Айбат » Кыргызстандыктардын III дүйнөлүк конкурсу “Акылтирек – 2015″

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Фонд » Кыргызстандыктардын III дүйнөлүк конкурсу “Акылтирек – 2015″

Акыл тирек“Прогрессивдүүдемилгелер фонду” Коомдук фонду “Кыргызстандын идеялуу картасы” коомдук долбоорду ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күндө кайрадан Кыргызстандыктардын IIIдүйнөлүк конкурсу “Акыл Тирек – 2015″ конкурсунун башталышы жөнүндө жарыялайт. Бул конкурс конкурстун бардык катышуулары, илимий чөйрө, ошондой эле республикабыздын бардык кызыкдар жарандары үчүн жылда өткөрүлүүчү салтка айланды.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча төмөндөгү төрт багыт боюнча

 мыкты эмгектер аныкталат:

  • Экономика(толугу менен бир маселени чечүүгө багытталат),
  • Мамлекеттик башкаруу(административдик-аймактык түзүлүш,кадр саясаты,мамлекеттик түзүмдөрдүн иш процесстерин оптималдаштыруу, коррупцияны тамырынан жок кылуу ж.б.),
  • Социалдык долбоорлор (билим берүү, маданият, медицинанын жеткиликтүүлүгү жана сапаты, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, эне менен баланы коргоо, менчик компаниялардын социалдык чөйрөнүн ишине кошулуусу боюнча чараларды иштеп чыгуу ж.б.),
  • Илимий-техникалык иштелмелер (аларды практикада колдонуу).

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар берилет. «АкылТирек» сыйлыгына ээ болгондор өлкөнүн интеллектуалдык ресурсунун маанилүү звенолоруна айланат.

 

Жеңүүчүлөрдүн-мыкты конкурстук эмгектин ээлеринин урматына «Акыл Тирек-2015» сыйлыгын тапшыруу салтанаты уюштурулуп, ушул жылдын күзүндө өткөрүлөт. Бул салтанат салтка айланып, биздин интеллектуалдардын күч-аракети менен өзүнүн логикалык жыйынтыгына чыгат жана өсүп келе жаткан жаш кесипкөй муундун максаттуу умтулуусуна айланат деп биз терең ишенебиз. Бул салтанаттын бедели жана бул сыйлыктын мааниси салтанаттуу окуяга тең тайлаша алат.

«АкылТирек» сыйлыгы- заманбап Кыргызстандын жана бүткүл Борбор Азиянын тарыхындагы стратегиялык изилдөө иштери жана инновациялар жаатындагы алгачкы сыйлыктардан болуп саналат, ал уникалдуу эмгектердин жана алардын авторлорунун мындан ары да алдыга өсүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Сыйлык 2013-жылдан бери жылына тапшырылып келет.

Аталган салтанаттын алкагында жеңүүчү авторлордун аттарын «Акыл Тирек» китебине киргизүү мерчемделүүдө. Бул китеп жылына чыгарылат, китепти чыгаруунун негизги максаты – Кыргызстандын көрүнүктүү инсандарынын аттарын түбөлүккө калтыруу. Бул китепке кирген инсандар биздин жарандардын интеллектуалдык дараметин ийгиликтүү ишке ашыруунун анык мисалы жана келечек муундарга үлгү болуп берет.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу изилдөө эмгектериңиздерди 2015-жылдын 1-июлуна чейин fpi.kg@mail.ru. электрондук дарегине жөнөтүүңүздөрдү суранабыз.            Толук маалыматты Фонддун www.fpi.kg сайтынан жана 0312 690547 (Турсуналиева Нуржана Съездовна) телефонунан ала аласыздар.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru