Айбат » Америка грантын «жегичтер» кыргыз журналистикасына «сабак» өтөбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Америка грантын «жегичтер» кыргыз журналистикасына «сабак» өтөбү?

Александр КимАйлаң кеткенде бардыгына «чын жүрөктөн баары бир» деп кол шилтеп койгуң келет. Бирок, биздин Кыргызстан деп аталган сүйүктүү өлкөбүздүн тагдырына кол шилтей албайт экенсиң. Биздин кең пейилдигибиз, меймандостугубуз, акыр аягы өтө эле жооштугубуз айрым бир Американын казанынан аш аңдыгандардын асмандан издеген «бактысы» болуп чыга келип жатпайбы? «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн тегерегиндеги талаш-тартыштар тууралуу деги эле ооз ачкым деле келбей калды эле. Чокчолой баатырдай көрүнгөн Александр Кимге эле «Уялбагандан өзүң уял», «Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт», «Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат» деген учкул кептерди эсине салып койгум келген. Акыл-эси болсо, мына ушул таасын кептердин таржымалына жакшылап түшүнүп алып, келген ээсинин бээсин берип коет беле дегем да. Антчүдөй эмес. Антүүнүн ордуна кайра өзүнүн катарына айрым ЖК депутаттарын, анан дагы Американын «бакма балдары» болгон бейөкмөтчүлөрдү тарта баштабадыбы? Алар түз эле кыргыз журналисттерине журналисттик стандарттан «сабак» өтөбүз деп чыгышты. Американын «А» тамгасына кыл жугузгусу келбеген бул жергиликтүү «американецтер», т.е. «грант жегич» кыргыздар 2-3 күн мурун эле Александр Кимди катуу коргошуп, КТРК, «Пирамида», «Бешинчи канал» өңдүү телеканалдарды «Американын стандартын бузуп жатасыңар», ой журналисттик стандартты бузуп жатасыңар деп кыйкырып чыгышты. Мына ушинтип кыргыз журналистикасынын короосуна таш ыргытып аткан жергиликтүү «американецтердин» кесипкөйлүгүн караштыра келсек, арасынан бирөө да журналистика жаатынан билим алышпаган болуп чыкты. Анан журналисттерге караганда стандартты укмуштай билишет экен да… Кыргыз журналистикасына алар «Силер мындай жазгыла, андай жазгыла» деп дирижерлук кылып туруулары керек имиш. Баракал-ла! Башыңар башпы, же батыштан келген акчалар ташка айлантып койдубу деген суроону узаткан киши жок. Өздөрү эки сүйлөмдүн башын кошуп жаза албай, анан журналисттерге стандартты үйрөткөндү ким койду десең ээ? Сөздү кыскарта чапсак, мына ушул жергиликтүү «индеецтер», оп-пей «американецтер» А. Ким башында турган топту мындайча колдоп чыгышты: «Май айынын башында КТРК, «Пирамида» жана «Бешинчи канал» телеканалдары «Алдамчылыктагы бизнес» «Вечерний Бишкек» гезитинин «чарбалык талашы» жана анын ээлеринин «истерикалык реакциялары» деген видеосюжетти айлантышты. «Институт медиа полиси» коомдук фонду бул телеканалдар аркылуу таркатылган фактыларга бушайман болгонун билдирди… Бул материалда журналисттик стандарттар одоно бузулган, бир тараптуу болуп калган», – деп жазылат анда. Таң көрү! Кайсыл кесип боюнча адис экендиктери белгисиз АКШ Мамдепинен «азыктангандар» бизге эмнени жазып, эмнени жазбаш керек экенин үйрөтүп атышкандарын карачы! Эмнеге бул жерде алар «Сөз эркиндиги болушу керек экендигин» эстен чыгарышты. Эки сөз сүйлөшсө, анын экөө тең ушул темада болуп келген бул «эксперттер» үчүн Американын обонун «чойсо» гана сөз эркиндиги болобу? Стандарт тууралуу ооз ачышат. Андай болсо, «Вечерний Бишкек» бир тараптуу эле президенттин администрациясын айыптап, фактысы жок эле көөлөп атканда неге журналисттик стандарт тууралуу кеп козгошподу? Же алардын стандарты – эки багыттуубу? «Вечерка» каалагандай шыбай берсе болот, болгондо да бир тараптуу гана, ал эми «Вечерканын» туура эмес кадамдарын сынга алып башкалар жазышса, сюжет көрсөтүшсө, ал бир тараптуу болуп, журналисттик стандартты бузуп калабы? Баш иштейби деги? Же аны жөн эле сулуулук үчүн көтөрүп жүрүшөбү? Же алкымдан ары кете албай турган кайсы бир «грантты» «сиңирүү» процесси жүрүп атабы? Жергиликтүү «американецтер» жергиликтүү кыргызстандыктардын тынчтыгына кол салгылары келип атабы? От менен ойнобош керек го, акыры! Биз түшүнгөн бир нерсе бар. Бул коомдук бирикменин өкүлдөрү «Вечерканын» учурдагы эмгек жамааты менен бир дарактан «мөмөлөгөндөр». Ал дарак – «бакиевдер» деп аталат. Бакиевдер заманы тууралуу алар бир «жүрөктөн» «оорушат». Александр Ким убагында Бакиевдин жардамы менен 49 пайыз үлүшүн 100 пайыз кылып алган болсо, сөз болуп жаткан «эксперттер» Бакиевдин режиминде алар менен бирге болгон. Мисалга Шамарал Майчиев. Ал өз кесиби боюнча юрист болуп туруп, Бакиев маалында башкы медиа-эксперт болуп аталган жана ММК менен бийликтин ортосундагы өз ара карым-катыштын мыйзамдуулугун көзөмөлгө алышы керек болгон. Айтору, Майчиев ал убакта май чайнаган да… Анан ал убакта айрым маалымат булактарына карата кылмыш иштери козголгондо жардам сурап баргандарга «Мен ага аралашкым келбейт» деп акырын гана баш тартып койчу. Эгерде муну калп десе, фактыны алдына жайып беребиз. Менимче калп дей албайт го. Ага ашыкча фактынын не кереги бар эле? Майчиев ошентип май чайнаган кезеңин сагынып, «Вечерканын» обонун созуп атса, «жарандык активистпиз» деген бири «сүрөтчү», экинчиси улуу актер Никулинчесинен соо колун бинт менен тагып алганды жактырган эки жаш жигиттер (Адиль Турдукулов менен Тимур Саралаев) «медиаэксперттер журналисттик стандарттардын одоно бузулганын таап чыгышты. Мына ушуга чара көрүп коюңуздар» деп ММКга даттанууну карай турган комиссияга кайрылышты. Ал эми бул комиссияны ким көзөмөлдөйт дебейсизби? Ошол Майчиев да… Кызык бекен? Чынжыраны атайын түзүп жатышпайбы? Өздөрү жем ыргытат да аны «жарандык активисттер» аркылуу кайра өздөрүнө жем катары алып келишет. Эгерде Турдукулов менен Саралаев билишпесе эскертип коелу, алар кайрылып аткан комиссияда эч кандай укук жок. Майчиев өзү Бакиевдин убагында сөз эркиндигине камкордук көрө албагандан кийин бүгүн ооз ачпай деле койсо болот. Андыктан азыр ал комиссия кайсы бир маалымат булагына барып муштумун кезей турган болсо, аябай «эротикалык» сөгүштү журналисттерден өз кулагы менен угат. Чучугуна жете түшөт. Майчиедин «стандартынын» кыргыз журналистикасына кереги жок экенин ошондо чындап андайт. Америкадан келген акчага Майчиевге окшогондор май чайнап атканы менен, анын арты менен элдин курсагы тоюп жаткан жок. Тескерисинче элдин тынчтыгына бүлүк гана салынып атат. Мына ушуну «эксперттер» туура түшүнүшү керек эмеспи? Баса, айтып коелучу, сөзүбүздү анчалык чое бербей. Жогоруда биз айтып өткөн көрүнүштөрдөн улам АКШнын Мамдепинин «жугундусун» ичкен кыймылдардын кыймылдап атканын биздин УКМК кичине көзөмөлгө алып коюшу керек го? Болбосо булар калп эле кимбир-бирөөгө күйүмүш болуп, укугун коргомуш болуп эле Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө доо кетирчүдөй болуп атышат…

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №128



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru