Айбат » Куйтулардан кутулбасак болбойт. Керт башын ойлогондор коркунучтуу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Куйтулардан кутулбасак болбойт. Керт башын ойлогондор коркунучтуу

01Алты миллион калкы бар биз эмес үлкөн державалардын туу башында турган Россия да өкмөттүк эмес уюмдардын кадамдарына бөгөөт коюуну чечти. Көрсө тынчтыкты болтурбоого тырышкан айрым батыш өлкөлөрүнүн чириген көпөстөрүнүн эсебинен тайраңдагандар тескери гана өңүттөгү шектүү иштерди жасоого кызыктар экен. Алардын алаканына түшкөн жашылбайлар эч убакта элдин жыргалчылыгына сарпталбашы керек тура. Ошентип иликтеп чыгышып, кандай кесепети тийерин туйганда гана коомчулукка коркунуч туудурган өнөкөттүү ооруну токтотууга туура келгени калп эмес. Азыр батыштын камчысын чапкан Гарри Каспаров, Михаил Ходорковский сыяктуу суук тумшуктар бүлүк салууга аракеттенишүүдө. Бирок, баштагыдай каражат оңбогурлардын капчыгына оңой түшпөйт. Анын жашыруун жолун табуу дымактары жаралганы деле түшүнүктүү.

Мындай сабактын пайдалуу экенин баамдаган кыргыз бийлиги да эбактан бери түптөлүп келген “ишмердиктин” сары изине чөп салууну көздөгөнү чуу жаратты. Азуулуу “көк жалдар” тимеле ачуу кыйкырыкты салып бул демократияга карата жасалган муунтуу дешти. Ким эле он төрт саат эркелеп уктаган, кээде гана тополоң салып коюп каалаган нерсесин жасоону көздөбөсүн? Ошол эле Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова, Динара Ошурахунова, Токтакуновдордун итин ким кет деп үркүтүүгө жарады эле. Булар дале болсо демократиянын терисине жамынып бийликти күнөөгө батыргысы келип жатпайбы. Алардын жолоюна түшкөн жаш НПОчулар сабагынан алыс болот деп ким кепил бере алат.

Коомчулук булардын уюмуна түшкөн каражат кайда жумшалаарынан кабардар болбогондуктан анчалык маани бербегени ырас. Тилекке каршы түз бараткан багытты ылайлагысы, батыштын ырын ырдаткысы келген өкмөттүк эмес уюмдардын өлкөгө кереги барбы? Айрым батыштын таасиринен башы айланган депутаттар да кыргыз улутуна кемсинткен кептерди жабыштырганы ээн ооздук эмей эмине? Алардын пикири боюнча маданиятты ошолордон үйрөнүп жатыптырбыз. Биздин улуттук дөөлөттөр буларга сокур тыйынга арзыбайт имиш. Баракелде, парламентте отуруп алып, мамлекеттин казынасынан маянага арзыган Абдрахмановго окшогон депутаттын бизге пайдасы канчалык? Эгер Америка жакса түйүнчөгүн түйүп алып кете бербейби. Барып алып билген намазын тескери карап окуй берсин.

Бейөкмөтчүлөрдүн маселеси парламентте каралгандан бери алардын иши солгундай түштү. Ичи тызылдаган “тың чыкмалар” туш тарапты ызылдатып турганы бекеринен эмес. Айрымдары гейлердин укугун коргоого, кээ бирлери абакта камалган Азимжан Аскаровго жан тартып элдин жинин кашайтууда. Булар үчүн кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгы жүрөгүнөн чийилип ташталган. Өз керт баштарынын ырахаты үчүн гана жашап келишет. Анан кайдагы мекенчилдик тууралуу сөз кыласың?

Айрым билермандар Кыргызстанды орустардын таасиринде калды деп керкейип турушат. Ошол билермандар күчтүү делген Россияга оорчулук келтирип жатса, биз кайда калабыз? Түркүн түстөгү төңкөрүштөрдүн болушуна ушулардын көмөгү тийбеген деп ким коомчулукту тынчтандыра алат?  Күздө болуучу шайлоого да булар бут тосууда. Муну Чолпон Жакупова деген айым шардана кылды. Ал ким экен шайлоону болтурбай койгон? Айтор коркунучка кептөөгө өзүбүздөн чыккан “кыйындар” кызыкдар. Анан кантип ушуларга жан тартууга болот?

Ж.Улукшер

Айбат гезити №128



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru