Айбат » Кыргызстан ЕАЭБке киргенден соң экспорттук потенциалы 20-25 пайызга көтөрүлөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кыргызстан ЕАЭБке киргенден соң экспорттук потенциалы 20-25 пайызга көтөрүлөт

ЕвроАзиялык Экономикалык Союз, ЕАЭС, флагДээрлик акыркы эки жылдан бери карай талаш-тартыштын чордонуна айланып келаткан Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүү маселеси акыры бир өңүтүнө чечилгени маалым. Тактап айтканда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын алдында 8-май күнү Кыргызстан аталган биримдикке кирди. Ал үчүн мамлекет башчылары тиешелүү документтерге кол коюшту. Эми ал келишим парламенттерден ратификацияланышы керек. Мына ошондон кийин Кыргызстандын экспорттук потенциалы бир топ жакшыраары эмитеден эле айтыла баштады. Маселен РФ Мамдумасынын илим жана илим сыйымдуу технологиялар комитетинин төрага орун басары Алексей Чепа «Бизнес жана ЕАЭБ: чакырыктар жана перспективалар» деп аталган форумда «Кыргызстан ЕАЭБга кошулгандан кийин мамлекеттин экспорттук потенциалы 20-25 пайызка көтөрүлөт» деп билдирди. Анын айтымында Кыргызстан айыл-чарба продукцияларын, текстилдик өнөр-жайды өндүрүү жана экспорттоо жаатында атаандаштыкты пайда кылышы мүмкүн. Кыргыз товарларын сатуу рыногунун кеңейиши экономикага узак мөөнөттөгү инвестицияларды тартууга стимул түзөт. Маселен, энергетика, агросектор, транспорттук-логистикалык комплекс тармактарында. «Боолгоолоп эсептөөлөр боюнча Кыргызстан ЕАЭБга кошулуу менен мамбюджетин байкалаарлык көтөрө алат. Бажы пошлиналары жана НДС аркылуу Кыргызстандын бюджети болжол менен 1,5 эсеге көтөрүлөт», – деп баса белгиледи Алексей Чепа. Демек, биз бул биримдикке кирүү менен эң туура кадам жасаган болобуз.

Айбат гезити №128




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru