Айбат » Келдибековдун дагы бир жакыны коррупционерби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Келдибековдун дагы бир жакыны коррупционерби?

Келдибеков АхматбекЭкс-спикер Акматбек Келдибековдун буга чейинки ишмердүүлүгүнөн коррупциялык элементтер байкалып, ал боюнча кылмыш иши козголгондон кийин эле артынан жубайы Аида Токтоматованын илимдин докторлугу даражасы жасалма экендиги ашкере болду. Өмүр бою мамлекеттик кызматтарды аркалаган бул үй-бүлө Кыргызстандагы алдыңкы байлардын катарын толуктаары да белгилүү болгон. Ондон ашуун автоунаалар, гектарлаган жер тилкелер, кабат-кабат үйлөр, Ысык-Көл жээгиндеги 14 коттедж, сауналар айтор ушулардын бардыгы бул үй-бүлөнүн мамлекеттик кызматтарда таза иштегенинен күмөн туудурат. Мына ушул иштер аягына чыга электе эле Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун 10-филиалынын дарыгерлери өздөрүнүн жетекчиси А. Пархановдун мыйзамсыз иштери тууралуу, дарыгерлерди жумушка кабыл алууда акча талап кылгандыгы тууралуу билдиришип маалымат жыйынын беришти. Аталган филиалдын 42 кызматкери Саламатыкты сактоо министрлигине, Ош шаардык мэриясына, Ош шаардык прокуратурасына жана УКМКга башкы дарыгер А. Пархановдун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жаткандыгы тууралуу кат жолдошкон. Аталган филиалдын дарыгери Кишимжан Мурзакулованын билдирүүсү боюнча Парханов эмгек жамаатын экиге бөлүп, өзүнө жакпаган кызматкерлерди негизсиз жумуштан алууну улантып келет экен. Ал жетекчи болуп турган эки жылдын ичинде 52 кызматкер жумуштан айдалган. Мына ушундай айыптоолорго байланыштуу иликтөө иштери жүрүп, натыйжада Ош облусу жана Ош шаары боюнча прокуратуранын тергөө бөлүмү тарабынан аталган медицина борборунун 10-филиалында иштебеген адамдарга деле иштейт деп табель түзүлгөнү аныкталган. Мунун өзү кызмат абалынан кыянаттык менен ачык эле пайдалануу болуп саналат. Ага байланыштуу дагы кылмыш иши козголгон. Андан сырткары дагы аталган филиалда 148 миң сомдук зыян келтирилген деп тергөө иши жүрүүдө. Тактап айтканда студенттер рентгенден өтүүдө 20 сомдон беришет. Ал акчалар поликлиниканын счетуна түшүүсү керек болчу. Бирок, анын орду жылан сыйпагандай жок болгону белгилүү болду. Азырынча бул боюнча айыптуу катары конкреттүү бир адамдын аты атала элек. Бирок жетекчи катары Пархановдун жоопкерчилиги сөзсүз бар экендигин айта кетели. Кызык, Келдибековдун үй-бүлөсү өздөрүнүн жакын туугандарына катуу «үлгү» көрсөтүшкөнбү? Же булар мамлекеттин акчасын жеке өздөрүнүн каражатындай көрүшөбү?

Айбат гезити №128



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru