Айбат » Кыргыз тилин бузуп ырдаган Бек Борбиев кыргыз тилине күйөбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргыз тилин бузуп ырдаган Бек Борбиев кыргыз тилине күйөбү?

Бек БорбиевКыргыз эли байыртадан сөз сыйлаган, ага өтө маани берип, орундуу сүйлөгөнгө аракет жасаган эл экени белгилүү. Сөздүн маанисин кетирбей, ага өтө этият мамиле жасаган. Тилекке каршы кыргыз искусствосуна эстрада жанры зымырык куштун ылдамдыгы менен кирип келгенден бери кыргыз сөздөрүнүн кадыры кетти. Мурда «Мен сени сүйөм» дегенди образдуу чагылдырып, керемет сөздөр менен шөкөттөп ырдасак, азыр түз эле ырдай турган болуп калдык. Мындай темп менен бара берсек, жакында төшөк маселесин деле ачык эле ырга айлантууга өтсөк керек. Бул тууралуу айта берсек, албетте өзүнчө узун сабак сөз.

Биздин айтайын дегенибиз ошол жеңил-желпи ырлардын тексттеринде айрым сөздөрдүн мааниси бурмаланып, кээде таптакыр кыргыз лексиконунда жок сөздөрдүн пайда болуп кеткенинде болууда. Мына ушундай «жаңычылдыгы» жагынан эстрада ырчысы Бек Борбиев алдыңкы сапта турат. Маселен, анын «Өзүңө өзүм за-ар, көздөрүңө көздөрүм за-ар» деген саптары бар ыры ырдалып келет. Биз түшүнүп атабыз – ал «зар» деп айткысы келип атканын. Бирок, ырдалып атканда мааниси башкача кетип атканын кайда жашырабыз? «Заар чачып» атпайбы? Дагы бир мисал, анын акыркы ырларынын бири – «Уулуң мага окшогон, мен да ага окшоном» деген саптары менен «шөкөттөлөт». Эми «окшоном» деген сөздү кайсыл тилден алып кошуп койгонун эч ким билбейт. Жөн эле уйкаштык кубалап ырдай берсе болобу? Мына ушундайча кыргыз тилин бузуп ырдап аткан ырчы кыргыз тилине күйүп аткандай түр көрсөтсө күйбөгөн жериң күл болот экен.

Жакында эле ал «Мегаком» компаниясынын өзбек тилинде да тейлөө кызматын жүргүзүп атканына каршы акция уюштура турган болуп, кайра анысынан баш тарткан. Бирок, анын фейсбук баракчасына жарыя кылган билдирүүсү кеңири талкууланып, улут аралык араздашууга себеп түзө тургандай кырдаалды жаратты. Эгерде кыргыз тилине күйсө, анда Бек мырза адегенде өзү кыргыз тилин бузбай ырдашы керек. Андан кийин башкаларга акыл үйрөтсө жарашат. Бул бир. Экинчиден, башка тилдерде кызмат көрсөтүү Кыргызстанда эле эмес, башка мамлекеттерде деле бар. Маселен, Россияда уюлдук компанияларда тажик тилинде кызмат көрсөтүү бар. Бирок, ага орустар каршы чыгып деле убара болушкан жок. Бул жөн гана кызмат көрсөтүү. Ал эми өзүбүздүн мамлекеттик тилибизди өнүктүрүү үчүн биз адегенде маданият тармагындагыларды тарбиялашыбыз керек. Ошолор кыргыз тилин бузбай ырдашса, салмактуу чыгармаларды жаратышса, келечек муунга тарбия бере тургандай болсо, анан тилибиз өнүгөт. Бек мырзанын алдыдагы парламенттик шайлоого «Бир бол» партиясы аркылуу аттанууну көздөп атканын жакшы билебиз жана түшүнөбүз. Бирок, элге жагынуунун мындай ыкмасы мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө гана доо кетирет.

Айбат гезити №128




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru