Айбат » Аты улук заты супсак уюмдун кереги барбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Аты улук заты супсак уюмдун кереги барбы?

АКОСКыргызстанда “Коррупцияга каршы коомдук көмөктөшүү” деген уюм бар. Бул уюм 2011-жылдан бери иштеп келет. Бирок, түзүлгөнүнө 4 жылдан ашса да булардын бир иш жасаганын көрө элекпиз. Көрсө мындай аты улук, заты супсак уюмду анын жетекчилери каалагандай пайдаланып, бизнеске айлантып алган экен. Алар 2 миңден ашуун адамдарга күбөлүк жасап, аны 6 миң сомго чейин пулдап жүрүптүр. Муну да уюмдун башкармалыгынын мүчөсү Ишенбек Осмонов билдирип чыкты. Күбөлүк алган адамдар аны пайдаланып айрым мамлекеттик кызматкерлерди коркутуп жүргөнүн кандай түшүнсө болот?

Биз билгенден бул уюмдун жетекчиси Кубан Шаршенбаев буга чейин күпүлдөп сүйлөп, акыйкатты гана оозанып келген. Мынтип “дөөдүрсүнбөй” бекер бериле турган күбөлүктү эмнеге сатат десең? Ансыз да өлкөдө уюмдар толуп жатканда бул уюмду жаап салса эле пайда болчудай. Же бир иш кылбаса, өздөрү мыйзамды сыйлабаса. Кандай дейсиз?…

Айбат гезити №128




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru