Айбат » Ырчы Бек Борбиев кимдин буйрутмасын аткарып жатат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ырчы Бек Борбиев кимдин буйрутмасын аткарып жатат?

Кыргызстандагы ири уюлдук операторлорунун бири MegaCom компаниясынын кардарларды тейлөө тармагындагы өзбек тилиндеги билдирүүнү алып салуусун талап кылган кыргыз ырчысы Бек Борбиев жалпы элди 15-майда компаниянын башкы кеңсесине чогултаарын жар салган. Бирок көп өтпөй ал акциясынан кайтканын билдирген.

5-май күнү кыргыз эстрада жылдызы Бек Борбиев өзүнүн фейсбуктагы жеке баракчасына Кыргызстандын мамлекеттик уюлдук оператору болгон MegaCom компаниясынын, тейлөө тармагындагы өзбек тилин алып салбаса, компанияга каршы акция өткөрөөрүн жазып чыккан. Ал тейлөө тармагындагы өзбек тилин алып салууга убакыт берип, эгер аткарбаса 15-майда элди MegaCom компаниясынын башкы кеңсесине чогултаарын билдирген. Көп өтпө компания тарабынан жооп болуп, Кыргызстандагы көп улуттун ичинен өзбек улутундагы Кыргызстандын жарандарынын көп экенин эске алуу менен, улут ортосундагы келишпестикке алып келе тургандыгын билдиришкен. Каарданган ырчы бүткүл Кыргызстандын аймагынын элин көтөрүп   MegaCom компаниясына каршы акция өткөрөрүн билдирген. Көп өтпөй эле акцияны токтоткондугу тууралуу маалымат билдирүү берген Бек Борбиев мырзанын бул ишин көпчүлүк түшүнбөй маң. Ал эми жарыяланып кайра артка алынган жарыяны ырчы улуттар аралык кагылышууга алып келгени жатат деген ушактар жүрүп кеткендигине байланыштуу алып салдым десе, айрымдар бул ишти кадимки атаандаштык тапшырык менен чыгарылышы мүмкүн деген пикирлерин билдиришүүдө. Албетте казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса дечи бирок, ырчынын бул кадамы колдоого аларлык беле же тескерисинче кече жакында эле басаңдаган улуттар ортосундагы кагылышууларга жол ачып бермекпи аны айтуу кыйын. Дагы бир кызык жагдай 5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынган күнү. Мына ушул күндө тактап айтканда ошол эле конституцияда тил боюнча төмөнкүдөй мыйзам жазылган. «Кыргыз Республикасы демократиялык мамлекет болгондуктан улуттар аралык биримдикти чыңдоо максатында, башка улуттун тилдерине шек келтирүүгө жана алардын тилин басмырлоого, кемсинтүүгө мыйзам жол бербейт. Себеби жалпы улуттун укугу бирдей сакталышы керек» Бул жобону ырчы окуганбы же жокпу аны айтуу кыйын. Жалпысынан алып караганда Бек мырза компаниянын кардары болсо болбой коюууга укугу бар эмеспи, бирок анын ишмердүүлүгүн жөнгө салууга эч кандай укугу жок болчу керектигин эсинен чыгарса керек. Коммерциялык тармакта иштеген ишкана эмес жеке соодагер болсо да, анын негизги максаты соода кылуу – бюджетке көбүрөөк салык төлөө, ал үчүн кардарына ынгайлуулуктуу түзүп берүүгө ишкана милдеттүү, мындай эреже менен  MegaCom компаниясы да иштеп келет. Ал эми тейлөөнү жакшыртып кардарлардын купулуна толу үчүн көп тилде кардарларына кызмат көрсөтүү, Кыргызстанда MegaCom эле эмес, башка компаниялар да тээ илгертен эле көргөзүп келишет. Анткени бизнес бар жерде атаандаштык деген болуусу абзел.  Абоненттерге уюлдук оператор маалыматты сага ушул тилде кызмат көрсөтөбүз деп зордобойт, кайсыл тилде тейлөөнү кааласа, ошол тилде маалымат алууну абонент өзү тандайт. Бирок талапка жараша, ишкана кайсыл тилде кардарына кызмат көрсөтүүнү өзү тандайт. Бул дүйнөлүк практика. Мисалы көптөгөн мейманканалар, авиакомпаниялар, уюлдук операторлор, бир нече тилде кызмат көргөзүшөөрүнө баарыбыз эле күбө болуп келебиз. Андыктан бул жагын да эске алуу керек. Башкасын айтпаганда да кыргызга аттын кашкасындай таанымал ырчы эң жөнөкөй ушул маселени ушунчага көтөрүп чыгышына эмне себепкер болду абдан таңкалыштуу. Ал эми анын мындай кадамына укук коргоочулар кандай карайт деген сурообузга жооп издеп да көрдүк.

 

Азиза АбдрасуловаАзиза Абдрасулова,
«Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси:

«Бек Борбиевге бул ырды ырдаба, тиги ырды ырда деп талап кое албагандай ырчы компанияга да талап кое албайт»

- Ырчы Бек Борбиевдин талантын сыйлайм, албетте ар бир адамдын тынчтык пикет митингине чыгуу укугу бар. Бирок талап негиздүүбү же негизсизби эң башкысы болуп эсептелинет. Себеби ырчынын чакырыгы өзүнүн конституциялык укугу болгону менен башкалардын укугун тебелеп жаткандыгын эске алыш керек. Анткени бул улут аралык дискриминацияга жол бербөө зарыл. Ал эми MegaCom компаниясы бул соода сатык ишин англис тилинде жүргүзөбү же орус тилинде жүргүзөбү бул өз иши. Маселен мен Бек Борбиевдин концертине барып калсам, ага бул ырды ырдаба, тиги ырды ырда деп талап кое албайм анткени башка бирөөлөргө мага жакпаган ыр жагышы толук мүмкүн. Демек мына ушул сыяктуу эле ырчы бул жаатта жөн гана койсо болмок. Жакпаса башка мобилдик операторду тандап ала берсе маселе чечилмек. Дагы өз убактысында түшүнүп сөзүн кайра артка алганы үчүн сиздердин гезит аркылуу мен ыраазычылык билдирем.

 

Өндүрүш ТоктонасыровӨндүрүш Токтонасыров,
укук коргоочу:

«Ырчы аны коюп Бакиевдердин тоюна эмнеге барып ырдаганына жооп берсин»

- Ырчы Бек Борбиевдин мындай кадамы өтө опурталдуу маселе, эгер ырчы убагында токтотпогондо улуттар аралык кагылышууга алып келиши толук мүмкүн эле. Мыйзамда MegaCom  компаниясынын тейлөө тармагы кыргыз тилинде гана жазылыш керек деп жазылса анда башка кеп. Анан коммерциялык багытта иштеп жаткан компанияга элди минтип тукуруусу жакшы эмес. Ырчы аны коюп Белоруссияга барып элдин канын төккөн Бакиевдердин тоюна эмнеге барып ырдаганына жооп берсин. Туура кимге ырдайт ал өз иши. Бирок мамлекеттик сыйлыкты  алган соң мамлекеттин кызыкчылыгын да ойлошу керек. Анын сыңары компаниянын ишине да кийлигишпесин.

 

акунТурсунбек Акун,
«Адам укугу» партиясынын лидери, укук коргоочу:

«Биротоло 15 күн ачкачылык жарыялап койсо болмок»

- Талантын сыйлайм а бирок кичи пейил жигит эмес. Ал эми анын бул чыгарган жарыясын окубаптырмын. Бул маселе анчейин кооптуу эмес бирок, ал маанилүүбү же маанисизби мына ошондо. Токтотуп койгон экен, митингден көрө биротоло 15 күн ачкачылык жарыялап койсо болмок. Кичинекей мен деле эч нерсе болбогон көлөмдүү Бек бир нерсе болмок беле. Ачкачылык жарыяласа мен барып акыбалын сурап кетмекмин. Бирок алар жарыялабайт да.

Акмат РААТКАН




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru