Айбат » Меңди Мамазаирова, Кыргыз эл акыны: “Аялдарды, энелерди ойлогон бийлик бар экен деп кубанып калабыз”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Меңди Мамазаирова, Кыргыз эл акыны: “Аялдарды, энелерди ойлогон бийлик бар экен деп кубанып калабыз”

Эне жана президент- Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен май айынын акыркы жекшембиси энелер күнү деп жарыяланган. Бул саамалыкты сиз колдойсузбу?

– Албетте, колдойм. Бул боюнча өткөн жылы дагы телевидениеге өз оюмду айткан болчумун. Негизи азыркы биздин заманда турмуштун оор түйшүгү көбүнесе аялзатына түшүүдө. үй тиричилигинде да, базарга чыгып соода кылууда да аялзаты алдыңкы орунда болуп атат. Мамлекеттик жумуштарда да аялдардын өзүнүн татыктуу орду бар. Негизи эле турмуштун арабасын тартууда энелердин орду чоң. Андыктан атайын энелердин күнү белгилеп, аларды сыйлап койгону кубанычтуу көрүнүш.

- Бул жылы да аталган майрам өзгөчө шаң менен өткөнү турат. А.Атамбаевдин жеке демилгеси менен Орусиянын белгилүү жылдыздары концерт тартуулайт экен. Мындай аракет менен түгөнбөгөн түйшүктүү айымдардын бир аз да көңүлүн алып коюуга болобу?

– Энелердин түйшүгүн албетте азайта албайбыз. Бирок, көңүлүн көтөрө алабыз. Эненин көңүлү көтөрүлсө, маанайы жаркып турса, тынчтыктын, бакубатчылыктын белгисиндей болот. Түйшүгүбүздү азайтышпаса да, көңүлүбүздү көтөрүп коюшса, энелерди ойлогон дагы бийлик бар экен деп кубанып калабыз да…

Айбат гезити №128



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru