Айбат » Бактысына табылгандай элимдин, Байкай билгин, торгой үнүн Керимдин

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Бактысына табылгандай элимдин, Байкай билгин, торгой үнүн Керимдин

Керим ТураповЫрга айланган өмүр

Май айы майрамдарга бай ай. 1-майда Т. Сатылганов атындагы кыргыз улуттук Филармониясынын чоң залында КРнын эл артисти Керим Тураповдун 30 жылдык отчёттук концерти элдин эсинде калды десем жаңылышпайм.

«Музыка-жападан жалгыз дүйнө  тили, ага сүйлөөнүн кажети жок, жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет» деп Авербах Бартольд айткан экен. Андыктан  жакшы обонду котормосуз эле түшүнсө  болот.  Керим ага  А. Жумакматов атындагы мамлекеттик симфониялык оркестр менен эриш-аркак  иштешкенине мына быйыл 30 жылдын жүзү  болуптур. Оркестрдин башкы дирижёру жана көркөм жетекчиси  КРнын эмгек сиңирген артисти Рахат Осмоналиев менен Керим Турапов көп жылдан бери бир-биринин ой-мүдөөсүн жакшы түшүнүп, мыкты чыгармаларды биргеликте элге тартуулап келишет.

Опера ырчысы  обончу-композиторлордун  ой-максатын, айта турган тилегин аңдап, обондун кулк-мүнөзүн, темпин, ритмин, ньюанстарын, гармониясын түшүнүп аткара алат. Бирок маселе башкада бардык эле опера ырчылар мындай аткаруучулукка ээ боло беришпейт, алар сейрек кездешет. Керим ага ошол сейректердин бири. Ошол концерте Жозеппе Вердинин «Риолетто» операсынан Герцогдун ыры болобу же «Шарманка» романсы болобу өз ыгынан бузбай кылдаттык менен жеткире ырдаганы бул таланттын кереметтигин айгинелейт.

 

Келечек жаштарда

Чындыгында опера жанры-татаал жанр. Опера жанрын тандаган өнөрлүүгө талыкпаган эмгек талап кылынат. Керим ага жаш опера ырчыларын тарбиялап келүүдө.  Дүйнөлүк  композиторлор Лео  Делив,  Луижи  Денца, Жозеппе Вердинин чыгармаларын Т. Найманбаев, А. Момунова, Э. Самарбекова, Э. Мараимовдор көрүүчүлөргө тартуулашты. Ал эми «Аккан арыктан суу агат» демекчи Керим аганын кызы Айтурган Турапова К. Джонстун «Октябрь» чыгармасын узун манжалары менен рояльда сыздатканда уккан адамдын жүрөгүн дирилдетпей койбойт.

 

Айлыңды эске салган ыр

Концертте  кыргыз элитасы чогулуптур. Айрыкча  күйөрмандардын  күткөнү  концерттин аталышындагы ыр «Айылга кат» аттуу ыры экени четте байкап турган адамга даана байкалып турду. Акын Надырбек Алымбековдун «Айылга кат» аттуу ырына Керим мырза обон жараткан. Обончулар акындар менен тыгыз байланышта болсо алардын ыры да жемиштүү  болот.  Экөө бири-бирин толуктап турат. «Айылга кат» ыры кудум биздин замандаштарды сүрөттөп койгон. Алыста жүргөн мигранттар бул ырды укканда туулган жерге болгон кусалыгы, үйүнө  болгон сагынычы таамай чагылдырылган. Мына акындын бийийктиги, мына обончунун улуулугу ушунда жатат.

 

Кан тамырды жара тепкен музыка

Эгер адам баласындагы лейкоциттин ордуна ноталар агып турган болсо, Керим аганын кан тамырында кайсы чыгарма айланып тураары мага кызык болду. Бул таланттын да кан тамырында ноталардын айланып тургандыгын алар ага жашоо, дем, эргүү берип тураарын сезип жаттым. Аалам өзү жети нотанын ыргагында айлануусу. Жети нотанын өзү биз көрбөгөн жети катмарда иштөөсүнөн али анча кабарыбыз жок. Керим аганын кан тамырында ноталар айланып турган болсо, чындыктын, табият, ааламдын, кудуреттүү Кудайдын күчүн сезүүчү, ойготуучу чыгармалар жаралса керек деп ойлойм. Себеби, Керим Турапов чыгармачылыктын чыйыр жолунда  эчендеген белести, дабан ашууну ашты. Дагы да аша бермекчи. Анткени чыгармачылыктын чеги болбойт эмеспи.

 

Керим ТураповДаңкка жараша жүк

«Атагым чыкканын каалайм, бирок ал баламдын бешигине, анан атамдын көрүнө  жарык берип турса болду» деген экен бир аалым. Кандай болгон күндө  да, адам баласы бул жарыкчылыкка келген соң  атын түбөлүк калтырууга белсенет экен. Чыныгы атак-даңк бул сый-урмат, кадыр-барк, кетпес дөөлөт, көзгө  көрүнбөгөн бийлик. Керим Турапов ким? Керим Турапов КРнын эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты, К.У.К. профессору, Манас орденинин кавалери, А. Жумакматов атындагы симфониялык оркестрдин солисти  жана көптөгөн сыйлыктардын ээси. Атак-даңктын да оң  жана терс жактары болот, аны да көтөрүү алда канча оор экенин бардык пенделер түшүнө бербес. Керим ага  кадыр-баркын түшүрбөй, чыгармачыл дараметин жоготпой келгени тескерисинче мурункусунан да күчтүү, алда канча курч экени концертинде байкалды.  Заманыбыздын залкарына кааларым  Жаратканым ыроологон үнүн өчүрбөй элдин, күйөрман-угармандардын сый-урматына татып жүрө  берсин.

 

Мыкты уюштуруучу

Бармак тагы бир-бирине окшобогон сыяктуу Маданияттын мыкты кызматкери, продюсер Жыргал Шакиевдин  стили өзгөлөрдөн өзгөчө. Зергер таштын сырын билгендей, ар бир өнөрлүүнүн купуя сыры бардай. Ошол сырдуулугу менен башка таланттардан айырмаланып турат окшобойбу.  КРнын эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты, Керим Тураповдун «Айылга кат» аттуу концерттин өтө чеберчилик менен уюштурганы «Алтын үн» продюсердик борборунун жетекчиси Жыргал Шакиевдин эмгеги эмей эмине.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №127




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru