Айбат » Самат Эмилбеков, “Боец” клубунун мушкери: “Спорттун келечеги жарык жана жаркын”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Самат Эмилбеков, “Боец” клубунун мушкери: “Спорттун келечеги жарык жана жаркын”

Самат ЭмилбековТуулгун жылы: 1991

Жерлиги: Токтогул району

Үй-бүлөөлүк абалы: бойдок

Кызыгуусу: спорт ,мергенчилик

Каймана аты: Пантера

Кыргыз республикасыны эки жолку чемпиону

Азия-2014 чемпионаттынын катышуучусу

“NAGA»грепплинг спорт туурубоюнчаэкижолку чемпион

 

Самат Эмилбеков-Маегибизди алгач таанышуудан баштасак, өзүң жөнүндө айта кетсең жана спортко кандай болуп келип калдың?

-Жала-Абад областына караштуу Токтогул районуда төрөлүп өскөм. Мен спортко 2 классымдан баштап 8 класска чейин  спорт чөйрөсүнө аралашып, күрөш менен алектенип  келгем. 9 калассты аяктап , Россияга барып  келдим . Анан келип Аслан деген байке менин алгач машыктыруучум болду.   Аслан агайда 1 жылдай машыгып жүрдүм.

-Биздин билишибизге карганда сен “Боец” клубунун мушкерисиң? “Боец” клубунда балдар көп, тандоо кандай жол менен жүрөт?

-“Боец” клбунда мыкты мушкер балдар көп. Биздин тандоо  өзүбүздү көрсөтүүдөн башталат. Турнирлерге чыгып өзүндү татыктуу көрсөтө алсаң, сенин ордуңду эч ким талаша албайт.

-14-апрелде болуп өткөн мушташда атаандашың казак мушкери болуптур, ошондогу сезимдериңден бөлүшүп кетсең?

-Ооба менин атаандашым казак болгон. Мушташка чыгып бараткан сезим менен утушдан кийинки сезим экөө такыр эки башка. Анткени чыгып баратканда кандай болуп кетет, өзүмдүн өлкөмдө болуп жаткандан кийин утулуп өз элиме уят болбосом экен деген сезимдер курчап алат. Ал эми утуп алгандан кийин сенин жүзүң жарык болуп элдердин кол чаап колдоосу сезимиңди көклөтүп, сүйүнүч пайда болот. Жүрөктүн кубануусу, көөдөндүн көтөрүлүшү, кыргыз болуп жаралганыңа  сыймыктануу деген сезимдер кыргыздын желеги көтөрүлүп же желекти кармап алып желбиреткенде  бүт денеңди каптап чыгат. Ал учурдагы сезимди түшүндүрүүчү сөз жок, түшүндүрө да албайсың.

Самат Эмилбеков- Май айында  боло турган мушташдагы атаандашың ким жана кайсы улуттун мушкери болот?

-30-майда боло турган мелдешде менин атаандашым тажикстандын мушкери болмокчу. Биздин таймашыбыз  77 кг салмакта мушташ жүрмөкчү

- Жаштарга бере турган акыл насаатың?

Самат Эмилбеков, Мудорокшоев-Эми жаштарга не деп айтмакчымын, спорт менен машыгуу бул адамды бир тартипке келтирүү, жаман нерселерден алыс кылып, өзүн бул жашоодо пайдалуу адам катары түшүндүрөт. Спорт менен машыгып жүргөн адамдардын биринчи душманы бул арак менен тамеки болуп саналат. Андыктан тамеки менен арак ичип биз эч пайда таба албайбыз жана анын жакшылыгын көрө албайбыз. Кыскартып айтканда спорттун келечеги жаркын дейт элем.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №127




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru