Айбат » Чолпон Султанбекова, ЖК депутаты: “Энелерге дайыма сый көрсөтүп турушубуз керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Чолпон Султанбекова, ЖК депутаты: “Энелерге дайыма сый көрсөтүп турушубуз керек”

Чолпон Султанбекова- Чолпон айым, президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен май айынын акыркы жекшембиси энелер күнү деп жарыяланган. Бул саамалыкка пикириңиз кандай?

– Мен мындай демилгени колдоймун. Энелердин күнүн май айынын үчүнчү жекшембисине белгиленгени жакшы жышаан. Биз мындай ишти колдошубуз керек. Жеке өзүм да Энелер күнүнө карата 19-майда Кадамжайда майрам уюштуруп жатам. Анда энелер катышып ырдап-бийлеп, жаштарга өз кеңештери жана тажрыйбалары менен бөлүшүүгө шарт түзүлөт. Учурдан пайдаланып баардык Кыргызстандагы апаларды бул майрамы менен куттуктаймын.

- Буга чейин Кыргызстанда 8-мартта гана айымдарга көңүл бурулуп келгени белгилүү. Президенттин жарлыгы менен май айында энелер күнүн белгиленишин кыргыз аялдары кандай кабыл алып жатат?

– Негизи апаларга жана жалпы эле айымдарга күндө майрам тартууласак да аздык кылат. Бейиш энелердин таманынын астында дегендей эле энелерге дайыма сый көрсөтүп турушубуз керек. Менин оюмча бул майрамды ар бир эле аялзаты кубануу менен кабыл алса керек.

Айбат гезити №128



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru