Айбат » Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңишке 70 жыл!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңишке 70 жыл!

Президент жана ардагер2015-жылдын 9-майында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы белгиленет. Өкмөттүн берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 1 миң 200 ардагер гана калды. Былтыр 300дөй ардагер каза болгон.

Кече, 2015-жылдын 6-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АтамбаевМосква шаарында өтө турган Жеңиштин күнүн 70 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуучу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушуп, «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл» мааракелик медалдарды тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы ардагерлерди келе жаткан майрамы – Жеңиш күнү менен куттуктап, бул майрам кыргызстандыктар үчүн өзгөчө маанилүү болгон жана ар дайым болуп кала берээрин белгиледи. “Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана сиздердин эрдигиңиздерди унутпайбыз. Сиздердин атыңыздар ушул согуштун тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калат,” – деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаевдин колунан «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл» мааракелик медалдарды ардагерлер Мухтар Нургазиев, Сатымкул Садыков, Тенти Тамашаев, Асек Усубалиев, Садила Сейдакматов, Анатай Кутманбетов, Алексей Варавин, Садыбакас Ералиев, Мама Бакиров, Топонбай Чотбаев, Шаабай Шатманов, Арзыкул Мамарасулов жана Курманбек Акунов алышты.

Президент жана ардагерлер

 

Орусиянын расмий маалыматына таянсак Улуу Ата-Мекендик согушта көз жумгандардын саны СССРдин карапайым калкынан 8,6 млн болгон. Аскер кызматынан өлгөндөр жана туткунга түшүп көз жумгандар 4,4 млн. Ар кандай кырдаалда көз жумгандардын санын кошкондо ал 26,6 млн.го жеткен. Германиянын өзүндө 4,046 млн. аскер кызмат убагында өлсө, ал эми жаракаттан улам көз жумуп, дайыны жоголгондордун саны, туткунга түшкөндөр менен бирге 442,1 миң болгон. СССР менен Германиядан 11,5 млн. туткун көз жумган.

Негизи согуш убагында канча адам көз жумгандыгын тактоо 1980-жылдары гана жанданган. Ага чейин 1946-жылы Сталиндин СССР жети миллион адамды жоготкон десе, Хрущевдун учурунда бул сан 20 миллионго жеткен. Акыркы 1988-1993-жылдары тарыхчылардын статистикалык изилдөөсүнүн негизинде мындан да көп жоготуу болгондугу ачылган.

Улуу Ата-Мекендик согушта көз жумган 20 жаштан 29 жашка чейинки жоокерлер 20 млнду түзгөн. Ал эми курман болгон аялдарда да ушунча жаштагылар басымдуулук кылат. Чет өлкөлүк тарых изилдөөчү М.Хайнес экинчи дүйнөлүк согушта СССР 42,7 млн. адамын жоготконун айтат. Ар кайсы тарыхчы ар кандай маалыматтарды айткандыктан канча адам курман болгондугу тууралуу так маалымат жок. Бирок, 26-42 миллиондун ортосунда болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

 

Кырылган кыштак, бомбаланган шаарлар

1943-жылга чейин СССРден 1710 шаар жана шаар тибиндеги кыштактар, 70 миң кыштак жана айыл, 32 миң өндүрүш, 98 миң колхоз бомбаланып, 1876 совхоз талкаланып, өрттөлгөн. Мамлекеттик комиссия мындай чыгымга СССРдин казынасынын 30ы кеткенин айтат. Согушта материалдык чыгым ошол кезде эки триллиондон ашык рублди түзгөн.

Улуу Ата мекендик согушта 11 миңден ашуун адам Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Алардын ичинен 104 жоокер эки жолку баатырлыкты алса, Г.К.Жуков, И.Н.Кожедуб жана А.И.Покрышкин үч жолку баатырлыкты алышкан. Бул баатырдык наамга татыгандардын 35 30 жашка чейинки жигиттер болсо, 28  30-40 жаштан жогорулар болгон. Алардын ичинен 87 аял баатыр наамын алган. Аялдардан эң биринчи Зоя Космедемьянскаяга беришкен. Бирок, ал курман болгондон кийин алган. Тарых барактарында Улуу жеңиш жалаң жаштардын жанын алгандыгы баса көрсөтүлөт.

 

Кыргыздын баатырлары

Ал эми Кыргызстандан кан майданга 365 миң жоокер аттанган. 150 миңден ашыгы курман болгон. Алардын беш миңи ушул кезге чейин дайынсыз. 72си Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болгон.

Жылдан жылга ардактуу ардагерлердин катары азайууда. Ал эми учурда Кыргызстанда Советтер Союзунун Баатыры наамын алган бир да ардагердин көзү тирүү эмес.

СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1941ж. 22-июнундагы Указына ылайык өлкөдө аскерге милдеттүүлөрдү жалпы мобилизациялоо иши башталган. Бул иштин жүрүшүндө Кыргызстанда 385-аткычтар дивизиясы, кийин 40 жана 153-аткычтар бригадалары, 2 улуттук атчандар дивизиясы түзүлүп, алар республиканын өнөр жай ишканалары жана колхоздору тарабынан жабдылган.

Булардын ичинен согушка биринчи болуп Кыргызстандын аскер комиссары генерал-майор И. В. Панфилов командалык кылган 316-аткычтар дивизиясы кирген. Бул дивизия Казакстан менен Кыргызстандын өкмөттөрү тарабынан түзүлгөн. Дивизиянын курамы ушул эки республиканын дыйкандарынан, жумушчуларынан жана кызматкерлеринен турган. Анда казак, кыргыздардан тышкары орустар, украиндер ж. б. улуттардын өкулдөрү болгон. Москваны коргоо үчүн 1941-ж. ноябрда болгон согушта бул дивизиянын жоокерлери өздөрүнөн төрт эсе күчтүүлүк кылган душман менен кармашкан. Бир ай бою өздөрүнүн чегин бекем кармоо менен дивизиянын бөлүктөрү душмандын 2-танкалык, 29-мотордоштурулган, 11-жана 110-жөө аскерлер дивнзиясын талкалап, 9 миң немец солдаттары менен офицерлерин, 80 танканы жана башка куралдарды жок кылышкан.

Командованиенин тапшырмасын үлгүлүү аткаргандыгы үчүн 316-аткычтар дивизиясы 8-гвардиялык деген наам алып, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Волоколамск районундагы, Гуськово деген кыштактын жанында 1941-ж. 18ноябрда И. В. Панфилов курман болгон. Өлгөндөн кийин ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилип, ысымы өзүнүн дивизиясына ыйгарылган.

Андан тышкары Советтер Союзунун Баатыры деген наам Панфилов дивизиясынын 28 жоокерине ыйгарылган. Алардын ичинде кыргызстандык Дүйшөнкул Шопоков (бул кыргыздардан чыккан биринчи Советтер Союзунун Баатыры эле), Николай Ананьев, Григорий Шемякин, Григорий Конкин, Иван Москаленко, Григорий Петренко, Иван Добробабин болгон

Воронеждин түштүк жагында Дон дарыясынын жээгиндеги согушта 1942-ж. б-августта Чоллонбай Түлөбердиев душмандын дзотун көкүрөгү менен жаап, өлбөс өчпөс эрдик көрсөткөн. Ага 1943-ж. 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган.

Сталинград үчүн согушта артиллерист, наводчик, сержант Дайыр Асанов эрдик менен салгылашкан. Ал 1943-ж. январда таамай атуу менен адегенде танканы, миномет батареясын жана душмандын ротасын талкалаган. 23-мартта Харьковдун жанындагы Пятницкое кыштагы үчүн салгылашта Д. Асановдун орудиелик тобуна душмандын 8 танкасы, анын артынан автоматчылар чабуул коёт. Бул беттешүүдө Асанов үч танканы иштен чыгарат, калганы кайрылып качууга аргасыз болгон. 20-25 минуталык авиациялык бомбалоодон жана артиллериялык атуудан кийин душмандар экинчи жолу чабуулга өтөт. Дайыр жалгыз калганына карабастан дагы эки танканы атып токтотот. 4 саатка созулган согушта Асанов 8 танканы, 6 бронемашинаны жана 40 фашистти жок кылган. 1943-ж. 26-октябрда ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган.

1942-ж. декабрда Кавказ үчүн болгон кармаштардын биринде отделениянын командири Акун Садырбаев душмандын ага кезеги менен ыргытылган 16 гранатасын кайра душманга ыргытууга жетишкен. 17-граната анын колунда жарылып, курман болгон. Вул эрдиги үчүн ал Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Анын жолдоштору болсо жардам келгиче, бир сутка бою ордунан жылбай 60 душманды жок кылган.

1942-1943-жж.  салгылаштарда көп улуттуу 8-гвардиялык Панфилов атындагы аткычтар дивизиясы өзгөчө ийгиликтерге жетишкен. Андагы жоокерлердин 18,5 пайызын кыргыздар түзгөн. Дивизиядагы снайперлер Токтогул Шабеков, Алымкул Абибулдаев, Бозжигит Турдубаев ар бири 25тен 150гө чейин гитлерчилерди атып өлтүрүшкөн.

1943-ж.   сентябрда Днепр дарыясынан өтүүдө Кыргызстандын жоокерлери укмуштуудай эрдиктерди көрсөткөн. Бул жерден сержант Анварбек Чортековдун взводу айырмаланган. Алар суудан сүзүп өтүшүп душмандын төрт чабуулунун мизин майтарган. 30 гитлерчини жок кылган. Эрдиги үчүн Чортеков Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон.

1942-ж. аягында Панфилов дивизиясынын жоокерлеринин бир тобу ага сержант Ашырбай Коёнкозовдун командалыгы менен душмандын тылына атайын тапшырма менен жөнөтүлгөн. 1943-ж. январда алар Псков шаарына жакын жерден 7-ленинграддык партизандар бригадасына кошулган. Көп узабай Коёнкозов 2-партизандык отряддын ротасынын командирлигине дайындалган. Ал жетектеген рота душмандарга күндүр-түндүр тынчтык берген эмес. 1943-ж. декабрда эле алар 10 эшелонду, 10 паровозду 20дан ашуун вагондорду талкалаган. 1943-ж. декабрда Коёнкозов жана анын жоокерлери Псков шаарынын жанында душман менен болгон салгылашта эрдик менен курман болушкан.

1944-ж.   Эстониянын Нарва шаарына жакын жердеги салгылашта кыргыз учкучу Исмайылбек Таранчиев өзүнүн жалындап күйгөн самолёту менен душмандын май куючу станциясын сүзүп, анын жанындагы алты танканы, ондогон немец солдаттарын жардырган. Анын эрдиги учурунда унутта калып, Советтер Союзунун Баатыры деген наам ага 1991-ж. гана ыйгарылган.

1944-1945-жж. чабуулдарда да СССРдин бардык элдеринин жоокерлери бир катарда эрдик менен согушушкан. 1944-ж. Ленинграддын алдындагы салгылашта кыргыз жоокерлери О. Жетикашкаев, Ж. Рустамов, М. Юнусалиев ж. б. өзгөчөлөнгөн.

Молдавиянын Дубоссары шаарынын жанында 1944-ж. апрелде орудиянын наводчиги К. Жаркымбаев душмандын 2 пулемётун, 25 солдатын талкалаган. Бул салгылашта Жаркымбаев душмандын беш жолку чабуулунун мизин кайтарган. Бул эрдиги үчүн ал Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон.

1944-ж.   июнда Белоруссиядагы салгылаштарда көрсөткөн эрдиктери үчүн ефрейторлор О. Якубов менен Ж. Асаналиев, лейтенант Д. Пичугин, майор Н. Калашников, сержант Е. Курочкин, лейтенант Л. Царенко, пулеметчик Р. Азимов, лейтенант С. Сухин, катардагы жоокер А. Хименко ж. б. Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушуп, кыргызстандыктардын даңкын чыгарышкан.

Согуштун түрдүү этаптарында Ленинградды, Ржевди, Великие Лукини, Новгородду, Псковду, Нарваны бошотууда Кыргызстандын 660 жана 664 түнкү бомбалоочу авиациялык полктору активдүү катышышкан. Алардын ичинен кыргызстандык аял Е. Пасько 780 жолу түнкү бомбалоого учуп чыгып душмандарга бардыгы 93 тонна бомба таштаган. Анын бомбаларынан душмандын маанилүү объектилеринде 109 жолу өрт чыккан. Советтер Союзунун Баатыры Е. Пасько өзүнүн командасы менен душманга далай жолу бүлүк салган.

1945-ж.   16-апрелде фашизмдин цитадели Берлинди штурмалоо башталган. Өтө күчтүү артиллериялык соккудан кийин советтик аскерлер чабуулга өтүшкөн. Бул салгылаштардын биринде батальондун саясий жетекчиси Калыйнур Үсөнбеков жоокерлерге күчтүү дем берген. 14-февралдагы бетме-бет салгылашта К. Үсөнбеков душмандын 7 солдатын сайып өлтүрүп, экөөнү колго түшүргөн. Күжүрмөн тапшырманы ийгиликтүү аткаргандыгы үчүн лейтенант К. Үсөнбеков Советтер Союзунун Баатыры болгон.

Согуштун аяк жагында Полыпа үчүн салгылашта пулеметчу А. Оторбаевдин эрдиги Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон. Ал Одер дарыясынан өтүп жатканда душмандын беш чабуулунун мизин кайтарып, 25 солдатын жок кылган.

Берлин үчүн болгон салгылашта жердештерибиз учкуч-штурман, Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Т. Бегелдинов, взводдун командири Советтер Союзунун Баатыры В. Бельяндра ж. б. өзгөчө эрдиктерди көрсөтүшкөн.

Ошентип, Улуу Ата Мекендик согушта Совет эли эркиндик, көз каранды эместик үчүн жан аябай салгылашкан. Көп улуттуу Кызыл Армиянын катарында Кыргызстандан барган 300 миң жоокер да Ата Мекенди коргоонун үлгүлөрүн көрсөтүшкөн. Согуштагы эрдиктери үчүн 10 миң кыргызстандык жоокер орден жана медалдар менен сыйланышкан. Алардын 76сы Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушкан. 29 жоокер Даңк орденинин үч даражасын тең алышкан. Кыргызстандык жоокерлердин көпчүлүгү мекенинин, өз элинин эркиндиги үчүн курман болушкан.

Айбат гезити №127




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru