Айбат » Конокко барганда саламаттыгыңыз үчүн 7 эрежени сакта

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Конокко барганда саламаттыгыңыз үчүн 7 эрежени сакта

Туура тамактанууКөпчүлүк менен чогулуп кафе- ресторандарга же үйгө конокко барып эс алуу абдан жакшы жөрөлгө эмеспи. Жайылган дасторкон, пикирлеш адамдар, ыр, күлкү жана музыка дегендей… Күнүмдүк көр- тиричилик көйгөйлөрүнөн аз да болсо алыстап мээ сергите турган жакшы учур. Бирок, маанилүү бир маселени эске алып коюу зарыл. Ал сиздин ден- соолугуңуз. Бул нерсени бардыгыбыз эле олуттуу деп эсептей бербейбиз. Андыктан конокко барган учурда саламаттыгыңыз үчүн 7 эрежени сактоону эсиңизден чыгарбаңыз.

 

Жеңил тамактануу

Конокко жөнөөрдүн алдында жеңил тамактанып алыңыз. Суюк тамак жасап ичсеңиз да болот. Муну менен конокто дароо эле көзүңүзгө көрүнгөндүн баарын жеп, ашыкча тоюп алуудан сактанасыз. Ошондой эле спирт ичимдиги сунушталса, ачкарын барсаңыз дароо эле мас болуп каласыз.

 

Ашыкча тамактанып албаңыз

Алгач жашылча салаттардан жана жер- жемиштерди кабыл алуудан баштаңыз. Алардын курамында витаминдер көп болгондуктан кийинки оорураак тамактарды жеңил сиңирип алат. Тамакты шашпай, ырахат алып жеңиз. Ар бир тамактын ортосунда сөзсүз түрдө тыныгуу жасаңыз. Сыртка таза абага чыгып же бийлеп убакыт өткөрүңүз. Биринин артынан экинчисин жей берсеңиз ашказанды кыйнап коёсуз. Ал бардыгын дароо сиңирип иштетип чыга албай кыйналат. Жыйынтыгында ооруга чалдыгасыз.

 

Газдалган суусундуктан алыс болуңуз

Айрыкча алкоголдук газдалган ичимдиктер баш оорууга алып келет. Анын курамындагы заттар сиңирүү процессин тездетип кана бат эле жетет. Андыктан газдалган ичимдиктерден алыс эле болгонуңуз оң. Эгер андан баш тартууга мүмкүн болбосо же андан башка суусундук болбосо бир тиштем шоколад салып коюңуз. Ал газ шарчаларын жок кылат. Ошондой эле түтүкчө менен ичкен да зыян.

 

Алкоголь жана шекер

Алкоголь менен шекерди эч качан бирге кабыл алууга болбойт. Алар бири- бирине терс таасирин тийгизет. Андыктан спирт ичимдигин ичкенден кийин закускесине шоколад жегенге болбойт. Эртеси башыңызды көтөрө албай кыйналасыз.

 

Тыныгуу жасаңыз

Спирт ичимдиги менен кошо газдалган суу да ичүүгө болбойт. Эң жакшысы ысык чай ичиңиз. Ар бир стакан ичкен сайын сыртка таза абага чыгып турсаңыз жакшы болот. Анткени таза абада канга кошулган спирт ичимдигинен пайда болгон таксиндерди айдап чыгат.

 

“Куралданып” жүрүңүз

Спирт ичимдиктерин көбүрөөк ичкендер улам апельсин жеп же табигый ширелерди ичип турушу маанилүү. Алар алгоколду нейтразациялашат. Ошондой эле спирт ичимдигин бир эле түрүн ичүү керек. Эгер аралаш ичсеңиз, анда сөзсүз түрдө организмиңизди ууландырасыз.

 

Суюктукту ченеми менен ичиңиз

Көп тамак ичип жана суюктукту ашыкча кабыл алсаңыз, анда ашказандын тең салмактуулугуна зыян келтиресиз. Андыктан маал- маалы менен ичип турган оң.

Айбат гезити №127




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru