Айбат » «Азия MIX»: Кийинки оюндарда өнүккөн Азияны көрсөтөбүз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » «Азия MIX»: Кийинки оюндарда өнүккөн Азияны көрсөтөбүз

Азия MIXКыргызстандын «Азия MIX» КВН командасынын капитаны Элдияр Кененсаров, команданын жетекчиси Камила Абдил жана мүчөлөрү бүгүн, 22-апрелде АКИpress агенттигинде маалымат жыйын өткөрүштү.

Команданын капитаны белгилегендей, «Азия MIX» КВН командасы 2013-жылдын КВН Жогорку лигасында татыктуу оюн көрсөтүп, 4-орунду алды. «Курама команда жарым финалга өткөн жок, бирок команда үчүн Жогорку лигада башка профессионалдуу командалар менен ат салышуу жана Жогорку лигага чыгуунун өзү эле баалуу тажрыйба», – дейт команда мүчөлөрү.

«Биз муну позитивдүү, баштапкы кадам катары кабыл алдык. Кийинки сезондогу КВНдин Жогорку лигасында жаңы күч, жаңы дем менен чабуул коебуз», – деди Э.Кенесаров.

К.Абдил билдиргендей, Жогорку класстагы атаандаштардын болушу аларды Москвада канчалык олуттуу кабыл аларын көрсөттү. «Биз Жогорку лиганын он командасынын бири болуп калдык. Алардын баары Юрмалада ушул жылдын 20-23-июль күндөрү өтүүчү Жогорку лигага чакыруу алышты. Биздин команда үчүн баары алдыда. Биз ал оюндарда акылдуу, заманбап, позитивдүү, өнүккөн Азияны көрсөтөбүз. Ошондой эле бизге тынчсызданып, колдоо көрсөткөн жалпы кыргызстандык күйөрмандарыбызга, демөөрчүлөргө жана ЖМК өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиребиз», – дешти алар.

Азыркы тапта, «Азия MIX» командасынын планында Кыргызстандагы «Ала-Тоо» биринчи расмий лигасын өнүктүрүү турат. Элдияр Кененсаров аталган лиганын президенти жана редактору, ал эми «Азия MIX» курама командасы лиганын оюндарына Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикистандын командалары менен биргеликте катышмакчы




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru