Айбат » Руслан Эмилбек уулу, “Боец” клубунун мушкери: “Спортко келип машыгып, пайда алган жакшы”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Руслан Эмилбек уулу, “Боец” клубунун мушкери: “Спортко келип машыгып, пайда алган жакшы”

Руслан Эмилбек уулуТуулгун жылы: 1990

Жерлиги: Нарын району Учкун айылы

Үй-бүлөөлүк абалы: бойдок

Кызыгуусу: спорт ,балык улоо

“Кулатуу” “NAGA” грепплинг боюнча спорт чебери

Каймана аты:  Шер

Азия-2014 чемпионаттынын катышуучусу

 

Руслан Эмилбек уулу-Ассалоомуалейкум Руслан Мырза! Кайсы жердин кулуну болосуң жанаспортко кантип келип калдың?

-Мен Нарын областынын Учкун деген керемет, кооз айылында жарык дүйнөгө келгем. 1997-жылы мектеп босогосун аттап, 2008-жылы мектепти аяктап ошол эле жылы борборубуз болгон Бишкек шаарына келип Дене тарбия  институтуна тапшыргам. Менин спортко болгон кадамдарым ошол окуу жайдан башталган десем жаңылышпасмын.

-Сен спорттун кайсы түрү менен машыгасың жана биринчи мелдешдик мушташың?

-Мен спорттун Кулатуу түрү менен машыгам. “Боец” клубунда. Машыктыруучубуз Эмил Токтокунов агайбыздан сабак алабыз. Ал эми эң биринчи мелдештик мушташым ошол эле дене тарбия институтунан ич ара мелдештеринде чыккам.

- Болуп өткөн мелдешдеги атаандашың жөнүндө айта кетсең?

-Атаандашым Казакстандын 2 жолку чемпиону Көкөнбаев Камбар аттуу казак мушкери болду. Казак мушкери күчтүү жана таланттуу мушкер болгондуктан аны утуш кыйын болду. 2 раундда гана утушка ээ боло алдым.

-Жакында боло турган, тактап айтканда 30-майда боло турган мелдешке даярдыктар кандай жана атаандашың ким?

– Майда боло турган мелдешке даядыктарды көрүп жатабыз, кудайым буйурса машыгуга көлгө кетип жатабыз. Ал жактан жакшылап даярданып келебиз деген ишеништемин. Ал мелдешдеги атаандашымда белгилүү болду. Атаандашым  казак мушкери Мукатов Рустом деген казакстандын чемпиону.

Руслан Эмилбек уулу, Мукатов-Сенин көз карышың боюнча азыркы жаштардын спортко болгон кызыгуусу кандай?

-Бизде азыркы тапта намаз окуган жаштар көбөйдү аны менен бирге спорт менен машыгып, алектенип жаткандарда көп. Мындай көрсөткүч эмнени айтып жатат? Албетте жаштар жакшы, таза, түз жолдогу жашоону тандап жаткандыгын айгинелеп турат. Жаштарга айтаарым арак ичип, тамеки чегип ден соолугунарга зыян келтиргенден көрө залга келип машыгып, спорт менен алектенип ден соолукка пайда алып келгиле демекмин.

-Дүйнөлүк мушкерлердин кимисинин мушташын кызуу артып көрөсүң?

-Дүйнөлүк мушкерлерден мага Джонс Джонс, орустардын Хабиб Нурмухамедовдордун мушташтарын кызыгуу менен көз салып көрөм.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №127




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru