилие

Депутат Ширин Айтматова “Парламент” радиосунун “Балдарга зомбулук. Аны менен кантип күрөшүү керек?” темасындагы түз уктурууга катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Ширин Айтматова КР Ички иштер министрлигинин балдарга карата жасалган зомбулуктун азыркы абалы боюнча маалымат берди. Расмий маалыматтарга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4 айында өлкөдө 5 бала өлтүрүлүп, 43 бала сексуалдык зордуктоого кабылган, ал эми 8 бала уруп-сабоонун кесепетинен майып болгон.

Депутаттын пикиринде, мындай абал балдарды зомбулуктан коргоо механизмдеринин жоктугунан улам болууда. “Мага көптөгөн ата-энелер, жарандар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү кайрылып, балдарга зомбулук көрсөтүү фактыларын билдиришет. Эгер алар болбогондо, көптөгөн зомбулук көрүнүштөрү ачыкка чыкпай калмак”, – дейт ал.

Айтматова жакында Чүй облусунун Сокулук районунан үч жашар кыздын туугандары кайрылганын айтат. “Ал кыз прокуратура кызматкеринин тууганы болгон эркек киши тарабынан зордукталган. Мен аралашкандан кийин гана кылмыш иши козголду”, – дейт.

Ошондон улам, депутат ушуга окшогон көйгөйлөрдү чечүү үчүн педофилдерге карата химиялык бычуу жолжобосун киргизүүнү колдой турганын билдирди.

Мындай чара дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө колдонулат.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/225758




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru