Айбат » Азыранкулов: Патент системасы документтер ратификациялангандан кийин жоюлат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Азыранкулов: Патент системасы документтер ратификациялангандан кийин жоюлат

Айбек АзыранкуловБул тууралуу эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Евразия экономикалык аймагына кирген өлкөлөрдүн парламенттери документтер топтомун ратификацияласа, мигранттардын патент, экзамен тапшыруу өңдүү маселелери жоюлат.

Ошондой эле Кыргызстандагы окуу жайлардын дипломдору ЕАЭБге кирген өлкөлөр ичинде жарактуу, биримдиктеги башка элдер Орусия жарандары сыяктуу эле ишке орношо алышат. Мындан тышкары биримдикке кирген өлкөлөргө 30 күн эч кандай уруксат кагазы жок эле кирип чыгууга мүмкүнчүлүк берилет.

“Учурда документтерди май айынын аягына чейин колдоп берүүнү Жогорку Кеңештен да, биримдиктеги өлкөлөрдүн парламенттеринен да өтүнүп жатабыз” деди Азыранкулов.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 8-майында расмий кирген.

Булак: «Азаттык» радиосу

Айбат гезити №128




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru