Айбат » Табыптарды көзү ачыктан жана бакшылардан айырмалай албай жатабыз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Табыптарды көзү ачыктан жана бакшылардан айырмалай албай жатабыз

Байсереков Кубатбек, элдик дарыгерОкурман  бүгүн  дагы сиз менен бул  газета аркылуу  жолугуп  жатканыма ыраазымын.

Табыптарды азыркы учурда көзү ачыктар жана бакшылардан айырмалап ала албай келебиз. Табыптар кан тамыр аркылуу ооруну аныктап, кандай айыктыруунун жолун  издейт. Белдеги омурткалар жылып  кетсе  же омурткалардын жылышканын түздөп, оңдоп ордуна келтире алат. Дары чөптөр аркылуу денедеги  ооруларга таасир эте алат. Мен билгенден табыптар эч качан төлгө салып жол ачканын көрө элекмин. Табып кан  тамыр аркылуу  денедеги кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын билип, ошого жараша чара көрүшү керек. Дарыгер адамдын денесиндеги мурунку жана жаңы пайда болуп келе жаткан ооруну дагы айырмалай билүүсү абзел. Бардык ооруну айыктырып жиберемин деп айтыш өзү оор. Сизге дарыгер акыл кеңешин айта алат, чөп дарыларын жасап берет, денеңизди ушалап жибитет.  Бардык оорунун шыпаасын биз башка адамдардан же мындайча айтканда дарыгерлерден издеп жүрөбүз. Оорунун шыпаасы сиздин ичиңизде. Анткени дарыгер  сиз  менен чогуу кечке жүрбөйт, муну ойлонбо, тиги тамакты ичпе же кайгырып санаа чекпеңиз деп. Дарыгер эмне кыла алат деген суроо  жаралышы мүнкүн. Дарыгер сиздин аң сезимиңизди, уйкуңузду,  тынчтандыруучу, ичтеги туура эмес заттардан  арылтуучу, тамакты сиңирүүчү,  каныңыз аз болсо кан көбөйтүүчү же кан басымыңыз жогору болсо төмөн түшүрүүчү дары чөптөрдүн аралашмасын  даярдайт. Мен бардык дары  чөптөр,  адамдарга бирдей таасир  берет дегенден алысмын. Кан тамыр аркылуу аныктап  бул дары чөп жагат  же жакпайт десе болот.  Биздин денеде сексен пайыз  суу болгондуктан, суу же кан малыматка эгедер. Денедеги болуп аткан өзгөрүүлөрдү толук  кан тамыр аркылуу  окуп  алганга болот.  Бул дагы дарыгердин жан дүйнөсүнө жараша болот. Эгерде, дарыгер өзү ооруп  атса сизге кандай жардам бере алат.  Биз денени бөлөк-бөлөк караганды үйрөнүп алганбыз. Азыркы биздин милициядай  эле бул  кылмышкер биздин райондуку эмес тиги райондуку деген сыяктуу. Авициннада жазылат “эгер бир орууну айыктырам десең кошуна жаткан органды дарыла” деп. Мисалы баш ооруну айыктыргыңыз келсе, моюндагы хандросту кетириңиз, башыңызга кеңири кан өтүп башыңыз сергип калат. Ата бабаларыбыз денедеги ооруну экиге бөлүп келишкен “ысык, суук” деп.  Ал эми Авицинна муну төрткө бөлгөн “ысык, суук,  нымдуу, кургак». Нымдуу  бул  бөйрөк же табарсыкка суук тийип өзүнүн милдетин так аткарбай калганда денеге суюктукту көп кой берип коет, ошонун эсебинен пайда болгон шишикти нымдуу дейт.

Ал эми, адамдын жаны кыйналганда өтө арыктап кеткенин кургак деп бөлгөн. Бардык ооруну өзүбүз жаратабыз. Биздин ичибизде эмне көп, бул   жашоого болгон коркунуч, күмөн саноо, таарыныч, кыжырдануу, кызганыч, көрө албастык жана башка. Эң чоңу өзүбүзгө өзүбүздүн ишенбегенибиз.  Биздин эл айткандай “санаасы жок сары сууга семирет” деп. Биздин ичибизде ыксыз санаа көп болгондуктан ар кандай оорулардын түрүнө  жолугуп атабыз. Дагы бир биздин жаман жагыбыз курулай намысыбыз да. Бирөөлөр  деп коет, деп кетет же деп салат менен жашап калганбыз, өзүбүз үчүн жашабай. Сиздер канчалык аракет кылбаңыз «деп» кетчү киши «деп» кете берет. Ооруп аткан кишилерден качан эс алганы жөнүндө сурасаң, тынгылуктуу эс алганы жөнүндө айта алышпайт. Сиз канчалык ден соолугуңузду чыңагыңз келсе жаман ойлорду азыраак ойлонуңуз. Бир жаман адатты таштайм десеңиз жакшы адат табыңыз, ошону менен алек болсоңуз мурунку адатыңызды унутасыз. Ичиңиздеги коркунучту алып салууга  аракет кылыңыз, коркунучтун түрлөрү көп. Мурун Авициннага бир оорлуу адамды колтуктап алып  келишиптир.

Авицинна ал адамдын тамырын кармап көрүп “мен сизге бир нерсени көрсөтөйүн, сиз түшүнөт болушуңуз керек” деп эшикке алып чыгыптыр. Эшикке чыкандан кийин оорулуу адамга “бул  клеткада  карышкыр отурат, тиги клеткада болсо эчки отурат. Эчкинин алдында жеми, чөбү бары бар, бирок эчки байкуш арыктап өлгөнү  калды. Сиз дагы эчки болбоңуз, эми бара берсеңиз болот” деп узатып  коюптур. Эшикке чыкандан кийин оорулууну алып келген эки киши түшүнбөй калды. Оорулуу  адамдан,  дарыгер эмне  айтты  деп сурашыптыр. Анда оорулу  адам:  эчки жем,  чөбү баары жетиштүү турса дагы, каршкыр качан бошонуп келип, мени жейт деп атып   арыктап ооруп өлгөнү калыптыр. Сиз дагы ичиңиздеги коркунучту  алып салыңыз анан жакшы болуп кетесиз дегени- деп түшүндүрүптүр. Биз дагы коркунучтун азабынан кичинекей нерсени чоң кылып көрүп алабыз. Акчанын экваленттинне салып алып ооруй беребиз. Мен тиги дарыгерге бармак элем, акчам жок, ага жетпейт, буга жетпейт, дарылар мынча сом деп акчага барып такалабыз. Туура акчасыз жашоо болбойт, бирок, сиздин тегерегиңизде канчалаган дары чөптөр өсүп жатат. Жайында эрикпей барып терип алыңыз, жакшылап кургатып койсоңуз каалаганча пайдаланасыз. Буга дагы бир шылтоону таап чыгабыз. Болгону мойунубуздагы жалкоолукту алып сала албай жатабыз. Биздин аймагыбызда алтынга тете дары чөптөрүбүз бар, бирок анын баркын билбейбиз жана билгибиз келбейт. Сырттан келген саманга  окшош чөптөрдү кымбат баага жанталашып барып алып атабыз. Колдо турган алтындын баркы жок деген ушу. Канчалык кымбат дарыларды алсак дагы  айыга албайбыз. Себеби, анын акчасына кайгырып, сарсанаа болобуз.  Бардык нерсе сиздин жан  дүйнөңүздө. Биздин ички дүйнөбүз  канчалык таза болсо ,сырткы дүйнөбүз бекем болот, муну биз аура дейбиз. Сизге бирөөнүн сөзү, көзү, каргышы, дубасы дагы өтпөйт. Сиз оорудан толук айыгам десеңиз  өзүңүздү күчтүү  элестетүү дагы керек.  Келечегиңизди болгон оорудан айыгып күлүп  жайнап жүргөнүңүздү утур  элестете берсеңиз оору жөнүндө ойлобой дагы каласыз. Бул  сизге дем күч-  кубат берет, жаман ойдон алыстатат. Биздин элибизде “миң жаман ойдон, бир жакшы ой артык” деп бекер айтылган эмес. Бардык ооруну мен билгенден жаман ой менен ыксыз санаа жаратат. Эми окурман, сизге кааларым тунук акыл эс, таза көкүрөк ,оорудан алыс, күлкү- шатыкка жакын, маанайыңыз жарык   болсун! Бул жашоодо эч нерсеге муктаж болбоңуздар.

Айбат гезити №127



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru